Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

10:20 Укук коргоочулар энергетиканы менчиктештирүү боюнча бийликке кайрылуу жолдошту


Кайрылууда укук коргоочулар энергетиканы менчиктештирүүгө каршы экенин билдиришип, энергокредитти пайдалануу боюнча мамлекеттик аудит жүргүзүүнү талап кылшууда. Ошону менен катар, алар жарандык аудит жүргүзүүгө даяр экендиктерин белгилешүүдө. “Бийлик 300 млн.доллар энергокредитти эл үчүн пайдаланаарына ишенбейбиз, бүгүн унчукпасак эртең Бишкек ТЭЦинен ажырап калышыбыз мүмкүн. Алар буга чейин алган кредиттерди төлөй албастыгын билип, объектилерди сатып жатышат ”, деп жазылат билдирүүдө. Кайрылуунун ээлери А. Абдырасулова, Н. Аблова, Д. Ошурахунова, Б. Макенбаева, бардыгы болуп он укук коргоочу ушундай эле мазмундагы кайрылууну элге жолдошту. Анда алар элди энергетиканы менчиктештирүү боюнча кадамдарына жооп талап кылып президенттин дарегине, факс, телеграмма жана каттарды жиберүүгө, жарандык позициясын билдирүүгө чакырышты.(MSu)

XS
SM
MD
LG