Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:27

«Азаттык» менен таңкы ободогу маекке Жалалабат облусундагы “Кенч” айыл-чарба кооперативинин жетекчиси Акыбай Сооронбаев чыкты. “Кенч” кооперативи пахта өстүрүүдөгү өзгөчөлүктөрү жана ийгиликтери менен таанымал. Былтыр чарба өстүргөн пахтасынын баасын 30 сомго саткан, башкалар 25 сомдон сатканда. Башка чарбадагылар бир гектар пахтаны өстүрүүгө 16-17 миң сомдон каражат жумшаса, “Кенч” кооперативи гектарына 6-7 миң сомдон гана чыгым кетирген.

-Сиздердин кооператив иш алып барып жаткан голландиялык, швейцариялык биопахта долбоору тууралуу кыскача айтып кетсениз. Бул долбоорго кошулуп иш жүргүзүү үчүн дыйкандарга кандай шарттар коюлган?

- Бул долбоор биздин Кыргызстанга 2003-жылы келген. Негизги багыты булардын органикалык пахта өндүрүү, ошол дыйкан чарбаны колдоо болуп эсептелет. Бул долбоорго киргенибизге 2 жыл болду. Пахта боюнча бир топ жакшы нерселерге жетиштик, бул биринчиден ден-соолук үчүн, экинчиден жаратылышты сактап атабыз. Биздин жер кыртышынын өзүнө келүү процесси башталды, өндүргөн продукциянын баасы төмөндөдү, кымбат саттык дегендей. Эми бул долбоордун негизги максаты - таза продукция өндүрүү болуп эсептелет жана Жалалабатта бүгүн 600 гектардан ашты пахта боюнча гана. Бул долбоорго кириш үчүн долбоордун Жалалабатта өзүнүн офиси бар, дыйкандардын көбү эле билет, ошол жерге келип кирип ошонун шарттарын аткарып атышат. Бирок шарттары, талаптары катуу. Таза пахта өндүрүш керек, уу химикат чачпаш керек. Бул өндүргөн продукциянын бардыгы лабораториядан өтөт, агроному, экологу бар. Көзөмөлү катуу.

-Сиз кооперативдин жетекчиси катары айтсаңыз, айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн кооперативдерди көбөйтүү керек деп президент өзү дагы айтып кетти эле. Бирок көбүнчөсүн кооперативдер түзүлөт, анан бир сезон, ашып барса бир жыл жашап, кайра бузулуп кетет. Буга эмне себеп болушу мүмкүн?

-Кооператив түзүү боюнча көп эле айтылып атат, бирок биздин өрөөндө мен бир дагы түзүлгөн кооперативди көрө элекмин, тескерисинче бар кооперативдер кыскарып атат азыр. Мунун негизги себебин мен ойлойм, кооператив түзүш үчүн аны материалдык жактан бекемдеш керек. Ага сөзсүз техника бериш керек, үрөн менен камсыз кылыш керек, бир жылдык эмес, көп жылга чейин акчалай каражат керек. Алар болмоюнча дыйкандар кооперативге чогулушпайт. Чогулганда аны кантип иштетишет эч нерсеси жок болсо.

-Салык дагы бут тосот деген пикирлер бар?

-Салыктар боюнча дагы иштеп чыгыш керек. Бирок бүгүнкү күндө айыл чарбага салыкты жок кылып койгон күндө дагы кооператив түзүлбөйт. Өткөндө Жогорку Кеңеште карап атышты, биз салык саясатын өзгөртсөк кооператив түзүлүп кетет деп айтып атышты депутаттар, өкмөт мүчөлөрү. Андай эмес. Себеби кооператив түзө турганга шарт жок. Дыйкандарга чогулгуң деп айтып көрсөңүз, эч ким чогулбайт. Анын шартын түзүп берсе кооперативдер түзүлмөк.

-Маегиңизге чоң ырахмат.

Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек
XS
SM
MD
LG