Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:44

18:57 Динара Ошурахунова: Тынч митинг, демонстрация өткөрүүгө чектөөлөр киргизүү туура эмес


Мындай пикирин “Азаттыкка” “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын башчысы Динара Ошурахунова билдирди. Бүгүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитет “Жарандардын эркин куралсыз тынч митинг жана демонстарцияларды өткөрүү боюнча” мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган. Анда аталган мыйзамга бир катар чектөөлөр киргизилген. Укук коргоочу Динара Ошурахунованын айтымында, аталган мыйзам долбоору Бишкек шаардык мэриясынын тынч митингдерди өткөрүүгө тыюу салган токтомунун эле өзү. Андагы чектөөлөр эл аралык стандарттарга такыр туура келбейт. “Комитет бул боюнча парламенттик угууларды уюштурабыз деп жатат, укук коргоочулар ал талкууларга сөзсүз түрдө катышабыз. Бул маселе укук коргоочулардын, жалпы коомдун көңүл чордонунда болушу зарыл”,-деди Динара Ошурахунова. (AiJu)

XS
SM
MD
LG