Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:33

14:10 Парламент комитети улуттук энергетика программасын жактырды


Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитет 2008-2010-жылга карата отун-энергетикалык комплексин өнүктүрүү боюнча “Улуттук энергетика программасын” жактырды. Программада 2010-жылга чейин энергетика тармагын өнүктүрүү, Камбарата ГЭСтеринин курулушун бүтүрүү, электр кубаттуулугуна тарифтерди бекитүү маселеси каралган. Ошондой эле 2008-2025-жылга чейин өкмөттүн энергетиканы өнкүктүрүү багытындагы “Улуттук энергетика стратегиясын” кабыл алды. Анда Кыргызстанда электр кубаттуулугун өндүрүп чыгарууну 34 млрд. кВт/саатка жеткирүү, электр энергиясын чет өлкөлөргө сатуу, жаңы ири ГЭСтерди жана Сарыжазда ГЭСтерди, Каракечедеги жылуулук электр станциясын куруу каралган. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG