Папа Бенедикт Ирактагы согушту жана Буштун байлардын салыгын кыскартуу саясатын колдогон эмес. Ал, ошондой эле, Ирактагы калабага жана дүйнөдө байлар менен жардылар арасындагы ажырымдын өсүп баратканына тынчсызданганын үзбөй айтып жүрөт. Ошон үчүн президент Буш менен Бенедикт XVIнын Ак үйдөгү кездешүүсүндө кайсы маселе талкууланышы мүмкүн деген суроо туулат. Америкалык динтаануучу Йозеф Илбридждин айтышынча:
-Папа Буш менен өзгөчө бир темаларга сүйлөшпөйт. Алар социалдык саясат, тышкы же согуш саясаты жөнүндө да сүйлөшпөйт. Бул негизинен Папанын сый визити болгондуктан, ал президентке лекция окубайт деп ойлойм. Эки жак президент Буштун СПИДке, безгекке жана кургак учукка каршы күрөшүү демилгесин туура деп табышат. Папа бул ишти колдогондуктан, алар ушул тема жөнүндө кеп кылышы ыктымал.
Йозеф Илбридж - Вашингтондогу Америка университетинин диниятчысы. Акыркы эки жылда Ирак согушуна жана былтыр башталган финансылык капсалаңга байланыштуу Буштун эл ичиндеги ишеним рейтинги өтө төмөндөп кеткен. Ошон үчүн Буш Рим-католик чиркөөсүнүн башчысы менен кездешкенге ашыкча кызыкдар, деп боолгойт диниятчы-аалым:
-Эсиңизге сала кетейин, өлкөдөгү 60-70 миллион католиктин көпчүлүгү саясый жактан өтө активдүү. Папа олуя адам. Президент Папанын мына ушул касиети аз да болсо ага жугушун каалайт деп ойлойм.
Папа Бенедикт XVI бейшемби күнү Нью-Йоркто АКШнын көп диндүү, түрдүү улуттуу жана түркүн маданияттуу элине кутпа сөзү менен кайрылат. Ошондой эле 2001-жылдын 11-сентябрдагы террордук чабуулдан кыйраган Дүйнөлүк Соода Борборунун ордуна барып, зыярат кылат.