Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:33

19:09 Зилзаладан жабыр тарткандарга курулуш материалдарынын алгачкы партиясы келип түштү


«Кыргызресурсу» ишканасынын директорунун орун басары Адылбек Ногойбаев «Азаттыкка» маалымдашынча, 300 тонна цемент, 9 миң даана шифер Карасуудагы кампага жеткирилди. Эми кыштагы жер титирөөдөн өтө жабырланган ар бир үй-бүлөгө 3 тоннадан цемент, 50 даанадан шифер бөлүнмөкчү.
Ноокат районунун акими Абдыганы Алиев кырсыктан айтаарлык жапа чеккен жердештери 200 миң сомдук ссудага алымсынбай жаткандыгын, чындап эле мынча каражатка жана жогорудагы өлчөмдөгү курулуш материалдарына үй бүтүрүү мүмкүн эместигин маалымдады. (АТо)

XS
SM
MD
LG