Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:43

Ушул күндөрү Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде түштүктөн келген сүрөтчүлөр Кожон Дарбанов менен Равшанбек Маматкуловдун “Чийген таш” аттуу көргөзмөсү өтүүдө.

Көркөм өнөрдүн керемет күчү Кожон Дарбанов менен Равшанбек Маматкуловду мындан төрт жыл мурда бириктирген. Ошондон тарта чогуу иштешип, анын жыйынтыгы катары мына ушул көргөзмөнү ачышкан. Анда Жалалабатта “Чийген таш” тарыхый комплексин чагылдырган сүрөттөр коюлган.



Буга чейин аталган комплекс тууралуу эч кандай маалыматтар айтылбай келген, андыктан көргөзмөнүн бирдин-бир максаты да кыргыз элине таанытуу жана ал жерди даңазалоо экендигин билдирди Равшанбек Маматкулов:

-Буга чейин “Саймалуу таш” тууралуу айтылып келген ал эми “Чийген ташты” эч ким билбейт. Андыктан ушул тарыхый байлыкты элге таанытуу максатында чыгармаларыбызды жараттык.

Равшанбек Маматкуловдун сөзүн улай Кожон Дарбанов улуттук байлыгы болгон “Чийген таш” тарыхый комплекси “Саймалуу таштан да байыркы экенин жан андагы иероглифтер кээ бир жерлерде гана сакталганын айтып өттү:

-Бул иероглифтер Энесай, Нарында жана Тибетте бар экен. Азыр бул жазуулар жоголууда турат. Себеби бул жер мал жайытка берилип кетиптир.



Кожон Дарбанов буга чейин эмгектерин Москва, Ленинград жана башка бир катар шаарлардын көрүүчүлөрүнүн сынына койгон. Ал эми кыргыз сүрөт күйөрмандары анын иштерин алгачкы ирет көрүшүүдө. Көрөрмандардын бири Шераалы Сооронбаев сүрөтчүнүн чыгармачылыгына мындай пикирин айтты:

-Кыргыз элинин тарыхына, ошол Чийген ташка байланышкан көптөгөн уламыштарды же болбосо элибизде болуп аткан окуяларды чыгармачыл киши катары өз баасын берип, таланты менен алып чыкканы өзгөчө деп эсептейм.

Сүрөтчүлөр ошондой эле эмгектеринде коомдо болуп жаткан окуяларды, учурдун актуалдуу маселелерин да чагылдырышкан. Көрөрмандарды кызыктырган жана ойго салган алардын “Бийлик” аттуу эмгеги болду. Бул сүрөттү жаш сүрөтчү Замир Илипов чечмелейт:

-Бул жерде композициянын түзүлүшү да кызыктуу экен. Ак менен кара түстү пайдаланып, кара түстү ылдый жагына коюп таштаган. Мына ошол кара жерде иттер бири-бири менен кандайдыр бир боштукту эле талашып жатканы чагылдырылган. Ал эми үстүндө болсо ата-бабаларыбыз кейип карап турганы, алардын да ылдый жагынан карая баштаганы түшүрүлгөн.



Көркөм өнөр таануучу Гүлчехра Токтосунованын баамында, көргөзмөнүн күнөөкөрлөрү башка сүрөтчүлөрдөн эмгектеринде түстөрдү арбын жана таза колдонгондугу менен айрымаланат.

Бул көргөзмө Бишкекте 25-апрелге чейин созулат. Андан соң сүрөтчүлөр эмгектерин Бельгиянын көрүүчүлөрүнүн сынына коюшат.
XS
SM
MD
LG