Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:16

Элдик курултай койгон талаптар аткарылбаса, оппозиция нааразылык чараларына камылгаларды баштаганы турат. “Акыйкат үчүн” кыймылы курултайда --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/9D5068E5-F121-4519-B059-333F842953CC.asp кыргыз-казак чегарасы, төрт пансионат боюнча парламент бекиткен эки документке кол койбоого президент Курманбек Бакиевди чакырган. Оппозиция муну курултай бийликке койгон башкы талаптардын бири деп саноодо. Бул аралыкта бийлик өкүлдөрү 12-апрелде өткөн элдик курултайды мыйзамсыз жыйын катары баалоодо.

Оппозиция уюштурган 12-апрелдеги элдик курултай 2007-жылдын 21-октябрындагы референдумду, 16-декабрдагы парламенттик шайлоону мыйзамсыз деп, ага башкы күнөкөр катары БШКны таратып, кайра түзүүнү, айыптууларды жоопко тартууну, кысым көрсөтүүлөрдү токтотууну, стратегиялык тармактарды менчикке сатууну чукул токтотууну, кыргыз-казак чегарасына, төрт пансионатка байланышкан документтерди бекиткен Жогорку Кеңештин мыйзамына кол койбоону президент Курманбек Бакиевден талап кылды.

Оппозициянын мындай талабы өз кезегинде бийлик өкүлдөрүнүн сынына кабылууда. Маселен, адилет министри Марат Кайыпов талаптар эле эмес, элдик курултайдын өтүшү легитимдүү күчкө ээ эмес дейт. Мунун себебин министр “Курултайды өткөрүү тартиби жөнүндө” мыйзам иштелип чыга электиги менен негиздеди:

- “Курултайды өткөрүү тартиби жөнүндө” мыйзам кабыл алгандан кийин анан чечимдерин аткаруу жөнүндө сөз кылсак болот эле да. Курултайды чакыра коюп эле, анан бүткүл элдик курултай дегенге да мен ынанбайм, кыргыз эли да буга ынанбайт, ишенбейт. Ким ишенет? 12-апрелде өткөн курултайга бүткүл кыргыз элинин көйгөйүн, таламын талашкан кишилер келди деп ким ишенет?

Министр Кайыпов оппозиция мыйзамсыз иш чараларды уюштуруп, ал аркылуу элдик курултай деген мыйзамдуу институттун кадырын кетиргени калды деди. Муну кыймылдын координаторлорунун бири Аликбек Жекшенкулов мамлекеттик кызматкерлердеги саясий маданияттын жоктугу катары баалады. Анын айтымында, Конституциянын 23-беренесинин 2-пунктундагы жобо оппозицияга курултай өткөрүүгө толук укук берет. Кыймылга мүчө “Асаба” партиясынын лидери, экс-депутат, экс-баш прокурор Азимбек Бекназаров минтип кошумчалады:

- Конституция күчүндө турат. Эгер мыйзамы жок болсо Конституция түздөн-түз колдонулат. Аны Марат Таштанович деле жакшы билет. Бул конституциялык норма. Элдик курултай болот. Бул жарандардын укугу. Мына кечээ эки-үч миң киши чогулду, ошол кишилердин укугун да Кайыпов сыйлашы керек.

Элдик курултайга байкоо жүргүзгөн саясатчылардын бири, Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын мүчөсү Жусупжан Жээнбеков оппозицияга бийликтин душмандай мамиле кылышына каршы. Анын көз карашында, оппозициянын сунуштарында да бийлик эске ала турган жөндүү жактар бар:

- Оппозициянын тезистери менен таанышкан жокмун. Силердин радиоңордон эртең менен уктум, Өмүрбек Чиркешовичтин “программа жок” деп сүйлөгөнүн уктум. Кээде макул болосуң, мына 2004, 2001-жылдардагы Аскар Акаевдин программасы менен иштеп атпайбызбы. Ошол келишимдерди ратификация кылып берип атпайбызбы. Макул болуш керек оппозициянын анча-мынчасына. Президент деген элдик да. “Ак жолдун” президенти эмес да.

Президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиев оппозициянын талаптарын негизсиз деп эсептеп, анын ичинде чегарага, пансионатка байланыштуу 2001-жылдан бери келаткан маселенин чечилишин мезгилдин талабы деди:

- Алдыга жылыш керек болчу. Бул жерден биз эч кандай уттурган жокпуз.

Ошентип, оппозиция да, бийлик да өз позицияларында кала берүүдө. Талаптарга бийлик маани бербей койгон шартта жарандык баш ийбөөчүлүккө барарын, митингдерди уюштурарын оппозиция курултайда билдирген эле. Бирок талаптарды аткарууга бийликке мөөнөт чектелген эмес. Азимбек Бекназаровдун айтымында, башкы талаптар аткарылбаса, нааразылык чаралары жакынкы аралыкта башталышы да ажеп эмес. Муну саясатчы 11-апрелде парламент бекиткен кыргыз-казак чегарасы боюнча келишимге жана төрт пансионатка байланышкан макулдашууга байланыштырды:

- Каркыра боюнча президент кол коюп салса мөөнөт бүтөт. Биз ратификациялаган мыйзамга кол койбосун деп талап кылбадыкпы. Кол коюп койгондон кийин мөөнөт бүттү да. Конкреттүү аракеттер башталат.

Президент Курманбек Бакиев Жогорку Кеңеш кабыл алган тарыхый эки мыйзамга кол койгон-койбогондугу тууралуу маалымат таратыла элек. Байкоочулар болсо президент аларга Казакстанга расмий сапарга чыгаар алдында кол коерун болжошууда. Мамлекет башчысынын Астана сапары 17-апрелде башталаары мурда маалымдалган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG