Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:10

ТҮШТҮК АФРИКА ӨЛКӨЛӨРҮНҮН ЛИДЕРЛЕРИ 84 ЖАШТАГЫ МУГАБЕНИН ТАРАБЫН АЛДЫ


Амирбек Усманов, Прага Түштүк Африка өлкөлөрүнүн лидерлери Зимбабведеги жалпы элдик шайлоонун жыйынтыгын токтоосуз жарыялоого чакырышты. Кайрылуу Түштүк Африка өнүгүү жамаатынын Лусакада аяктаган жыйында жасалды. Лидерлер ошондой эле Зимбабвенин президенти Роберт Мугабени жана оппозициядагы Демократиялык өзгөрүү кыймылын 29-марттагы парламенттик жана президенттик шайлоонун жыйынтыгын таанууга үндөштү. Оппозиция өз лидери Морган Цвангараи президенттик шайлоодо жеңгенин ырастоодо.

Зимбабведеги саясый кризисти токтотуу үчүн өлкөдө 29-мартта болгон жалпы элдик шайлоонун жыйынтыгын тезинен жарыялоо жана бардык партиялар добуш берүүнүн натыйжасын таануусу зарыл. Түштүк Африка өнүгүү жамааты, кыскача, САДКнын лидерлери Замбиянын борборунда шашылыш өткөн жыйында 13 саатка созулган масилээттен кийин ушундай бүтүмгө келди.

Непада кайра шайлоо зарыл болсо, Зимбабве өкмөтү саясый өнөктүккө бардык партиялар катышкандай коопсуз жагдай түзүшү шарт. Бул жөнүндө САДКнын башкатчысы Томаз Саламоа маалымдады:

-Эгерде добуштарды эсептөө жана анын жыйынтыгы тараптардын кайра шайлоого баруусу зарыл экенин көрсөтсө, биз өкмөттү ал үчүн коопсуз жагдайды түзүүгө чакырдык.

Зимбабвенин башкаруучу Зану- ПФ партиясы өлкөдө «эч кандай кризис жок» деп жарыялагандан кийин президент Роберт Мугабе Лусакадагы саммитке бойкот жарыялап, барган эмес.

Түштүк Африканын президенти Табо Мбеки да Харариге барып, Мугабе менен кездешкенден кийин Зимбабведе саясый кризис жок деп билдирди. САДК Зимбабве боюнча арачысы кылып дайындаган Мгабенин бул сөзү, Лондондо чыкчу «Обсервер» гезитинин жазышынча, Харариде иштеген батыштык дипломаттарды айран- таң калтырган.

Буш тушта Зимбабвенин Борборшайлоокому 23 шайлоо округунда бюллетендерди кайра саноону буйруду. Кайра санак 19- апрелде башталыш керек. Бийликтердин ырасташынча, оппозициядагы Демократиялык өзгөрүү кыймылы шайлоодо жеңүү үчүн шайлоо участкаларыннын кызматкерлерине пара берген.

Демократтык өзгөрүү партиясы-МДС добуштарды кайра эсептөөгө каршы.«Биз ар кандай кайра саноого макул эмеспиз. БШК эки жумадан бери бюллетендерди катып жатып, эмне кылганын ким билет», деп билдирди партиянын өкүлү Нельсон Чамиза.

Оппозициячыл партия Роберт Мугабе башындагы бийлик кайра саноо аркылуу МДСтин жеңишин жокко чыгарууну көздөйт деген ишенимде. МДСтын татыкташынча, партия Өкүлдөр палатасында көпчүлүк орунга ээ болгон жана алардын лидери Морган Цвангираи 50, 3 процент добуш менен президенттикти жеңип алган.

XS
SM
MD
LG