Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:37

Аба ырайы: 14-апрелде Кыргызстанда ала булут каптап турат


Синоптиктердин кабарлоосуна караганда, 14-апрелде Кыргызстанда ала булут каптап турат. Айрым аймактарда жамгыр жаайт. Тоолорго кар түшөт. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жеткен сыдырым жел жүрөт. Ысыккөл акваториясында шамалдын ылдамдыгы 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн +7…+12, күндүз +16…+21 градус.
Таласта түнкүсүн +6…+11, күндүз +15…+20 градус.
Баткен облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +15…+20 градус болот.
Жалалабат, Ош аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +17…+22 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17 градус.
Нарын жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +10…+15 градус.
Бишкекте ала булут каптап турат. Күндүз жамгыр жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +9...+11, күндүз +18…+20 градус.

Күндүн узактыгы: 13 саат, 19 мүнөт.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG