Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:51

Учурда дүйнө коомчулугунун көңүлүн Бээжинде өтө турган олимпиада оюндары жана дүйнөнүн 20 өлкөсүн аралап эстафеталык жүрүш менен кыдырып бараткан олимпиада оту буруп турган учур. Олимпиада оту биздин замандагы олимпиадалык оюндардын салттуу жөрөлгөсү жана расмий белгиси.

Негизинен олимпиада отун жандыруу идеясы мына ушул олимпиада оюндарынын башатында турган Пьер де Кубертенге таандык. Ал Грекиянын Олимп тоосунда күн нурунан күйгүзүлүп, эстафета менен оюндардын салтанаттуу ачылышына жеткирилет. Ошондой эле Олимпиадалык оюндардын салтанатуу ачылышында белгилүү спотчу атайын расмий түрдө борбордук стадиондо тутандырып, атайын идиште оюндардын аягына чейин алоолоп күйүп турат.

Биринчи жолу мындай олипиада оту 1928- жылы Амстердамдагы стадиондо тутандырылып, эстафеталык жүрүшү 1936- жылы Берлинде башталган. Ал эми кышкы олимпиадалык оюндардын отун тутандыруу аземи 1952- жылдан тарта Осолдон башталган.

Олимпиада отун колдон колго өткөрүү жөрөлгөсү олипиаданын салттарын, идеяларын кийинки муундарга өткөрүүнү, эстафетаны калтырууну түшүндүрөт.

Жыл өткөн сайын олимпиада отунун эстафетасы өзгөчө мүнөзгө ээ болуп, каржылык чыгымы да артып баратат. Мисалы өзүм күбө болгон 2002- жылкы Солт-Лейк-Сити кышкы олимпиадасынын олимпиада шаманасы АКШнын 46 штатын 65 күндө аралап өтүп, 25 млн. доллар сарпталган.

Быйыл март айында Грекиянын байыркы Олимп тоосунан тутандырылган олимпиада оту белгилүү спортчулар, инсандардын эстафеталык жүрүшү менен олимпиаданын мекени болгон бул өлкөнүн аймагын 6 күн кыдырды. Анан Афинадан Бээжин шаарына расмий тапшырылган. Кытайдын өкмөт башчысы Ху Зен Тау өзү олимпиада отун кабыл алып, таазим кылып, алгачкы сапарын Алматыга узаткан. Алматыдагы олимпиада шаманасын кабыл алган президент Нурсултан Назарбаев “бул жакшы жөрөлгө, алгачкы жеңишибиздин башаты” деп сүйүнүчүн жашырбады.
Ал олимпиада отун Афина олипиадасынын чемпиону Бактияр Артаев тапшырып, 80 спортчу колдон колго өткөрүп айтылуу Медеодон Алматыга чейин алып келишкен. Алматыдан эстафетаны алган Стамбул шаарында түрктөр да зор салтанат менен олимпиада шаманасын кабыл алышты. Алар олипиаданын ыйык отун Санкт-Петербург шаарына жөнөтүп, орусиялыктар дагы тынчтык маанайда эстафета салтын улантты. Ошондой эле Лондон жана Париж шаарларында олимпиада шаманасынын эстафеталык жүрүштөрүнө тоскоол болобуз деген коомдук уюмдардын тилеги орундалбады.

Ошондон бери олимпиада оту беш континентти аралап эстафеталык жүрүшү, салтанат менен коштолуп, тынчтыкка, жеништерге чакырып келүүдө. Мындай баам салган адамга ар бир олипиаданы кабыл алган мамлекеттер атаандашуу менен олимпиада отун марафондук алыс аралыктарга жайылтууга куштар, дилгир болуп, атаандашып жаткандай түр көрсөтүшүүдө.

Мисалы, быйыл кытайлыктар баарынан өзгөчөлөнүп дүйнөдөгү эң бийик чоку-Эверестке олимпиада отун жеткирип, деңиз деңгээлинен 8844 метр бийиктикте отту жандыруу үчүн эки жылдан бери машыгып, даярдык көрүшүүдө. Бул жер шарындагы эң бийик чокуда секундасына 30 метр ылдамдык менен соккон шамалга карабай, 45 градустан ашкан суука кайыл болушуп, олимпиада отун өчүрбөй, бул окуяны теле көрсөтүү аркылуу түз алып көрсөтүүгө бел байлашууда.

Ошентип 5 континенттеги 20 өлкөнү кыдырган олимпиада оту 8-августта Бээжиндеги 29-жайкы олимпиадалык оюндардын ачылыш аземине алынып келет. Борбордук стадиондо от тутандыруу аземи салтанат менен коштолуп, мындай вазийпаны ошол өлкөнүн эң атактуу спортчусуна ишеним менен берилет. Мисалы 1980- жылы Москва олимпиадасынын отун белгилүү баскетболчу, дүйнөнүн жана олимпиаданын чемпиону Сейрей Белов тутандырган.

Ал эми Кыргызстан өз алдынча эгенмен өлкө катары алгач ирет команда катары катышкан 1996- жылкы Атланта олимпиадасынын отун таанымал боксчу, дүйнөнүн көп жолку чемпиону Мухамед Али колу калтырганына карабай жандырган.

Кыргызстандын Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы, өлкөнүн Жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкуловдун пикиринде Бээжин олимпиадасынын отун өчүрүүгө, эстафетага тоскоол болууга аракет кылган коомдук уюмдар спорт менен саясатты аралаштырбай, спортчулардын укуктарын дагы урматоосу зарыл.

Себеби Кошмо Штаттардын Сан-Франциско шаарында Бээжиндеги быйылкы Олимпиада отунун дүйнө боюнча жүрүшүнүн кезектеги бөлүгү күчөтүлгөн коопсуздук чаралары астында өттү. Шамананы алып чуркагандарды жүздөгөн полициячылар кайтарып жүрүштү. Шаар бийликтери Олимпида отунун маршрутун кыскартып, анын жабылыш салтанаты өтүүчү жерди аргасыз алмаштырышкан. Анткени бул жерде Кытайдын Тибеттеги саясатын айыптаган, ошол эле учурда Кытайды колдогон миңдеген адамдар көчөгө чыгышкан эле.

Кабарларга караганда, Сан-Фрацискодо Тибетти жана Кытайды колдогон топтор ортосунда тирешүү орун алган, бирок полиция олуттуу зордук –зомблук болбогонун билдирди.

Сан-Франциско АКШнын быйылкы Олимпиада оту өтүүчү жалгыз шаары. Кытайга каршы нааразылык чаралары Олимпиада отун эстафеталык жол менен өткөргөн Париж менен Лондондо да коштогон эле.

Кыргызстандын акыйкатчысынын орун басары Мамат Момунов да Кытай бийлиги тибеттиктердин укуктарын тебелеп жатканын айыптап, бирок олимпиадалык оюндарды өткөрүүнүн зарылдыгын билдирди.

Тибеттин руханий лидери Далай Лама Бээжин Олимпиадасын колдой турганын кайталап, маалымат каражаттары аркылуу билдирген.

Бир катар өлкөлөрдө Тибеттеги демонстрациялар Кытай бийликтери тарабынан күч менен басылганына каршы акциялар өтүп жатканына карабай Далай Лама олимпиада оюндарын колдой турганын ырастады.

Ал эми расмий Бээжин Далай Лама Тибеттеги толкундоолорду Кытайда өтө турган Олимпиаданы үзгүлтүккө учуратыш үчүн уюштурууда деп айыптаган.

Кыргызстандык спорт күйөрманы Кубаныч Зайнидиновдун пикиринде олимпиадалык оюндар согуш болгон учурда да өткөрүлүп келген. Кытайдагы олимпиадалык оюндарды саясатка аралаштырбай өткөрүү керек.

Бээжин олимпиадалык оюндары спорттун 28 түрү, 35 дициплина боюнча өткөрүлмөкчү. Олимпиаданын оту 8-августта жанып, ал 17 күн күйүп, таймашууларга 203 өлкөнүн 11 миндей спортчусу катышат. 20 миңден ашуун журналист Бээжин олимпиадасын чагылдырып турат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG