Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:31

17:16 Жалалабат облустук юстиция башкармасы митинг жайлары тууралуу токтомду четке какты


Аталган башкармалыктын эксперти Алмаз Аманбаевдин айтымында, мамлекеттик мекеме-уюмдар элдин куралсыз тынч жыйналыштары менен митинг-пикет өткөрүү жайларын аныктоону уюштура албайт. Жалалабат шаардык кеңешинин 3-апрелдеги токтому соңку Баш мыйзамдын 25-беренесине каршы келет. Токтомдо 2002-жылдын 23-июлунда кабыл алынган көчө жүрүштөрү менен демонстрациялар, куралсыз тынчтык мүнөздө чогулуу жана митинг-пикеттер жөнүндөгү мыйзамдын 120-беренесинин 5-6-7 пункту эске алынган эмес. Ошол себептүү облустук юстиция башкармасы шаардык Кеңештин токтомун каттоодон 3-апрелде баш тарткан. Шаардык кеңештин билдирүүсү боюнча митинг-пикет жайларын облустук, же шаардык бийликтердин, мектептер менен банктардын айланасында өткөрүүгө тыюу салуу үчүн эмгек жамааттары кайрылышкан. Шаар бийлигинин сунушу менен маселе сессияда каралган. 5-апрелде өткөн сессия митинг өткөрүү жайлары катары "Телтору" ат майданы менен Курманбек баатырдын фольклордун талаасын атаган. Ал токтомду каттоону юстиция башкармасынан өтүнгөн. Адам укугун коргоочулардын пикиринде эл шаардан 3-5 чакырым алыс жерде чогулсун деген токтом жарандардын укугун кескин бузган. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG