Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:49

А.АБДИРАСУЛОВА: ЭЛ НААРАЗЫ БОЛСО, ЭЧ КАНДАЙ МЫЙЗАМ АНЫ ТОКТОТО АЛБАЙТ


Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек Кечээ парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, мыйзамдуулук жана адам укуктары боюнча комитети жарандардын эркин, куралсыз, тынч митинг жана демонстрацияларды өткөрүү боюнча мыйзамга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/04/F57C328E-9C03-4698-BB02-37350DB522E1.asp биринчи окууда жактырды. Долбоордун демилгечиси - Коммунисттер фракциясынын башчысы, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев. Бул мыйзам долбооруна укук коргоочулар жана коомчулук өкүлдөрү каршы чыгып жатышат. Мына ушуга байланыштуу “Азаттык” үналгысы укук коргоочу, “Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулованы кепке тартты.

-Жогоруда аталган мыйзамга бир катар чектөөлөр киргизилген экен. Мунун себеби – демилгечилер тарабынан митинг өткөрүү учурунда башка жарандардын укугу бузулуп жатат деп айтылган экен. Ошондой эле эл көп жүрүүчү жолдорду жана автожолдорду тосууга тыюу салынган. Бирок президент, өкмөт, Жогорку Кеңеш жайгашкан имараттардын жанында дагы митинг-пикет өткөрүүгө болбойт деп жазылыптыр. Муну митинг өткөрүүгө чектөөнүн өтө катуу киргизилиши деп түшүнүүгө болобу?

-Албетте, бул мыйзам долбоору, башкача айтканда, бүгүнкү күндө иштеп жаткан мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү демилгеси атайын эле пикет-митингдерди өткөрбөй коюунун эле аракети. Муну ушундай деп кабыл алса болот, таптакыр Кыргызстанда пикет-митингдер өтпөй калсын деген ниетти билдирип турушат.

-Бирок сиз менен бизге белгилүү болгондой, нааразылык акциялар көбүнчө бийликтин же парламенттин аракеттерине каршы уюштурулуп жүрөт да...

-Албетте. Бир гана пикет-митингдер парламенттин же болбосо, бийликтин иш-аракеттерине каршы эмес. Мына бүгүнкү күндө социалдык-экономикалык абал өтө начар убакытта, кымбатчылык, жумушсуздук учурда ар түрдүү талаптар менен ар бир жаран өзүнүн оюн билдирип, бийликтен кандайдыр бир көйгөйдү чечип берүү талабы менен чыкканга мүмкүнчүлүк болуш керек.

Ал эми пикет-митинг деген саясий жарандык укукка кирет. Ал эми жарандардын саясий жана жарандык укуктарын чектөө менен ошол мамлекет жарандардын социалдык-экономикалык укуктарын чектеп жатат.



Бүгүнкү күндө пикет-митингдерге өтө аесуз чектөөлөрдү киргизүү аракеттерин мен эң биринчи бүгүнкү күндө энерготармакты сатууга болгон аракеттери менен байланыштырам. Себеби энерготармакты саткандан кийин бизде Тажикстандын, Грузиянын абалы келип, өтө кымбатчылык, оор жашоо болушу мүмкүн. Ал жөнүндө башка айтпаганда, президентибиз деле “тезектериңерди камдагыла” маанисинде айтып кетти. Ошондой бир кыйын убакытта элден эч ким чыкпасын, эч ким өзүнүн көйгөйүн айтпасын деген ниет болуп жатат.

Бул жерде мамлекет өзүнүн жарандарынын алдындагы милдетин, социалдык-экономикалык милдетин, ошол жарандарга жакшы жашоону камсыз кылуу милдетин унутуп, ошондон чектелип баратат. Бул жерде бир нерсени белгилеп кетким келет: кечээ өз сөзүндө Исхак Масалиев 24-март тууралуу айтып кетти. “Ошондой окуя кайталанбасын” деген кыязда. Бирок эгерде 24-март 2005-жылдагы окуя жаман окуя болсо, анда ал күндү эмнеге биз майрам деп белгилеп жатабыз? Эгерде жакшы окуя болсо, анда эмне себептен андай окуянын кайра кайталанышын каалабайбыз? Ушундай бир түшүнүксүз маани бар бул жерде.

-Сизде кечээ аталган комитеттин мүчөлөрү менен жолугушуу учурунда ушул мыйзам долбоору тууралуу кандайдыр бир пикирге келише алдыңыздарбы?

-Бул мыйзам долбоору менен бир пикирге келиш өтө кыйын. Бирок биз жөн эле сындап эле койбостон, мисалы, мен өз тарабынан өз сунуштарымды киргиздим. Мына ЕККУнун атайын бир жетектөөчү принциптери бар, ушундай пикет-митингдер жөнүдөгү мыйзам долбоорун даярдоодо ошол принциптерди жетекчиликке алыш керек. Ал принциптер ошол жарандардын пикет-митингдерди өткөрүүгө болгон аракетинин пайдасына чечилиш керек.



“Пикет-митингдер демократиянын негизги принциптеринин бири”

-Мурдагы бийликтин тушунда да мына ушундай чектөөлөргө карабай нааразылык акциялары уюштурулуп, республикадагы эң стратегиялык жолдордун бири деп эсептелген Бишкек-Ош жолу бир нече жолу тосулган эле. Кээде бийлик элдин сөзүн укпай, мындай жолдорго барууга аргасыз кылат деген пикирлер бар.

-Албетте, эгерде элдин ичинде ич-күптүсү, нааразычылыгы күч болсо, аны эч кандай мыйзам токтото албайт. Ага эч кандай мыйзам чектөө кое албайт. Чектөө койгонго аракет кылгандын ордуна ошол жарандардын көйгөйүн убагында чечип, ошолорду ошол пикет-митингге күч колдонуп чыгарбай коюу эмес, чындыгында эле чыгууга оор шарттарды түзбөй коюуга аракет кылса болот.

Ал эми пикет-митинг дегенден коркуунун эч кандай кажети жок. Бул деген эркин оюн билдирүүнүн, демократиянын негизги принциптеринин бири. Эгерде бүгүн пикет-митингге чыгуу болбосо, эртең сөз эркиндиги жоюлат. Кийнки күнү кенен-кесири мамлеттин ичинде басып жүрүү эркиндиги бузулат. Ансыз деле ошол эркиндиктердин бардыгы чектелип баратат. Анан ушулардын бардыгы топтолуп келип, энергосектор сатылса, жерлер чексинен кетип жатат, анан элдин нааразычылыгы чогулат дагы, бир күнү ошол эле 24-марттагыдай эл көтөрүлүп чыгат. Анда эч кайсы мыйзам аларды токтото албай калат.



-Бирок ушул Ош-Бишкек жолун тосууда сиз өзүңүз дагы катышып жүрдүңүз эле. Митингчилерден тышкары дагы эл бар да. Мисалы, жүргүнчүлөр. Ошол учурда чындыгында алардын 2-3 күндөп убактылары кетип, укуктары бузулду. Сиз ушул жагына кандай карайсыз?

-Албетте, менин укугум дегенде жаныбыздагы адамдардын укугун кошо ойлошубуз керек. Бирок ошол Ош-Бишкек жолун тосууда, атап айтканда, баягы Аксы окуясынан кийин, Аксыда отузга жакын адамга ок жаңырып, ошонун алтоо каза болгон убакытта, аксылыктар жыргаганынан келип туруп, Ташкөмүрдө Бишкек-Ош жолун тоскон жок да. Алар балдары өлүп, кан-жутуп турганда келди. Мен ошолордун арасында болдум.

Ошол кезде ары-бери өткөн шоопурларды аксылыктар таптакыр эле бууп, өткөрбөй туруп алышкан жок. Ошолорго Аксыдагы ок атылган видео кассетаны коюп берип, чогултуп туруп, 10-15тен кылып туруп жөнөтүп турушту. Ошол эле шоопурлар аксылыктарга чөнтөгүндө акчасы болобу, тамагы болобу, кийимин таштап, көзүнүн жашын төгүшүп, ыраазычылыгын билдирип, “Аксы эли, силер чындыгында кор болуп турсуңар, өз укугуңарды коргоп алгыла” деп айтып кетип турушту. Эл элди түшүнөт, эл элге эч качан душман эмес.

Албетте, биз тынч митинг менен күч колдонулган митингди айырмалашыбыз керек. Биз бул жерде укук коргоочулар талашканыбыз – эл тынч, колуна курал албай, таш албай, таяк албай, “менин укугум бузулду, ушуну коргоп бергиле” деп кайрылганды эсептейбиз. Ал эми колуна таяк алып, таш алып, же кандайдыр бир курал алып чыккан - бул тынч митинг эмес. Бул деген күч колдонуу. Ага башкача мыйзам болуш керек.



-Ушул сөз кылып жаткан мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуулар, талкуулар уюштурулат деп айтылып жатат. Бирок парламенттин тиешелүү комитетинин макулдугун алган мыйзам долбоорлору депутаттардын колдоосун оңой эле таап кетип жатат. Буга чейинки бир-эки мыйзам долбоору муну көрсөттү. Жакшы жагына өзгөрүү болот деп ишене аласызбы?

-“Үмүтсүз – шайтан” деп коет кыргыздарда. Үмүт кылып туралы. Кечээ дагы ошол парламенттик комитеттеги кароодон кийин мен атайын Исхак Апсаматовичке кирип, сүйлөштүк. Албетте мыйзамынын чийки жана өтө кооптуу экенине Исхак Апсаматовичтин дагы менимче көзү жетип турат.

Биз жөн эле сындабастан, өзүбүздүн сунуштарыбыз бар, биз бүгүн татынакай эл аралык нормаларга жооп берген, жарандардын эки тарабынын тең укугун бузбаган жана бийлик менен жарандардын ортосунда биргелешкен аракетти түзө турган бир мыйзам долбоорун биргелешип жасап чыгаралы, деп сунуштарыбызды киргизип жатабыз. Исхак Масалиев ага макул болуп, “биз иштегенге даярбыз” кыязында жооп берди. Албетте биз акырына чейин аракет кыла беребиз.

-Маегиңизге ырахмат.
XS
SM
MD
LG