Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:24

19:03 Жалалабат облусунда кыргыз-өзбек чек арасындагы талаштуу жайлар такталууда


Кыргыз-өзбек чек арасында талаштуу деп эсептелген 20 жай бар. Анын 19 Жалалабат облусу менен Өзбекстандын Наманган облусу, ал эми бирөө коңшу мамлекеттин Анжиян облусу менен чектешкен аймактарга караштуу. Мындай маалымат 14-апрелде облбийликтин маалымат катчысы Орозалы Карасартовдон алынды. Анын билдиргенине караганда буга дейре талаштуу жерлердин аныгына жетүү үчүн Өзбекстандын Ташкен, Анжиян жана Наманган облустарынын жетекчилери жана чек арачылары менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Натыйжада аныктоону талап кылган бир нече жайлар такталды. Облус Өзбекстан менен 1700 километрден ашык жерде чектешет. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG