Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:24

Кечээ парламенттин отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитети кыргыз өкмөтүнүн “ Энергетика --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/1051D41D-74FF-46A7-9513-9B3A2861FD14.asp тармагын өнүктүрүү боюнча 2010-жылга эсептелген улуттук программасы” жана “Энергетика тармагынын 2025-жылга чейинки өнүгүү стратегиясы” деген эки документин талкуудан кийин жактырды. Суунун тартыштыгынан ушул тапта энергетикалык кризисти башынан кечирип жаткан Кыргызстан алдыңкы 18 жыл ичинде электр энергиясын иштеп чыгууну 34 миллиард киловатт-саатка жеткирүүнү болжолдоодо. Бул реалдуубу?

Апрель айынын башында Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 6,5 миллиард кубометрге жетти. Токтогул ГЭСиндеги коркунучтуу чекке 1 млрд. кубометрлик эле суу калды.

Ушу тапта Кыргыз бийлиги сууну кантип үлөштүрүү амалын издөөдө. Ошондон өкмөт Өзбекстан, Казакстандын суу чарба жетекчилеринин Тажикстандын Кожент сүйлөшүүлөрүнө катышпай, эмдиги кышты кантип тосоруна башын оорутууда. Коженттеги сүйлөшүүлөргө катышпоонун себеп-жөнүн Кыргызстандын өнөржай, энергетика, отунсуу ресурстар министри Сапарбек Балкыбеков мындайча билдирди:

- Тажикстанга биз атайын барбай койдук. Себеби суу боюнча маселе бул жылы оор болуп жатат. Эң негизгиси биз үчүн эмес коңшулар үчүн аябай оор болот. Биздин оюбуз (алар) Кыргызстанга келсин. Бул жактан сүйлөшүп туруп, биз быйылкы абалдан максималдуу эффект алалы, пайда көрөлү деп ошон үчүн барган эмеспиз.

Өкмөттүн алдагыдай кадамын парламенттеги “Ак жол” фракциясынын өкүлү Осмонаалы Аттокуров да колдоду:

- Туура эле кылган экен биздин өкмөт. Суунун башы биз болгондон кийин биз жакка келип алар сүйлөшүш керек. Ушул сууну башкаруу менен биз энергетика системасына көптөгөн акчаларды алып келсек болот. Ушул программаны 2025-жылга чейин суу пайдалануyдан түшкөн каражатты кошуш керек эле. Ошондо биз энергетика системасын да жакшыраак өнүктүрмөкпүз.

Анткен менен суу башындагы Кыргызстан ушу тапта энергетикалык кризиске капталып, маал-маалы менен электр энергиясын өчүрүүгө киришти. Кышка жетерлик сууну өлкө эмитен топтой албаса келерки кышты кантип өткөрө турганы бүдөмүк. Айрым жерлерде шамчыракка өтө баштаган чакта энергетика тармагын өнүктүрүүнүн алдыдагы эки жылга эсептелген улуттук программасы менен 2025-жылга чейинки стратегиясы үч түрдүү болжолго негизделип түзүлдү.

Ошол эле маалда энергетика тармагын мындан ары менчиктештирүү маселси катуу талкууга алынууда. Анын буга чейинки үч этабынын натыйжасыз аяктаганы элдин баарына дайын:

- Ал бизди биротоло отургузду. Мына эми балчыкта отурабыз. Эми бул жол бизди туура жакка алып барат деп ким кепилдик бере алат? - деп суроо койду парламент депутаты Роза Отунбаева.

Анын айтуусунда, менчиктештирүүнүн кезектеги этабына туш келген энергетика тармагынын өнүгүшүн аныктаган программа элдик талкуудан өтүшү абзел:

- Бул энергетика боюнча катардагы программа эмес. Биз энергетикага тоюп бүткөнбүз. Эми бу энергетика менен мындан ары кантип жашарыбызды билбейбиз. Бул тууралуу коомчулук жакшы билсе дейбиз.

Бирок да парламенттеги социал-демократиялык партия өкүлүнүн сунушу парламент комитетиндеги көпчүлүктү түзгөн “акжолчулардан” колдоо таппай, энергетиканы өнүктүрүүнүн улуттук программасы стратегиясы менен бирдикте парламент кароосуна сунушталды.

Жаңы программада “Камбарата” баш болгон ири, чакан электр станцияларын, анын ичинде Сарыжаз ГЭСтерин, Каракече жылуулук электр станциясын куруу, тармакты өнүктүрүүнүн жолдору белгиленген. Быйыл болсо өкмөт электр энергиясын бөлүштүрүү компанияларын, газ тармагын менчиктештирүүнүн кезектеги жүрүшүн жасаганы турат.

- Азыр сөз электр энергиясын таркатуучу компаниялар жөнүндө гана жүрүп жатат. Ошолорду менчиктештирүү маселеси азыр козголуп жатат. ГЭСтер менен жогорку чыңалуудагы линиялар мамлекеттики бойдон кала берет,- дейт министр С.Балкыбеков.

Анын айтуусунда, бөлүштүрүү компанияларын жеке колго берүү электр энергиясын уурдоолорду жок кылууга багытталган. Өткөн жылы электр энергетикасындагы техникалык жана коммерциялык жоготуулар 36% ашканы ырасмий маалыматтарда кабарланууда. Эксперттер бул көрсөткүч 50%га жакын дешет. Быйыл бул чыгымды 30% төмөндөтүү болжолдонууда.

Парламентте электр энергиясы дагы товар экенин ырастаган мыйзам долбоору комитет кароосунан өтүп, кабыл алынганы турат. Эгер ал ишке ашса электр энергиясын уурдоочулар кылмыш жоопкерчилигине тартылышы ыктымал. Мурдагы парламент депутаттары маселенин социалдык жактан курчтугун эсепке алып бул мыйзам долбоорун четке кагышкан болчу.
XS
SM
MD
LG