Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:41

Бүгүн “Акыйкат үчүн” кыймылы 12-апрелде өткөн элдик курултайдан кийинки биринчи жыйынын өткөрөт. Анда курултайдын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/9D5068E5-F121-4519-B059-333F842953CC.asp жыйынтыгы жана ага карата бийликтин реакциясы талкууланып, мындан аркы кадамдар белгиленет. Элдик курултайда кабыл алынган резолюциядагы талаптар канчалык негиздүү жана ага бийлик көңүл бурабы?

“Акыйкат үчүн” кыймылынын координациялык кеңешинин төрагасы Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, бүгүнкү жыйында курултайдын өтүшүндөгү кемчиликтер жана жетишкендиктер, андан тышкары мамлекеттик ММКлардын оппозицияга карата жасап жаткан чабуулуна баа берилет:

-Мына азыр мамлекеттик ММКлар бизге чабуул жасап атпайбы. КТРден көрсөтүп жатышат, “Чунга-чанганын” музыкасын коюп, бизди мыскылдагансып көрсөтүп жатат. Албетте биз резолюциянs кабыл алып коюп жөн эле олтура бербейбиз, жер-жерлерде иш алып барабыз. Жумуш көп.

12-апрелде өткөн курултайда кабыл алынган резолюцияда бийликтин жоопкерчиликсиз ишинен улам өлкө оор социалдык жана экономикалык абалга туш келгени айтылат. Ошондой эле 9 пунктан турган бул документте 2007-жылы өткөн референдумду жана парламенттик шайлоону, Жогорку Кеңеш чыгарып жаткан чечимдерди легитимсиз деп табуу, энергетика тармагын менчикке сатууну токтотуу талап кылынган. Эгерде коюлган бул талаптар чукул арада аткарылбаса, кыймыл өлкө боюнча ар кандай нааразылык чараларын уюштураанын эскертет.

А. Жекшенкулов бл талаптардын аткарылышына канча убакыт берилээри азырынча тактала электигин белгиледи:

-Канча убакыт берилээрин биз азырынча тактай элекпиз, бул маселе чукул арада талкууланат.

Ал эми саясый серепчи Кубан Абдымен учурда бийлик резолюцияда коюлган талаптардын бирин да аткарууга ою жок деп эсептейт:

-Менин жеке пикиримде, учурда бийлик бул талапnардын аткарлышына кадам жасамак түгүл, аны аткарууга ою да жок. Себеби азыркы бийлик туруктуулукту сактап, өзүбүздүн колубузда кармап турабыз, аны чыгарбайбыз, койгон максаттарбызды аткарууга мүмкүнчүлүгүбүз бар деп өзүнө ишенип турган кези.

Кубан Абдымендин белгилешинче, учурда оппозиция бийликти күнөөлөгөндү токтотуп, эл менен бийликтин ортосунда тирешүүгө алып бара турган, кырдаалды курчута турган кадамдардан алыс болуу керек.

Дагы бир саясат тануучу Бекбосун Бөрүбашев болсо, кыймыл курултайга ушунча даярданганга жараша, эки барактан турган резолюция менен чектелбестен, өзүнүн программасы менен чыкса туура болоор эле деген көз карашта:

-Мен бул курултайдан көбүрөөк күткөм. Маселен, экономикалык кризис деп атышат, андан чыгуунун жолдору кандай? Мына ушул багытта деле өздөрүнүн конкреттүү сунуштары менен программасын алып чыгышса болмок.

Ушундай эле пикирин президенттин басма-сөз катчысы Нурлан Шакеив да билдирди:

-Өздөрүн конструктивдүү оппозиция дейбиз дешсе, ушул курултайда алар экономикалык болобу, саясый болобу, бардык жагынан бийликке алтернативдүү түрдө программасын сунуштаганга чоң мүмкүнчүлүгү бар эле. Тилекке каршы андай болгон жок.

Коомдук парламенттин төрагасы Абдыганы Эркебаев коомчулуктагы мындай сын-сунуштарга мындайча жооп берди:

-Референдумдун кандай өткөнүн эл унуткан жок, курултайда мына ушуну бийликтин эсине салып коелу деген максат болду. Талаптарыбызды айттык, эми бийликтин буга мамилесин көрөбүз. Ошого жараша биздин экинчи кадамыбыз да болот.

Президенттин басма-сөз катчысы Нурлан Шакиев бийликтин курултай өткөрүү үчүн имарат бөлүп бериши – президент оппозиция менен конструктивдүү сүйлөшүүлөргө даяр экенин көрсөтүп тураарын айтты:

-Бийлик аларга эч кандай тоскооолдук кылган жок, тескеринче аябагандай чоң шарт түзүп берди. К. Бакиевди кандай гана сындашпасын, бул кадам президенттин оппозиция менен конструктивдүү кызматташууга даяр экендигин көрсөтүп турат.
XS
SM
MD
LG