Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:18

Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Белгилүү болгондой өткөн бейшемби күнү Кыргызстандын жерлерин коңшуларга бербөө талабы менен нааразылык акциясына --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/04/498E9029-7E93-45BC-B99A-5F3B9357607A.asp чыккан жаштардын үстүнөн азыр сот иши жүрүп жатат. Буга чейин Биринчи май райондук соту акциянын отуз төрт катышуучусун административдик жазага тартты. “Азаттык” үналгысы буга байланыштуу айрым суроолорду “Мен ишенбейм” кыймылынын мүчөсү, “Келкел” жаштар кыймылынын жетекчиси Гүлшайыр Абдирасуловага узатты.

-Алгач соттун чечими тууралуу кененирээк айтып берсеңиз, анткени бир нече улан-кыз үч суткадан баштап беш суткага чейин эркинен ажыратылганы айтылган.

-Ооба, ал туура. Бүгүнкү күнү Биринчи май райондук сотунда 34 баланын иши каралды. Эки бала – 22 жана 23 жаштагы балдар үч суткадан беш суткага чейин бөлүштүрүүчү жайга камоо чечими чыгарылды. Калгандар миң сомдон эки миң сомго чейин административдик айып пулга жыгылды. Калган 16 баланын иши 16-апрелде карала турган болду. Мен ойлойм, бул сот иши каралып жатканда эле туура эмес каралды. Кээ бир соттор фамилиясын сурап туруп эле, айып пул такты. Мисалы, Тилек Сыдыков дегенде эле беш сутка деп коюп эле чыгып кетип калды.

-Бул жерде кыймылга жаңыдан кошулуп, жаңыдан мүчө болуп кирген студенттерге, же болбосо жаштарга өзгөчө катуу жаза колдонулуп жатат деген пикирлер айтылып жатат. Буга макулсузбу?

-Ооба, мен дагы ушинтип эсептейм. Негизи биз ошол акцияга чыгаардын алдында өзүбүздүн уюмдардын аттарын атап чыкканбыз. Ошо камалган балдарды, көп айыпка таттылган балдарды карап көрсөк, бардыгы чоң уюмдардын жаш лидерлери болуп жатат. Бүгүнкү күндө биздин билишибиз боюнча Улуттук коопсуздук кызматына дагы көп маалымат кетиптир: “бул балдар тууралуу билип, кайсы жерде жана факультеттерде окуп жаткандарын билип, бизге жазып бергиле” деген.

-Сиздер ушул Кыргызстандын жерлерин коңшуларга бербөө талабы менен нааразылык акциясын баштап жатканда бул акция бир нече күнгө созулат деп билдирген элеңиздер. Бүгүнкү күнгө чейин уланбай келишине сот иши гана тоскоол болуп жатабы, же башка себептер дагы барбы? Мүмкүн жаштар өздөрү баш тартып жаткандыр?

-Башка себептер бар. Биринчиден, Шаардык кеңеш кабыл алган токтом болуп жатат. Бул токтомдун негизинде биз тынч акцияларга чыга албай жатабыз. Бирок биз ушундай деп чечтик, бул токтом жалгыз Бишкекке гана тиешелүү. Ошондуктан биз Бишкектен тышкары барып, акция өткөрөбүз. Балдар менен чечтик, жакын арада биз Каркыранын өзүнө дагы барып, ошол жерде тынч жыйын өткөрө турган болдук.

-Бизге белгилүү болгондой, өткөн жылы жайында мурдагы парламент Камбарата ГЭСтерин менчикке чыгаруу туралуу мыйзамга өзгөртүү киргизип жаткан учурда бир нече кыймылдардын, саясий партиялардын жаш мүчөлөрү ушундай каршылык акцияларын уюштурган элеңер. Бүгүн-эртең парламент энергетика тармагын менчиктештирүү маселесин карары күтүлүүдө. Буга байланыштуу кандайдыр бир акциялар болушу мүмкүнбү?

-Мен бул ойдон алыс эмесмин. Негизинен бүгүнкү учурда премьер-министр айтып жатпайбы, “бизге реформалар керек, же болбосо баш тартышыбыз керек” деп. Бул сөздөр буга чейин премьер-министр жана депутаттар арасында айтылып келе жаткан. Бирок бул жерде бир суроо туулат: буга чейин көп-көп акчалар алынып келген. Көп-көп эл аралык уюмдардан акча каражаттар суралып жаткан. Ошо каражаттар кайсы жакка кетти? Ошол каражаттарга жооп бере турган адам жана алган адамдар кимдер? Эмне үчүн ошол адамдар бүгүнкү күнгө чейин жооп бербей келишүүдө? Эмне үчүн Кыргызстандын энерготармагы ушундай кризиске түшүп калды?

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG