Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

М.КОНГАНТИЕВ: “УЮШКАН КЫЛМЫШТУУЛУК МЕНЕН КҮРӨШТҮ КҮЧӨТТҮК”


Маектешкен Аманбек Дилденбай, Бишкек Ички иштер министри Молдомуса Конгантиев “Азаттык” үналгысына маек куруп берип, мамлекеттик автоинспекция --> http://www.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/02/B3287163-CF22-44B0-8541-AB98C9DAE61D.asp кызматындагы реформалар, журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш ишинин жүрүшү жана өлкөнүн аймактарына жасаган сапары тууралуу айтып берди.

-Маалыматка караганда, күнүгө жол кырсыгынан адамдардын каза болгондугу көбөйүп жатат. Мамлекеттик автоинспекция кызматын жакшыртуу боюнча кандай иш чара көрүлүп жатат?

-Көбөйүп жатат деген сөз менен мен макул эмесмин. Үч айдын ичинде президентибиз дагы абдан катуу тартиптерди коюп жатат. Биз да абдан көңүлүбүздү ушул жол кырсыктарына койдук. Анан шаарыбыздагы, борборлорубуздагы базарлардын тегерегиндеги жол кырсыктары бир аз азайды деп айтып кетишим керек.

Ошону менен бирге эле жараат алган өлүмгө байланышкан фактылар да азайды. Биз бүгүнкү күнү бир тажрыйбага өттүк. Мына мен 10-марттан 31-мартка чейин 20 жыйырма күнгө облустардын МАИлерин башка облустун МАИлери менен алмаштырып иштеттик. Ушундай тажрыйбага өтүп иштеп жатабыз. Себеби жергиликтүү МАИлер тааныш-билиш болуп кетпесин деген ой менен. Ошондо 10 миңден ашык укук бузуу көбүрөөк катталды десек болот. Ичип алгандар андан көп түштү. Ош шаарында бир күндө эле 440 ашык машине авто унаалар токтотулуучу жайга коюлду. Ар кандай тартип бузуу менен.

Мына бүгүн Ош шаарында, Өзгөн шаарында чоң-чоң базарлар бар. “Карасуу”, “Жалалабат”, “Кочкората” сыяктуу. Чүйдө болсо “Ош” базары, “Азамат”, “Дордой” соода базарларындагы жолдорду бир аз тартипке келтирип койдук десек болот. Эрежелер боюнча жаңы тартиптерди жазып, өкмөт үйүнө киргиздик. Андан тышкары Жогорку Кеңешке депутат Рашид Тагаев киргизип жатат.

Айыптарды көтөрүү боюнча административдик кодекске өзгөртүүлөрдү киргиздик. Айыптарды көтөрбөсөк бүгүнкү күнү ар бир айдоочу жол эрежелерин сактабай калды.

-Молдомуса мырза, эми уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү кандай жүрүп жатат?

- Бир топтон бери Жогорку Кеңеште учурда жаңы мыйзам каралып жатат. Ошол уюшкан кылмыштуулук боюнча. Комитеттерден каралып өттү. Буюруса ошол мыйзам ишке ашса, уюшкан кылмыштуулук боюнча бир топ ооздуктоо болот. Себеби, эгер ошол адам уюшкан кылмыштуулуктун мүчөсү болуп калса, сот чечим чыгарып бериш керек. Мен ойлойм абдан бир жакшы жумуштар болот.

-Оштогу көз карандысыз журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши аягына чыгып калдыбы?

- Президентибиз дагы ушул буйрутма адам өлтүрүүлөр кылмыштуулугу боюнча абдан катуу көзөмөлдү кармап турат. Менден күндө сурап турат десем болот. Мен келгенден кийин Саипов жана башкалардын өлүмү боюнча өзүмдүн текшерүүмө алып, иштерин кайра жандандырып жатабыз. Ар бири боюнча өзүнчө топ кылып жатабыз. Ошол топ бүгүнкү күндө иштеп жатат.

Саипов боюнча интернеттен “иши токтотулган” деп окудум. Бул туура эмес маалымат. Саипов боюнча абдан катуу, күчөтүлгөн иш жүрүп жатат. Биз азыр бүгүнкү күндө Казакстан, Өзбекстан, Таджикстан өлкөлөрү менен тыгыз иштеп жатабыз. Саиповдун өлүмүнө шектүү адам деп эки адамдын сүрөтүн жөнөттүм. Ошол сүрөт интернетте да турат. Токтотулду деген туура эмес. Азыр дагы башка да версиялар бар. Ал боюнча да иштеп жатат. Топ тынымсыз иштеп жатат. Мен ойлойм мунун жыйынтыгына чыгабаз деп.

-Молдомуса мырза, жакында сиз бир катар облустарга барып келбедиңизби. Ошол облустарды кыдыруудагы иштериңизге токтоло кетсеңиз.

- Мен мына министр болуп келгенде бизде мыйзам бар экен. 2005-жылы 25-апрелде Курманбек Салиевич Бакиев кол койгон. Ошол мыйзамды ачык айтыш керек. Бул мыйзам кичине иштелбей калган. Президентибиздин буйругу менен ошол мыйзамдын негизинде губернаторлору, мэрлерди, премьер-министрден баштап айыл өкмөттөрүнө чейин координатордук кеңештин төрагасы кылды. Ошол өзүлөрүнүн аймагында облуста болобу, райондо болобу координация болот. Кылмыштуулук менен күрөшүүдө, тартип сактоодо, коомдук тартип сактоодо болобу. Мына ушул кишилерге байлангандан кийин оперативдүү борборлор өзүнөн-өзү түзүлүш керек болчу. Райакимдердин токтому менен түзүлөт. Айыл өкмөттүн төрагасы төрага болот ошол борборго. Бул борборго кимдер кирет: аялдар кеңеши, жаштар кеңеши жана аксакалдар сотунун төрагалары кирет. ДНД деп жатабыз. Сакчы, кырк чоро, бүт жалпы формирование киргиздик.

Бүгүнкү күнү Чүй облусун бүт кыдырып чыктым. 72 ОПСны жергиликтүү бийликтин кишилери менен кыдырдык. Мен мыкты деп айтсам болот. Эл абдан зор кабыл алып жатат. Эл өзү киришип жатат. Эл өзү киришкенден кийин коомдук уюмдарды эл өзү караш керек. Өз аймагындагы кылмыштуулукту. Бүгүнкү күндө 800 миңден ашык дружинабыз бар. Бүт республика боюнча алганда. Андан тышкары айтып коюшум керек. Ар бир участкалык милицияга айыл өкмөтү экиден жардамчы берип жатат. Мен жолугушууда айтып жатам. Быйыл орто мектебибизди ачып туруп жергиликтүү балдардан ошол кызматка жардамчы кылып окутуп да берели деп жатабыз. Кайра ошол жерге барып иштей тургандай кылып. Кадрдык офицер болот.

-Бүгүнкү күнү иш-чараны алып баруучу канча бөлүм түзүлдү?

- 265 борбор түзүлдү. Азыркы учурда 42 борбор бүткөнү турат. Дүйшөмбү күнү мен түштүк жергесине барам. Ноокен районунун Момбеков айыл өкмөтү абдан жакшы борбор түздү. Мен түштүктөгү УВДнын жетекчилерин топтоп, аларга көрсөтөйүн деп жатам.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG