Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:13

А.БЕКНАЗАРОВ: СТРАТЕГИЯЛЫК ОБЪЕКТИЛЕРДИ ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨР БАШКАРБАШ КЕРЕК


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Оппозициянын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/9D5068E5-F121-4519-B059-333F842953CC.asp мындан аркы иш аракеттери тууралуу “Азаттык” үналгысынын суроолоруна “Асаба” партиясынын төрагасы Азимбек Бекназаров жооп берди.

-Азимбек мырза, жума күнү парламент ратификациялап берген кыргыз-казак чегарасы тууралуу мамлекеттер аралык келишимге президент кол кое турган болсо, конкреттүү иш-чаралар башталат, деп айттыңыз эле. Коомдук парламент уюштуруп, элдик курултай өткөргөндөн кийин эми оппозициянын мындан аркы аракеттери кандай болушу мүмкүн?

-Мындан кийинки кадамдар Кыргызстандын президентинин аракеттерине жараша болот. Анткени биз өзүбүздүн талаптарыбызды, сунуштарыбызды Кыргызстандын президенти Бакиевге бердик. Ошон үчүн Каркырага байланыштуу талаптарыбызды койдук. “Бакиев эгер кыргыз элинин президенти болсо, анда ал жер участогуна кол койбош керек” деген курултайдын чечими болду. Мындан кийинки кадамдарыбыз президенттин биз койгон талаптардын аткарылышына жараша болот.

-Бирок сиз президенттин ушул чегара тууралуу келишимине кол койбой коюшуна ишенесизби? Анткени кечээ Курманбек Бакиев “Ак жол” партиясынын өкүлдөрүн кабыл алган учурда “мурдагы парламенттин текчелеринде чаң басып жаткан мыйзамдардын көпчүлүгү кабыл алынып жатат”, - деп ыраазычылыгын билдирбедиби.

-Мен ишенбейм, анткени президент кыргыз элинин кызыкчылыгы үчүн эмес, чет өлкөлүк президенттердин, инвесторлордун кызыкчылыгы үчүн аракет кылып жатат. Аны турмуш өзү тастыктоодо. Бирок ошентсе дагы биз Кыргыз Республикасынын жарандары катары президентти мамлекеттин башчысы катары суранып көрдүк, муну оңдоп карап көрдүк.

Мурдагы парламент муну чаң бастырган эмес. Акыл-эстүүлүк менен, патриоттуулук кылып, 2001-жылдан бери бул ратификацияны биз өткөрбөй келгенбиз. Атүгүл Назарбаев өзү келип сураганда дагы, биз “бул биздин жер, кылымдан бери ата-бабабыз коргоп келген, эч убакытта казактарга берилбеши керек” деген чечим менен добуш бергенбиз. Аны президент Бакиев жакшы билет.

-Айрым саясатчылар оппозиция дал ушул чегара келишиминен жана көл жээгиндеги төрт пансионат тууралуу макулдашуунун парламент тарабынан жактырылышын күтүп жүргөн, эми алардын колуна көзүр тийди деп айтып жатышат. Жакынкы күндөрү мына парламент энергетика тармагын менчиктештирүү боюнча мыйзамды караган турат. Бул мыйзам дагы парламенттин элегинен оңой эле өтөөрү көрүнүп калды окшойт. Эгер мындай болсо, оппозициянын бул жолу тарапкерлери көбөйөт деген ишенич барбы?

-Бул жерде “оппозициянын тарапкерлери”, “оппозиция эмес тарапкерлери” деп бөлбөшүбүз керек. Анткени кечээ өткөн курултайда кыргыз улутунун кызыкчылыгы үчүн, кыргыз жерлери үчүн бириктик деген чечимге келдик. Ошондуктан өзүбүздүн келечегибиз үчүн, бүтүндүгүбүз үчүн деп Москва жана башка жактардан коркпой, ийменбей, тайманбай, ачык чечимге келбедикпи.

Мына өзүңүздөр көрдүңүздөр, 20дан ашык сүйлөгөн кишилердин жарымынан көбү кыргыз үчүн биригели деп, “Кыргыз-Манас” деген ураан менен бириктик. Ошондуктан мен ойлойм энергетика болбосун, пансионаттар болбосун, жер участоктору болбосун - бул кыргыздын жерлери, кыргыздын стратегиялык объектилери. Аларды башка чет өлкөлүк мамлекеттер, же адамдар башкарбаш керек, алардын менчигине биз өткөрбөшүбүз керек. Ошондуктан мен ойлойм, кимдин жүрөгүндө кыргызмын деген, кыргыздын каны бар кишилер сөзсүз түрдө буга каршы турат.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG