Владимир Путин “Бирдиктүү Орусиянын” конгрессинде партия башчысы болуу сунушун кабыл алганын билдирди. Андан сырткары Москвада өтүп жаткан конгрессте Путин жаңы президент Дмитрий Медведевдин өкмөтүн башкарып берүүгө даяр экенин ырастады. “Бирдиктүү Орусия” партиясы Мамлекеттик Думада көпчүлүк мандаттарга ээ. Путин президенттик кызматын 7-майда өткөрүп бермекчи.