Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:01

ТАЙВАНДАГЫ “ДОРДОЙ-ДИНАМО” КОМАНДАСЫНЫН ЖЕҢИШИ


Кечээ 14-апрелде кечинде Тайвандын Тайпей шаарында Азиянын Футбол континенталдык федерациясынын Президентинин кубогуна арналган мелдеште Кыргызстандын төрт жолку чемпиону Нарындын “Дордой-Динамо” командасы негизги атаандашы Тайпейдин “Тайвань Пауэр” командасын 3:0 эсебинде утуп, өз тобунда лидер болду.

Тайвандын борбору Тайпейде Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогу үчүн таймаштардын биринчи этабы өтүп жатат. Биринчи беттешүүдө талаа ээлери Тайпейдин «Тайвань Пауэр» командасы менен Камбоджанын чемпиону «Нагакорп» командасы күч сынашып, натыйжада 2:2 эсебинде тең чыгышкан.

Экинчи оюн кечээ 14-апрелде кечинде болуп, анда Кыргызстандын 4 жолку чемпиону, Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогунун эки жолку ээси Нарындын "Дордой-Динамо" командасы Тайвандын чемпиону "Тайвань-Пауэр" командасы менен беттешти. Биринчи таймда эле талаа ээлерине ээлик кылбай «Дордойдун» чабуулчусу Элдар Амиров эсепти ачып, кыргызстандыктарды алга сүрөдү.

“Дордой” футбол клубунун вице-президенти Улугбек Салымбековдун Тайпейден телефон аркылуу билдиргенине караганда беттешүү курч мүнөздө өтүп, экинчи таймда Элдар Амиров дагы айырмаланып бир топ киргизген. Ошондой эле “Дордой-Динамо” командасынын чабуулчусу Даврон Аскаров да атаандашынын дарбазасына бир топту таамай тээп киргизүү менен кыргызстандык футболчулардын жеңишин бекемдеди.

“Заман Кыргызстан” жумалыгынын спорттук баяндамачысы Табылды Асыгалиевдин пикиринде Нарындын «Дордой-Динамо» командасы биринчи этапта жеңип чыгуусу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Эгерде быйыл да финалга чыкса негизги атаандашы тажик футболчулар болушу ыктымал:

- Азияда футболдун деңгээли көтөрүүгө, таасирин арттырууга багытталган үчүнчү баскычтагы турнир. Ушул турнирде өз тобунда “дордойчулар” атаандаштарын утуп алдыга чыкса дурус болоор эле. Себеби “Дордой-Динамо” АФК президентинин Кубогун эки ирет удаасы менен уткан лидер. Эми кыргызстандык жигиттер финалдык топко мыктылардын катарына кайрадан чыкса, былтыркыдай тажиктер менен финалда таймашуусу ажеп эмес. Алардан быйыл утулуп калышы да толук ыктымал. Себеби тажиктердин чеберчилиги биздин командадан бир аз жогору.

Азия футбол конфедерациясынын президентинин Кубогуна арналган мелдеште “Дордой-Динамо” командасы экинчи этапка чыгаарына бекем ишенээрин, эртең Камбожанын чемпиону “Нагакорп” командасын утуп алууга аракет кылаарын команданын экинчи машыктыруучусу, мурдакы чабуулчусу Замир Жумагулов билдирди:

-Чынында Пакистандагы Азия Кубогуна жакшы эле даярдык көрдүк. Быйыл дагы жаңы командалар кошулгандыктан эки этап менен өткөрүп жатат. Балким финалга кайрадан тажиктер менен чыгып калышыбыз да ыктымал.

Азия футбол конфедерациясынын президентинин кубогун Нарындын «Дордой- Динамо» командасы эки ирет катары менен жеңип, эки жолу 50 миң АКШ доллары жана Чоң күмүш кубок менен сыйланган. Бул турнирдин алгачкы жеңүүчүсү Тажикстандын чемпиону «Регар» командасы болгон.

Эми 16-апрелде "Дордой-Динамо" Камбожанын чемпиону "Нагакорп" менен беттешмекчи. Бул өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн чемпион командаларынын арасындагы төртүнчү ирет өткөрүлүп жаткан мелдеш. Турнир быйыл төртүнчү ирет өткөрүлүп жатат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG