Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:24

МОСКВАДА «БИРДИКТҮҮ ОРУСИЯ» ПАРТИЯСЫНЫН КУРУЛТАЙЫ БАШТАЛДЫ


Муса Мураталиев, Москва Москвада кечээ күнү (14-апрелде) «Бирдиктүү Орусия» партиясынын 9-чу курултайы ачылды. ИНТЕРФАКС агенттиги партиянын жетекчилигине шилтеме берип жазганга караганда, курултайга баш-аягы 600дөн ашуун делегаттан турган бир жарым миңге чукул киши катышып атат. Курултайга катышып кетүү үчүн Орусиянын президенти Владимир Путин жана шайланган президент Дмитрий Медведев --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/03/3A130B05-6363-49CB-ABA5-6B6ACC33E178.asp да чакырылганы анык болууда. Алардын чогулушка 15-апрелде келери айтылууда. «Бирдиктүү Орусия» партиясынын төрагасы, Мамдуманын төрагасы Борис Грызлов билдиргенге караганда курултайдын катышуучулары партияны башкарууну өз колуна алуусун өтүнүп Путинге кайрылышмакчы.

Бийлик партиясы атанган «Бирдиктүү Орусиянын» тогузунчу курултайы Орусия федерациясынын 2020-жылга чейинки социалдык-экономикалык жана саясий стратегиясын иш жүзүнө ашыруу тегерегинде маселелерди талкууга алууда.
Саясий коомчулукта бийлик партиясынын башына Владимир Путин келери айтылууда.

Өткөн бейшемби күнү «Бирдиктүү Орусия» төрагасы журналисттер алдында: «Биз дайыма Владимир Путин менен Дмитрий Медведевди партияга өтсүн үчүн чакырып келүүдөбүз жана чакырабыз», - деген. Ал эми кечээ курултай үстүндө Борис Грызлов ал оюн тактап, «биз Владимир Путинге сунуштайлы деп аткан орун – партиянын төрагалыгы» - деди.

Орусиялык саясатчылардын эсебинде, курултайдын жыйынтыгында Путин ал партияга жетекчи болот. Кремлдик саясатчы Глеб Павловский божомолунда:

-Азыркы жагдай ушуга барып калды, «Бирдиктүү Орусия» Путинди өзүнүн лидери деп таануу болот. Партиянын жетекчилиги мындай удулу келип турган учурду колдон чыгарып ийгиси келбейт.

Башка байкоочулардын божомолунда бийлик партиясын президент Путин ансыз деле башкарып келе жаткан. «Бирдиктүү Орусиянын» идеологиясы 1999-жылкы Мамдуманы шайлоодо жаралган. Ошол кезден бери ал партия жүргүзгөн саясат бир гана Кремль карманган, же мындан да ачык айтканда Путин жүргүзүп жаткан саясаттын негизинде болуп келе жатат. Бийлик атка минерлери жалаң ошол партиядан дайындалгандыктан анын катары азыр 2 миллионго чаап барган жана ал өлкөдөгү бирден бир ири партия болуп эсептелет.

Өткөн жылы Мамдуманы шайлоодо, президент Путин ал партияга мүчө болбосо да «Бирдиктүү Орусияны» өзү баштап шайлоого катышып, натыйжада ал партиялык депутаттарга Мамдумадагы орундун үчтөн экиси тийген.

Үстүдөгү жылы да 2-мартта президентти тандоодо Кремль «Бирдиктүү Орусияны» арага салып, жыйынтыгында добуш бергендердин 70 пайызы Дмитрий Медведевди колдоду болуп чыккан.

Байкоочулардын баамында, Кремль бийлигинин бир департаментине айланган «Бирдиктүү Орусияга» төрага болуп-болбору туурасында Путин бүгүн билдирет.

XS
SM
MD
LG