Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:35

Орус президенти Владимир Путин “Бирдиктүү Россия” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/39CF87EE-6194-4688-BB42-217DCDB344D6.asp партиясынын төрагалыгына шайланды. Курултайда Путин сөз сүйлөп, “өзүнө кошумча жоопкерчилик алганга” жана конституциялык көпчүлүктүн партиясын жетектегенге макул болду. Ал ошондой эле өкмөттүн башчысы болгонго даяр экенин да кайрадан ырастады.

Путин премьерлик кызматка жана “Бирдиктүү Россиянын” төрагалык милдетине президенттик бийлигин эмдиги айдын башталышында саясий мураскери Дмитрий Медведевге тапшыргандан кийин киришет. Курултайда ага делегаттар партияга мүчө болуп кирүүнү сунуш кылышты эле, Путин буга бул жолу да макул болгон жок.

“Бирдиктүү Россия” бир кезде орус коомундагы бардык жоопкерчиликтүү күчтөрдү баш коштуруу максатында түзүлгөнүн белгилеп, Путин соңку жети жыл ичинде бул партия калктын кеңири катмарларын бириктирген жалпы улуттук уюмга айланганын белгиледи. Ошол эле учурда “партия реформаланууга тийиш экенин, ал талкуу-таңаштарга, шайлоочулардын ой-пикирлерине алда канча ачык болушу керектигин, кокусунан кошулуп калган адамдардан, жеке кызыкчылыгы менен жеке максатын гана көздөгөн кишилерден толук арылууга милдеттүү экенин” да эскертти.

Путиндин “Бирдиктүү Россияны” жетектөөгө макул болгонун курултайдын делегаттары партиянын чоң жеңиши катары баалашты. Бийликчил эксперттер да өлкөдө 2020-жылга чейин белгиленген дымактуу долбоорлорду жүзөгө ашыруунун кепилдиги түзүлгөнүн айтышууда.

Ал эми бейтарап байкоочулар, алардын ичинде белгилүү илимпоз-социолог Ольга Крыштановская бул процессти жалпы маанидеги “советтештирүү” иши деп атады.
“Мамлекеттик машинаны башкаруунун көп механизмдери совет мезгилиндегиге окшошуп баратат, - дейт Крыштановская. – Анын ичинде өлкөнүн кадрлар корпусу эми бир партия, “Бирдиктүү Россия” аркылуу башкарылмакчы”.

Крыштановская мындан тышкары Мамлекеттик думаны, Федерация кеңешин эле эмес, регионалдык парламенттерди көзөмөлдөгөнгө да Путиндин мүмкүндүгү кеңейгенин,бир сөз менен айтканда, анын административдик ресурсу өлчөөсүз көбөйгөнүн кошумчалады.

Карнеги фондусунун Москвадагы ички саясат жана саясий институттар долбоорунун теңтөрайымы Лилия Цевцова маселенин дагы бир өңүрүн козгоду. ”Элестетип көрсөңөр,- дейт ал, - президент Медведевдин партиясы жок, ал болгону партиянын же жетекчи органдын катардагы эле мүчөсү, Путин болсо партиянын лидери. Муну менен тандемдин ортосундагы теңдем бузулуп, президенттин эле эмес, дегеле президенттик институттун позициясы начарлап жатпайбы!”

Москвадагы улуттук стратегия институтунун башчысы Станислав Белковсий классикалык, саясий мааниде алганда “Бирдиктүү Россияны” дегеле партия деп айтканга болбой турганын белгиледи. “Бирдиктүү Россия” – бюрократтар менен бизнесмендердин ийрими, алардын баккан-билгени бир эле нерсе – Кремлдин казына салынган “акыры”, - дейт Белковский. – “Единоросстордун” азыркы жетекчиси Борис Грызлов, президенттик кеңсе башчысынын орунбасары Владислав Сурков жана башка саясий иркектештер президент Медведев аларды Кремлдин “акырынан” алыстатып коебу деп коркушат”. Ошону үчүн алар Путинге кошумча кызмат таап беришип, биринчи кезекте өздөрүн кепилдешти.

Москвадагы “Мурас” фондусунун директору Евгений Волк Путинди “единоросстордун” барымтасында калды деп эсептейт. Эмнеге дегенде бул партиянын саясаты үчүн бардык жоопкерчилик эми Путинге жүктөлөт. Ал эми Карнеги борборунун эксперти Андрей Рябов бул жолку өзгөрүүлөр Россияны акырындап президенттик-парламенттик режимге алып келиши мүмкүн деп үмүттөнөт.
XS
SM
MD
LG