Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:57

Ысыккөлдөгү Каркыра --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/E770A51A-2B81-4660-B8E6-6C242DE91583.asp жайлоосунун чегин депутаттар аныктап кеткенден кийин жергиликтүү эл түрдүү пикирин айтып атышат. Кээси 620 гектардын казак тарапка берилишин туура көрсө, дагы бир дары анын ичинде үлүшкө кеткен жерлер тургандыктан дыйканды менчигинен Жогорку Кеңеш эмес президент дагы ажыратууга укугу жок дешет.

- Бул жагын казак алып атса, тигил жагын өзбек алып атса, анда депутаттар эмне отурат парламентте? Бийликтин да кереги жок.

“Акжолчу” депутаттардын жоон тобу Түп районунун Каркыра жайлоосуна барып кеткенден кийин эле чогулган жерден ушинтип нааразыланган элди жолуктурууга болот. Бул Түп айылында болгон сөз. Казак тарапка Каркыра жайлоосунан жер бермек түгүл алмашпаш керек деген түптүктөр, анда Сынташ жана Төртүнчүферма аттуу айылдардагы туугандары үлүш жеринен ажырап калаарын белгилешти:

- Ал жерлер элдерге бөлүнгөн, бирөөнүн менчиктери бар. Мындай болсо эл көтөрүлүп, ызы-чуу чыгат. Ал жерде менчик үйлөр турат, айдоо айдап, чөп чаап алып атышпайбы. Берип салса, элге кыйын болуп калат, малдын баары кырылат. Аксуу районун да жайыты бар ал жерде, - өзүн Майрамбек деп тааныштырган адам түптүктөрдүн жеке менчигиндеги жерлерди Жогорку Кеңеш эмес, президент дагы башкага берүүгө укугу жок деп кошумчалады.

Мал менен гана жан сактаган түптүктөр менен кошо Аксуу районундагы айрым жерлери казак тарапка берилерин боолгологон тургундар эл мындай бетегелүү жайыттар менен ак чөп чабылчу жерлерден ажырашса чыр чыгаарын айтышты:

- Мындай боло берсе согуш чыгат. Ал илгертен ата-бабалардан калган жер, Көкөтайдын басып өткөн жери. Эгер казактарга берилип кетсе, эл деген эл да, көп түкүрсө көл болот.

Жергиликтүү элдин үлүш боюнча дооматтарын жокко чыгарган Түп райондук айыл чарба башкармасы Асан Батырканов казак тарапка кетчү 620 гектар жерде жергиликтүү элдин эч кандай үлүш жери жок жана ал түшүм бербеген таштак жер экенин маалымдады.

Өз ара талкуу уюштурган дыйкандар өткөн жумада Жогорку Кеңештин депутаттары Сынташ айылынын эли менен жолукканда айрым гана кызыкдар тургундарды чогултуп, кеңири массанын ою менен эсептешкен жок дешет:

- Бизден ким сурап атыптыр. Жогору жактагылар жөнөкөй элден сурабайт да азыр.

“Акжолчу” депутаттар 2001-жылдын 15-январдагы келишимдери боюнча Каркыра жайлоосунан 220 гектар жер казактарга, 1100 гектар жери Кыргызстанга бөлүнгөнүн, ошол аймакта жашагандарга түшүндүрүп, макулдугун алып келгенин айтып атышат. Бирок мындай камкордуктун өтө чукул бурулушта болгонун Коомдук парламент башкача жоруп атат. “Улуу биримдик” саясий партиясынын лидери Эмилбек Каптагаев бул боюнча мындай ойдо:

- Бир кадам жер үчүн канча ата-бабалар кырылды. Ошол жерди азыркы саясаттын, анан бүгүнкү-эртеңки бир кызыкчылыктын картасына койбосок деген эле ой. Мына 17-апрелде Бакиев Астанага барат экен, кур кол барып айтса болбойт, ушуларды белек кылып ала барсын деп макул болуп койсок болбойт. Эми ал өкмөт аралык, мамлекет аралык мамиле бирде оңолуп, бирде кете берчү нерсе. Менин оюмча депутаттар караөзгөйлүккө салбайт деп ишенсе болот, - дейт Коомдук парламенттин мүчөсү Эмилбек Каптагаев.

Ал эми Жогорку Кеңештин төртүнчү чакырылышынын 11-апрелиндеги сессиясында Кыргызстандагы түндүк аймактык чегараларга чек коюлду делип, Кыргызстан боюнча талашта турган жалпы 15 участканын 6880 гектары Кыргызстанга, 4312 гектар жерди Казакстанга өткөрүү боюнча 65 добуш менен мыйзам долбоору кабыл алынганын КТРдин “Алатоо” кызматы элге байма-бай билдирип атат.
XS
SM
MD
LG