Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:13

Адам өмүрү үчүн баасы өлчөнгүс кадимки суу – кылымдардан бери Борбор Азиядагы нары чыр-чатактуу, нары баарынан маанилүү байлык саналат. Суу үчүн коңшулаш өлкөлөрдүн өкмөттөрү чатакташып --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/society/ky/2008/03/0014A9F2-0A7F-483D-884F-72BEFB34E655.asp , атүгүл жакында аз жерден эки эл ортосунда от тутанып кете жаздады.

Эл аралык коомчулук чөлкөмдөгү мунай менен газга көз артып жаткан чакта, Борбор Азиядагы элдердин өзү үчүн суу баарынан кымбат байлык саналат. Суу – ушу тапта калкынын саны 60 миллионго чукулдап калган чөлкөмдө илгери падышалык Орусия санагандай, 6 миллиондой адам жашаганда да тартыш оокат болуп келген.

Борбор Азия элдерин байыртадан багып келаткан Сыр-Дарыя менен Аму-Дарыянын башаты Кыргызстан менен Тажикстандын тоолорунда жатат, чөлкөмдүн сууга болгон муктаждыгынын 80%ына жакынын ушул экөө толтурат. Бирок сууну туура бөлүшүп, туура пайдаланбаса ал оңой эле “тилсиз жоого” айланып кетээрин бир катар окуялардын мисалы далилдей алат.

Быйыл март айында суунун айынан кыргыз-тажик чегарасында чатак чыгып кете жаздады. Анын алдында Баткендик жетекчилер Тажикстанга агып барган Масчох каналын оңдоп-тазалоо иштерине байланыштуу андагы сууну бүтөп салган. Андагы оңдоо иштери тууралуу кабары жок 150дөй тажик атуулдары 4 күн сууну күтүп отуруп тажаган соң, албууттанган бойдон Кыргызстанга кирип барып, кыргыз чегарачылары менен араздашып, каналдын башын аз жерден талкалап сала жаздашты. Абдухалил Шарифов – ошол окуяга катышкан тажик жараны.

-Ал жерде биздин чегарачылар да, Кыргызстандыкы да топтолуп калды. Эки тарап кыйкырышып басылган соң, 3 күн ичинде окуяны эки тараптуу иликтөөнү убада кылып тарашты. Андан кийин чатакты Исфаранын бийликтери талдамак, - дейт Шарифов.

Бирок ошондон бери чектеш кыргыз-тажик айылдарынын тургундары ал окуя кандай иликтенгенинен кабар алган жок.

Сыр-Дарыянын ташкындаган суусу Түштүк Казакстан облусунда жайкысын дос, кышкысын каска айланганына көп болду. Облустун мурдагы губернатору Өмүрзак Шукеев суунун айынан кыргыз бийликтерине жылына 2 ирет жалынып-жалбарып келаткандарын айтат:

-Жыл сайын эки ирет тизелеп жыгылабыз: жайында суу бергиле деп сурансак, кышкысын сууну токтото көргүлө деп жалынабыз.

Коңшулаш Кыргызстанга көз каранды болгондон тажаган казак бийликтери жакында Түштүк Казакстанда жаңы дамба курууга камданууда. Көк-Серай каналына ашык сууну топтоп, кийин керектүү маалда колдонуу планы ишке ашса, жыл сайын күз-жазда суу каптоо коркунучу тыйылмак. Анткен менен, коңшулаш Кызыл-Ордо, Чымкент облустарынын тургундары Сыр-Дарыядан баш алган суунун көлөмү азайса, аларга жаз-жай айларында сугат суу жетпей калат деп кабатыр. Кызыл-Ордолук дыйкан Сайлаубай Жубатыр уулу аларга суу жетпей, оокат жүрбөй калса, элдин баары Түштүк Казакстанга көчүп барышы керекпи? – деп суроо коет.

Сыр-Дарыя бир кезде Казакстанды аралап барып, Арал деңизине кошулчу, азыр жолу кыйла кыскарып, соолуп бараткан деңизге жакындабай калган. Өзбекстандын бийликтери Түштүк Казакстанда дамба курулса, өзбек дыйкандары болуп көрбөгөндөй мүшкүл күнгө туш болоорун эскертүүдө. Алматылык белгилүү эколог Мелс Элеусизов болочок Көк-Серай дамбасы баары бир аны курууга кеткен каражатты актабайт деген пикирин айтат.

Ошентип, Борбор Азиялык бир өлкөнүн өзүндөгү суу маселесин чечүү аракети сөзсүз коңшулаш өлкөлөрдүн бирине олуттуу зыян алып келчүдөй. Өзбекстандан газ сурап, жыл сайын соодалашкандан жадаган Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан электр энергиясын көбүрөөк өндүрүү максатында жаңы ГЭСтерди курууну пландаштырууда. Ал пландар ишке ашса, коңшулаш өлкөгө азыраак суу агып бара баштайт.

Кыргыз бийликтеринин коңшуларынан суунун ордуна энергиянын башка булактарын соодалап алуу аракети майнап бербей келатканын мурдагы вице-премьер Базарбай Мамбетов белгилейт:

-Эмне дегенде мынабул темир жол тарифтери, эркин транзит (Казакстан аркылуу каттоо), мигранттардын акыбалы өңдүү башка дагы өтө керектүү маселелер чечилбей келатканы бизди акыркы убактарда кыйнап жаткан убак. Былтыр ирригация (жайкы сугат иштери) маалында өзбек туугандар менен казак туугандар бизге сууну бергиле, электрэнергияны сатып алалы дегенинен Токтогул суу сактагычынан 4 млрд куб сууну бекер чыгарып, электрэнергия бергенбиз арзан баада.

Ошентип, коңшуларына кеңпейил мамиле жасап, башка маселелерде жеңилдик алуу аракети натыйжа бербеген соң, кыргыз өкмөтү энергия саясатын катаалдантуу жолдорун талкуулай баштады. 15-апрелде ырасмий Бишкектин жаңы суу стратегиясын Кыргызстандын өнөр жай, энергетика министри Сапарбек Балкыбеков төмөнкүдөй чечмелеп берди:

-Биринчи кезекте биз азыр сууну чогултуп, өз убагында берип атканыбыз үчүн сөзсүз түрдө биздин коңшулар компенсация төлөшү керек. Келечекте болсо, сууга сөзсүз түрдө товар деген статус берип туруп, сууну сатууга, биздин коңшулар каалайбы-каалабайбыз, сөзсүз түрдө ошол абалга келебиз. Сууну өзүнчө, электрэнергияны өзүнчө сатабыз. Бул саясий маселе, бирок биз келечекте ошол абалга жетебиз.

Токтогул суу сактагычында суунун деңгээли төмөндөп кеткенине тынчсызданган кыргыз өкмөтү калктын электр энергия керектөөсүн чектөөгө мажбур болду. Келээрки жылы ал жерде көбүрөөк суу топтоо планын жарыялаган кыргыз бийликтеринин бул кадамдары коңшулаш Казакстан менен Өзбекстан мурдагыдан азыраак суу ала баштаарын каңкуулайт.

Эксперттер ар бир өлкөнүн жеке өзүнүн суу-энергетикалык кызыкчылыктары коңшулаш мамлекеттин мүдөөсүнө каршы келип жатканы акыры барып, сууну Борбор Азиядагы чыр-чатактын башатына айландырбаса болду деп чочулашат.

Сүрөт enrin.grida.no интернет баракчасынан алынды.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG