Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:41

Учурда жаз жарышы башталды. Бир катар дыйкандар --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/E0C9360C-895E-4289-90D4-185E4C836EA0.asp ундун кымбаттап кетишинен улам дан эгиндерин айдоого дилгирленип жатышат. Бирок күйүүчү майдын кымбаттыгы, үрөндүн өксүктүгү элеттиктердин кендирин кесүүдө. Көпчүлүк фермер, дыйкандар өкмөттөн келээр көмөккө көп деле ишеним артышкан жок.

Майрамбек Шабраевдин Нарын районундагы Көрбулак жер тилкесинде 15 гектар жер аянты бар. Быйыл ал сорттуу үрөн алып, үрөн чарба түзмөк, бирок умтулган максатына жетчүдөй эмес:

- Кайра бөлүштүрүү фондунан 15 гектар жерим бар. Быйыл жакшы үрөн алып, үрөн чарбасын түзөйүн дегем. Элге дагы жакшы үрөн берейин деп ойлоп жаткам. Быйыл жакшы үрөн беребиз дешкен, бирок жакшы сапаттуу үрөн жок. Жогору жактан угуп жатабыз бергиле деп жатат. Ал эми төмөн жакка келгенде ошол сөздөр аткарылбай калат. Күйүүчү майды 29-30 сомдон алып жатабыз. Май берип жатабыз дейт, бирок ал май бизге келген жок.

Майрамбек Шабраевге Нарын районундагы Эмгекчил айылынын тургуну Осмонкул Тукеевдин пикирин окшош:

- Пассеттин үрөнүн базардан көрүп келдим. 32 сомдон экен. Аны тазаласа 50 пайызы чарына чыгып кеткидей экен. Тазасы болсо 45 сом деп турат. Буудай үрөнү болсо 18 сом экен. Чынын айтканда айдаш кыйын болуп турат. Күйүүчү майдын бир литри 30 сом болуп кетпедиби.

Нарын районундагы Эмгекчил айылынын ардагери жер айдоого аргасыз:

- Менин аты-жөнүм Мамытов Акиш ижарага 2 гектар жер алгам. Ошону эптеп айдайм быйыл. Айдабай койгондо болбойт. Ун кымбат болуп кетти. Ошон үчүн айдаш керек.

Ал эми ушул эле Эмгекчил айылынын тургуну Сталбек Тентимишов 4 гектарды айдап себүүгө даярдыгы шайма-шай:

- Таза үрөн бар. Майды алдык. Баары даяр, кудай буюрса суу келсе эле сугарып туруп айдайбыз. Эки гектарга буудай, эки гектарга арпа айдайм деп турам.

Нарын районундагы Алыш айыл башчысы Таалайбек Ибраев быйыл айдоону эки эсеге көбөйткөнгө мүмкүнчүлү бар деп билдирет:

- Жер айдоого тракторлор бар. Күйүүчү майды болсо мамлекет беребиз дешкен. Мамлекеттен бөлүнгөн. Былтыр 67 гектар жерге дан эгиндери эгилген. Быйыл мындан да эки эсеге айдайбыз. Элдин даярдыгы бар. Эл мамлекеттен жардам күтпөй эле өзүн-өзү каржылап калышты.

Атбашы районундагы Акмуз айылынын тургуну Калыбек Арабаев мамлекет тарабынан берилүүчү күйүүчү майлар ортомчулар колунан сатылып кетет деп санаркайт.

- Мындай учурлар дайыма эле кайталанып турат. Мына күзүндө 2007-жылы эгинди оруп жыйууда дагы ушундай болуп май келбей калып, анда дагы Ысыккөл облусу менен Нарын облусунун дыйкандары күйгөнбүз. 28-30 сомдон май алып. Эми дагы биз 28 сомдон май алып, жер айдап алгандан кийин дагы келип, аны орто жердеги чиновниктер пайдаланып саттырганы өңдөнүп турат.

Нарын облусунун губернаторунун биринчи орун басары Мирадил Бакашов мамлекет тарабынан берилген күйүүчү майлардын баасы 23 сомдон ашпагандыгы жөнүндө мындай деп айтты:

- Бүгүнкү күндө май Балыкчы шаарына келип түштү. Балыкчыдан биз 300 тоннаны тартып алдык. Баасы 20 сом 50 тыйындан. Транспорт чыгымдары кошулат. Албетте, ал ар бир райондун өзүнүн жолунун алыстыгына карата бөлүнөт. Кочкор району боюнча мисалы, 22 сом 50 тыйындын тегерегинде болот. Ал эми Акталаа районунда болсо, 23 сомго жетип калышы мүмкүн. Жалпысынан алганда облус боюнча 23 сомдон ашпайт.
XS
SM
MD
LG