Вашингтондо аны президент Жорж Буш күтүп алды. Папа менен президенттин Акүйдө жолугушуусу белгиленген. Бенедикт 16нын ошондой эле АКШдагы католиктердин лидерлерине кайрылуусу, Улуттар Уюмунда сөз сүйлөөсү, 2001-жылы террордук актыда кыйраган кош имаратттын ордунда болушу күтүлүүдө.