Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:24

12:30 Б.Кошматов: Казакстандын “Түштүксуучарба” мекемесинин маалыматы туура эмес


Тажикстандын Кожент шаарында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын суу чарба жетекчилеринин жолугушуусунда Каракум суу сактагычындагы сууну пайдалануу маселеси каралган. Ага Баткен облусунун суу чарба башкармасынын башчысы Асатов катышып, кыргыз тарапка тиешелүү маселелерге жооп берип, мамлекеттин кызыкчылыгын сактоого жетишти. Бул тууралуу республикалык суу чарба департаментинин жетекчиси Баратали Кошматов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, март айында Ташкенттеги сүйлөшүүлөргө ылайык апрель айынын биринчи жарымында Бишкекте суу чарба жана энергетика тармагынын жетекчилери төрт тараптуу келишимдерди карап чыкмак. Тилекке каршы ал жолугушуу болбой калды, дейт Кошматов. Ал ошондой эле Казакстандык кесиптешинин маалыматы бул маселе боюнча түшүнбөстүгүгнөн улам туура эмес берлигенин белгиледи. Казакстандын “Түштүксуучарба” мекемесинин жетекчиси Сембай Сейсенов Коженттеги суу маселеси боюнча сүйлөшүүгө Кыргызстандын айыл, суу чарба жана кайра иштетүү министри келбей калганына байланыштуу сүйлөшүү жеткиликтүү натыйжа бербей калганын 14-апрелде массалык маалымат каражаттарына билдирген. (AJ)

XS
SM
MD
LG