Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:24

ИТАЛИЯ: БЕРЛУСКОНИНИН ҮЧҮНЧҮ ЖЕҢИШИ


Италияда миллиардер, медиамагнат Силвио Берлускони бийликке кайтып келди. Экс-премьер 14 жылдын ичинде ушуну менен 3-ирет парламенттик шайлоону жеңди. Эркин Эл партиясынын лидери Берлускони Италиянын Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийинки 62-өкмөтүн жетектемекчи.

Ошентип, мындан 2 жылча мурун парламенттик шайлоодо солчулдардын лидери Романо Продиге утулуп калган Берлускони бийликке кайтууда. Добуш берүүнүн санактары дээрлик толугу менен белгилүү болду. Берлускони жетектеген оңчул коалиция парламенттин төмөнкү палатасында мандаттардын 46,7 процентин жеңди. Сенатта болсо атаандаштарына караганда 30 орун көбүрөөк алууга жетишти.

Дүйшөмбү күнү кечинде алдын ала жыйынтыктар чыгаары менен солчулдардын лидери, Рим шаарынын мурдагы мэри Валтер Велтрони Берлускониге телефон чалып, утулганын моюнга алды:

-Батыш демократияларындагы салтка ылайык, мен Эркин Эл партиясынын лидери Силвио Берлускониге телефон чалып, жеңиши менен куттуктап, ага ийгилик каалоону туура таптым.

Италиянын эң бай адамы, 72 жаштагы Берлускони өлкөнүн мамлекеттик телеканалына берген интервьюсунда чоң жоопкерчиликти сезип жатканын айтты:

-Шайлоонун жыйынтыктары жана италиялыктар көргөзгөн ишеним мени абдан толкундантты. Бардыгына чын жүрөктөн рахматымды айткым келет. Алдыдагы жылдар, айлар кыйын болмокчу. Бирок мен бар күчүмдү, тажрыйбамды келээрки 5 жылды өлкө үчүн чечүүчү жылдарга айландыруу үчүн жумшаймын.

Анын коалициясына Улуттук альянс жана ашынган оңчулдардын Түндүк Лигасы кирет. Берлускони кабинет 12 министрден куралаарын, кеминде 4 портфель аялзаттын өкүлдөрүнө тиээрине ишендирди. Өкмөттүн алгачкы жыйынын ал Неаполь шаарында өткөрүүнү пландоодо. "Муну менен таштандылар кризисин улуттук деңгээлде кароо ниетибизди билдиргибиз келет", - деди болочок премьер.

Таштандылардан тышкары Берлусконинин алдында көптөгөн башка оор маселелер турат. Италия дүйнөнүн 7-ири экономикасы болуп эсептелгени менен, Европада чабал өлкөлөрдүн катарына кирет. Эларалык валюта корунун прогноздоруна караганда, Италиянын экономикасы быйыл 0,3 процентке гана өсмөкчү.

Салыштыра кетсек, евроаймакка кирген 15 өлкөдө бул көрсөткүч, орто эсеп менен алганда, 1,4 процентти түзөт. Жакында болсо азык-түлүктүн коопсуздугуна байланышкан чатак тутанды. Кампанья чөлкөмүндө жасалган моцарелла сырында диоксин деген зат табылып, Япония, Түштүк Корея өңдүү өлкөлөр аны сатып алууну убактылуу токтотуп коюшкан. Андан тышкары өкмөт банкротко учураган мамлекеттик Алиталия авиакомпаниясынын тагдырын тезирээк чечүүгө тийиш.

Берлускони салыктарды азайтууга, өлкөнүн эбегейсиз карызынан кутулууга сөз берип келатат. Сынчылар болсо ушундай эле убада буга чейин эки ирет кылынганын, бирок ал сөзүнө турбаганын айтышат.

Италия өкмөттүк бейстабилдүүлүгү менен айырмаланат. Жыл башында премьер Продинин солчул коалициясы ыдырап кеткендиктен, бул жолку добуш берүү мөөнөтүнөн 3 жыл мурун өттү. Ал эми Берлускони буга чейинкидей кызматында 5 жыл тураарына ишенет.

XS
SM
MD
LG