Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:48

ЮНЕСКОнун жаамы дүйнөлүк мурас тизмесине Кыргызстандагы 6 маданий-жаратылыш эстеликтеринин ичинде Сулайман тоосу да бар. Эларалык уюм эгер Сулайман тоонун табигый көрүнүшү сакталып калса дүйнөлүк маданий-жаратылыш эстеликтеринин катарына кошууга макул. Бирок да ыйык тоонун бооруна арканжол салынып, жанында бийик имарат курулуп калса тизмеге кирбей каларын эскертүүдө.

ЮНЕСКО маселелери боюнча кыргыз өкмөтүнүн улуттук комиссиясынын башкатчысы Жыпар Жекшеев Сулайман тоосуна арканжол салуу кайсы бир таасирдүү төбөлдөрдүн экономикалык кызыкчылыгынан чыгууда деген пикирде. Арканжол салынса ансыз да кыртышы борпоң тоонун кейпи кетип, анын чокусу оюн-зоок жайына айланып калышы ыктымал. Сулайман тоосу дүйнөлүк эстеликтер тизмесине кирип калар чакта олуттуу деген тоскоол ошентип арканжолдон чыгууда.

- Теңирден тескери айрым бир жергиликтүү чиновниктердин күнүмдүк кызыкчылыктарынын туткунуна түшүп калып жатабыз. Күнүмдүк дегеним коммерциялык жеке кызыкчылыгын көздөгөн адамдар чыгып, “Сателлит” деген фирма менен сүйлөшүп алышып, ыйык Сулайман тоого арканжол салабыз деген аракеттерди жүргүзүп жатышат. Эгер аларды таасирдүү бир чиновниктер колдобосо мынчалык чыга албайт эле, - деп маалымдады Ж.Жекшеев.

Ыйык тоонун коммерциялык кызыкчылыктардын садагасына чабылып кетиши ыктымал экендигине кабатырланганын Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Тарых институтунун директору Жеңиш Жунушалиев да ырастады.

- 2000-жылы 6 объектти киргизүү сунушталган. Булар Сулайман тоо, Өзгөн, Шах-Фазил, Чолпоната, Бурана жана да Саймалууташ. Бул биздин экинчи аракетибиз. Биринчи жолу адистерди катыштырбай, Тарых институтун кошпой тизмеге Чолпонатаны гана беришкен. Аны карабай туруп эле четке кагышкан. Себеби өтүнүчтү адистер жазышкан эмес. Экинчи аракетти – Сулайман тоону бизге беришкен. Арбын иштер жасалды. Талап кылынчу документтердин баары даярдалган.

Ж.Жунушалиевдин ырасташынча, ЮНЕСКО тоого арканжол салынбашын, ага улай көк тиреген имараттарды курууну токтотууну, ошондой эле тоону бузбай сактоо кепилдигин мамлекеттин өзүнө алышын талап кылууда.

Улуттук илимдер академиясынын Тарых институтунун улуу илимий кызматкери Бакыт Аманбаева Сулайман тоого арканжол салуу боюнча өкмөттүн, маданият министрлигинин так позициясы жоктугун жарыя кылды:

- Апачык эки анжы саясат жүргүзүлүүдө. Биз болсо Парижге арканжол курулушун токтоттук деп жазып жатабыз, а бул жакта болсо “Сателлитке” техникалык документтерди даярдоого уруксат берген жыйын өткөрөбүз. Эми алар болсо президенттин өзүнчө жарлыгы, мамлекет кепилдигин сурашууда.

Ошентип Сулайман тоосун ЮНЕСКОнун дүйнөлүк баалуу мурастар тизмесине киргизүү аракети көптөн бери кеп болуп келаткан арканжолдун айынан так чечилбей көктө асылып турат. Бул маселе тууралуу пикирин сурап, Ош шаарынын тургуну, Оштогу медиаресурстар борборунyн жетекчиси Максуда Айтиевага кайрылдык. Анын пикиринде, эгер тоого зыян келбесе арканжол курулуп калса, Сулайман тоого зыяратка чыкчу кары адамдарга кыйла жеңил болор эле:

- Тоонун түзүлүшүн бузбай турган болсо, ошондой технология менен курулса мен андай арканжолго макул элемин. Менин карыган апам бар. Чоң энелерим бар. Алар тоого келишет. Алып барасың, Бабурдун үйүнө жетет элем деп көздөрү төрт болот. Чыга албай, бирок кеткиси келбей ошол музейдин жанындагы жерде 2 – 3 саат отурушат.

Дүйнөлүк баалуу эстеликтер катарына кирчү Сулайман тоонун боорунда социализм доорунда мурдагы үңкүргө тарыхый музей имараты курулган, тоону курчаган темир тосмолор коюлган, тоо бооруна жоон темир түтүктөр жаткырылган. Адистер алардын баары алынып, тоо илгерки кейпинде болушу керек деген пикирде.

Сулайман тоону улай чөккөн нардай алыстан көзгө урунчу Керме тоо боорундагы таш сүрөттөрдүн да кейпи кетип, жаңы заман бүлгүнчүлөрүнүн аракетинен жоголуу коркунучунда турат.
XS
SM
MD
LG