Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:22

Кыргызстанда пикет-митингдерди өткөрүүнүн жол-жоболорун так аныктай турган жаңы мыйзам кабыл алынышы ыктымал. Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев демилге көтөрүп чыгарган мыйзам долбоору 15-апрелде парламенттин Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук комитетинде каралаары күтүлүүдө. Бир топ мезгилден бери жарандардын ой-пикирин эркин айтуусуна чектөөлөрдү койгон Бишкек шаардык кеңешинин токтомунан жаңы мыйзам долбоору эмнеси менен айырмаланат? “Мен ишенбейм...” кыймылынын акыркы акциясындагыдай болуп, жаңы мыйзамдын эртеңи жарандардын массалык камалышына алып келбейби?

Кыргыз-казак чегара келишимин ратификациялабоого, Ысыккөлдөгү төрт пансионатты Казакстанга бербөөгө депутаттарды үндөп чыккан 60 жакын адамды 10-апрелде милиция беш мүнөттүн ичинде эле автобуска салып, алып кетти. Акцияны уюштурган “Мен ишенбейм...” кыймылынын мүчөлөрү жана бир катар университеттердин студенттери массалык түрдө сотко берилип, 51 адамдын иши ушул жумада да сотто каралып жатат. Административдик жазага тартылгандарды, негизинен, “пикет-митингдерди өткөрүүнүн тартибин буздуңар” деп айыпташууда.

Азырынча кыргыз байтактысы шаардык кеңеш чыгарган токтом менен жашап, ошонун негизинде тургундарына пикеттерди өткөрүүнү үйрөтүп келет. Бирок адам укугун коргоочулар анын мыйзамсыз экенин, эң оболу, жумурияттын Баш мыйзамына каршы келээрин айтышууда. Аларга Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму да үн кошуп, бүгүн аталган уюмдун Бишкектеги уюму “Кыргызстанда жарандардын тынч митинг-пикеттерге эркин жыйналууга болгон укугунун айланасындагы окуяларга тынчсызданаарын” билдирди.

ЕККУнун Бишкектеги борборунун маалымат катчысы Азамат Абабакиров уюм 2008-жылдын 29-январында Юстиция министри Марат Кайыпов менен жарандык коомдун өкүлдөрүнүн жолугушуусунда келишилген макулдашуулар мүмкүн болушунча тезирээк ишке ашат го, Кыргызстан жарандардын укуктарын коргоодо Баш мыйзамдагы жоболорду жана өлкө өзүнө алган эларалык милдеттенмелерди карманат го, деп үмүттөнөөрүн айтты. Буга чейин бир топ эларалык уюмдар, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Мари Йованович “Бишкек шаардык кеңешинин токтому кайра кароого” чакырышкан.

Анткен менен Бишкек шаарынын мэри Данияр Үсөнөв шаардык кеңештин токтомун жеке өзү коргоп чыкты көрүнөт. Өткөн ишембиде оппозициялык күчтөрдүн Курултайы учурунда Горький эстелигинин жанындагы гүлбактагы митингде шаар жетекчиси микрофонду алдыртып, оппозицияны тартипке чакырды.

Саясий аналитиктер бул тапта кыргыз оппозициясы буга чейинкисиндей көчөгө чыкпай, тынч гана Спорт сарайында жыйналууну тандашканын, кайсыл бир деңгээлде, бийликтердин талабына көнгөндүк менен салыштырышты. Ошол эле учурда оппозиция лидерлери эми мурдагыдай бейтартип жыйындардын оордуна “цивилизованный”, “маданияттуу” форманы тандап алышканын айтышат. Анткени бейбаш пикет-митингдердин акыр түбү 10-апрелдегидей массалык камоолор менен аяктаарына көзү жетет, дешет байкоочулар. Жаштардын акыркы акциясы чоң саясатчыларга сабак болду көрүнөт.

Кыргыз парламенти да маселенин оорчундуу экенин моюнга алган өңдүү. Коммунисттердин лидери Исхак Масалиев пикет-жыйындар тууралуу жаңы мыйзам долбоорун сунуштап жатат. Анын сунушу шейшембиде парламенттин комитетинде каралмакчы. Укук коргоочу Азиза Абдрасулова ал долбоор менен таанышып чыгыптыр. Анын айтымында, долбоор Орусиядагы мыйзамга окшош экен.

- Пикет-митингдерди өткөрүүнүн алдында бийликтерге бир канча күн мурда маалымат берүү жана дагы бир топ чектөөлөрү Орусиядагы тартиптерге окшош. Адамдын эркин жыйналууга укугун коргоо көз-карашынан алганда, бул мыйзам долбоору көптөгөн чектөөлөрдү коет, - дейт Азиза Абдрасулова.

Орусиядагы мыйзам демекчи, анын кесепети кайгылуу бүтөөрү айтылууда. Орус оппозициясынын мындан дээрлик бир жыл мурдагы демонстрацияларында чыккан элди милиция катуу сабап, камап салган болсо, бүгүн оппозицияны колдоп чыга турган эр-азаматтар көзгө урунбай калды.

Москвадагы “Карнеги” аналитикалык борборунун эксперти Мария Липмандын айтымында, бийликтердин пикеттерди өткөрүүгө чектөөлөрүнө коом эки түрдүү жооп бериши мүмкүн. Биринчисинде, эл толугу менен пикеттерден баш тартат, анткени таяк жеп калгандан коркот, экинчисинде ур-токмоктон да үркпөй, укугун коргоп чыгат.

- Орус коомунда азыр биринчи вариант үстөмдүк кылат шекилдүү. Мындан бир жыл мурдараак бийликтер “Башка Орусиянын” митингдерине тыйуу салууну күчөтүшкөндө, эл чыгып, оппозицияга тилектештик билдиргендей болду эле. Бирок ал көпкө созулбады. Акыркы мезгилде болсо андай активдүүлүк жок жана бул бийликтер оппозицияга жакшы мамиле кылып калышкандыгын билдирбейт, жөн гана адамдар пикеттерге кызыкпай калышты, - дейт “Азаттыктын” суроолоруна жооп берген орусиялык аналитик Мария Липман.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG