Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:58

Аида Касымалиева, Прага Пост-советтик мейкиндикти ачкачылык акцияларынын толкуну каптады. Мындай радикалдуу кадамдарга бийликтин көңүл кош мамилесине же акыйкатсыздыкка тушуккан көптөгөн адамдар барууда. Ачкачылык чарасынын негизги максаты – кандайдыр бир көйгөйгө бийликтин жана коомчулуктун көңүлүн буруу.

Грузиядагы сот системасынын ачыктыгы үчүн көптөгөн жылдар бою жемишсиз күрөшүп, эч кандай майнап чыкпаган соң, Малхаз Жангирашвилинин (Malkhaz Jangirashvili) чыдамы кете баштаган эле.

Үстүбүздөгү жылдын март айынын онунда 45 жаштагы бул адвокат Тблисинин борборунда жайгашкан Коргоо министрилигинин алдында чатырча тигип, ачкачылыкка чыкты:

- Мен үчүн бул акыркы арга. Грузияда бир да эркин сот жок. Адвокаттардын ролу нөлгө барабар десек жарашат. Буга каршы чыгууга эч кандай механизм жок.

Жангирашвили Грузиядагы сот системасынын массалык маалымат каражаттарына жакын болушун жана арыз кароо чарасынын ачыктыгын талап кылган эле.

7-апрель күнү, башкача айтканда акциядан 29 күн өткөн соң, Жангирашвили ачкачылык чарасын токтотту.

Дээрлик бир ай бою суу гана ичкен адвокат 15 килограммга арыктап, алдан тайган. Бирок бул иш чараны Жангирашвили өзүнүн жеңиши катары баалады. Анткени ага кошулуп бир нече адвокаттар да ачкачылыкка чыгышкан. Адвокаттын айтуусунда, бул өнөктүк Грузиянын абдан жаман ахыбалдагы сот ситемасы чечкиндүү реформаларга муктаж экендигине көңүл бурдурду:

-Биз ийгиликке жетиштик деп ойлойм. Мага кесиптештерим да кошулду, парламентте мыйзам чегиндеги демилге көрсөтүлдү жана бул демилгеге 40 миң жаран кол койду. Депутаттар жана оппозиция лидерлери мага жардам көрсөтүштү. Мен койгон талаптар четинен аткарыла баштады көрүнөт.

Ачкачылык иш-чаралары бир гана Грузияга мүнөздүү эмес. Коңшу өлкөлөрдө бул өнөктүк кеңири жайылууда.

Азербайжанда бир нече журналист кесиптешинин камалгандыгына жана өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарынын кысмакка алына баштаганына каршы чыгышып, тамактан баш тартышкан.

Ал эми Арменияда болсо, 9-апрель шаршемби күнү Серж Саркисяндын өлкөнүн жаңы президенти катары расмий түрдө ишке киришүү аземи массалык ачкачылык жарыялоонун көмүскөсүндө калды. Тамактан баш таркандар – камалган оппозиция лидерлеринин тарапкерлери эле. Эсиңизге сала кетсек, Арменияда ушул жылдын 19-февралында өткөн президенттик шайлоодо жеңилип калган Левон Тер-Петросяндын он миңдеген колдоочулары митингдерге чыгышып, андан бери 100 адам түрмөдө отурат.

Орусияда дал ушул убакта жок дегенде 3 ачкачылык акциясы өтүп жатат. Алардын бири – Урал тоолорунда өткөн шахтерлордун иш-чарасы. Ачкачылык жарыялаган 97 кенчи айлык маянаны жогорулатууну талап кылышып, акцияны өткөн жумада токтотушкан. Шахтанын ээси – Орусиянын эң бай адамы Олег Дерипаска. 2007-жылы анын байлыгы 14.3 миллиард долларды түзүп, мурдагы жылдан бери 11 пайызга өскөн.

Бирок серепчилердин баамында ачкачылык чаралары азыр өз күчүн жоготуп жаткан учур. 1990-жылдары мындай иш-чаралары абдан популярдуу эле. Азыр алардын жарымы гана өз максатына жетет.

Дүйнөлүк медицина ассоциациясынын башкы катчысы доктор Отмар Клойбер (Dr. Otmar Kloiber) ачкачылык акциясы көп кырдуу мааниге ээ түшүнүккө айланганын айтат:

- Биз түрмөдө отургандардын, жумушчулардын, айтор ачкачылыкка чыккандардын нечендерин көрдүк. Ачкачылык акциялары ар кандай максатта уюштурулат. Анын айрым катышуучулары эчтеке жешпейт, ал эми кээ бири болсо күндүзгү тамактан баш тартышат, а бирок түнү азыктанышат. Ал эми башкалары болсо суюктук гана ичишет.

Орусиянын укук коргоо жаатындагы ардагери, 80 жаштагы Людмила Алексеева каршылык көрсөтүүнүн мындай жолуна бир нече себептерден улам каршы:

- Ачкачылык акциясынын катаал душманымын. Эки тарапты тең ынандырчу бир бүтүмгө келүүнүн мындай катаал эмес, башка жолдорго адамдарды ар дайым үндөйм. Бирок мен эч качан ийгиликке жетишпей келем, себеби адамдар башка иштиктүү жолду көрө албай жатышат.

Мурдагы Совет өлкөлөрүнүн көбүндө, ачкачылыктын денсоолукка тийгизген зыянына карабастан, адамдар каршылык көрсөтүүнүн жалгыз жана эң таасирлүү түрү катарында дал ушул нааразылык иш-чарасын тандашууда.

Кыргызстанда 2002-жылы саясий нааразылык иш-чарасына катышкан белгилүү укук коргоочу, публицист жана экономист Шералы Назаркулов дүйнөдөн кайткан. Ал эми 1990-жылы октябрда Кыргызстанда антикоммунисттик күчтөр ачкачылык жарыялап, жеңишке жетишкендиги, Кыргызстан либералдык жолго багыт алганы да маалым.
XS
SM
MD
LG