Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:09

10:30 К.Бийлибаев: Атактуу Чыңгыз Айтматовдой аксакалдар жер маселесин козгобогону өкүнүчтүү


Бул тууралуу Коомдук парламенттин мүчөсү, “Алатоо” партиясынын тең төрагасы Кайнарбек Бийлибаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, эл аралык байланыштар боюнча тажрыйбалуу мурдагы дипломаттар Чыңгыз Айтматов, Ишенбай Абдыразаков баш болгон экс-элчилер, Тышкы иштер министрлигинин мурдагы жетекчилери коңшу мамлекеттер менен чегаралаш аймактардагы көйгөйлүү маселелерди чечүүдө пикирлерин билдирбей, кайдыгер мамиле кылганы өкүнүчтүү. “Азыркы бийлик тышкы саясаттан аксап, жер маселеси боюнча коомчулукта ар кандай пикир жаралып жатканда жогорудагы инсандар акыл-насаатын, тажрыйбасын айтып, оңдуу чечүүнүн жолдорун сунуштаса пайдалуу болмок”, - дейт Бийлибаев. (AJ)

XS
SM
MD
LG