Бул тууралуу Токмок шаарынын ишкерлер союзунун башчысы Жаңыл Токтоналиева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында ушул тапта шаардагы ишкерлердин, базарда отурган соодагерлердин көптөгөн проблемалары чечилбей турат. “Бизнес үчүн насыя алуу оор, салыктардын өлчөмү чоң, базардагы соодагерлер үчүн патент баасы дагы жогорулады. Бул маселелер боюнча президентке кайрылуу жолдойлу деп жатабыз”,-дейт Жаңыл Токтоналиева. (AiJu)