Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

11:15 Президент “Миң жылдыктын чакырыктары” программасын жактыруу жөнүндөгү мыйзамга кол койду


Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы шейшембиде кабарлады. Ошентип, АКШ Өкмөтүнүн “Миң жылдыктын чакырыктары” программасынын алгачкы этаптагы “босого программасы” күчүнө кирди. Анын негизинде АКШ эки жыл ичинде Кыргызстандын сот системасын реформалоого 16 млн.долларга жакын жардам көрсөтөт. Эгерде Кыргызстан босого программасынын талаптарын натыйжалуу аткара алса, андан ары “Миң жылдыктын чакырыктары” программасынын алкагында өлкөгө көрсөтүлүүчү акчалай жардамдын көлөмү жогорулайт. Бул тууралуу сүйлөшүүлөр жакында Бишкекте АКШнын Мамдепартаментинин расмий өкүлү Памела Спратлен айым менен кыргыз мамлекетинин жетекчилиги ортосунда жүргөн. (TD)

XS
SM
MD
LG