Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:13
“Ысыккөлдүн Тамга айылында өткөн кылымдын 30-жылдарында салынган аскер санаторийи бар. Ушул жумада ошол үйлөрдүн экөө бошотулсун деген коргоо министринин буйругу чыгып, аталган мекемеге башчылык кылуу үчүн түштүктүн кулуну дайындалыптыр. Ал адам келери менен мекеменин финансы жана медицина башчылыгына өзүнүн жакын адамдарын отургузуп, жаңы дайындалган аскер адамы жергиликтүү тургундарга “көнсөңөр иштегиле, көнбөсөңөр көчүп кеткиле, биз Оштогу жер титирөөдөн жабыр тарткандарды көчүрүп келебиз, үйлөрдү бошоткула” деген талаптарды коюшкан, буга нааразы болгон Тамга, Тосор, Барскоон айыл тургундары нааразылык акцияларына чыккан.

Натыйжада чоң чатак чыгып, жергиликтүү калк менен аскер адамдарынын ортосунда кагылышуу болуп кеткен. Такталбаган маалыматтарга караганда кагылышууда жергиликтүү эки бала жаракат алган” деп маалымдаган бүгүнкү “Алиби” гезити, ушул жуманын дүйшөмбү күнү түнкү саат 11де Тамга айылына Коргоо министрлигинин алдындагы “Скорпион” деп аталган атайын аскер бөлүкчөсү түшүрүлгөнүн, террорчулар менен күрөшө турган бул бөлүкчө эмне себептен Тамга айылынын чатырларында жашап жатканын, гезит жарыкка чыгар алдында “Кыргызстан патриоттор” кыймылынын Ысыккөл облусу боюнча координатору Жекен Шамыралиев бул жерде жергиликтүү элдин эч кандай күнөөсү жоктугун, тескерисинче жаңы келгендер жергиликтүү элди басынтып, “көчүп кеткиле”, “Оштон алып келебиз” дешкенин, бүгүн Тамга, Тосор, Барскоон айылдарынан 100дөн ашуун балдар чогулуп, коргоо министри И.Исаковго “Турак жай маселеси боюнча териштирүүлөр токтотулсун жана түндүк-түштүк маселесин ырбаткандар жоопко тартылсын, “Скорпион” аскер бөлүкчөсү тез арада “Тамгадан” чыгарылсын!” деген талаптарды койгонун баяндап чыкты.

“Дагы бир белгилей кетчү жагдай, - дейт аталган гезит - аскердик санаторийдин карамагындагы 6 көп кабаттуу үйдүн ар биринде 80ден кем эмес үйбүлө жашайт. Каркырадан айрылып каны кайнап турган көлдүктөргө “Скорпионду” алып барганы, абалды курчутпаса тынчытпайт. Тамгадагы тамды талашканча казактарга кайрылбай кеткен Каркыраны талашса гана?” деп жазды “Орунсуз иштен омуртка сынбайбы?” деген макаласында.

Ушул эле “Алиби” гезити Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы чегара маселелерине чекит коюлганы менен суу-энергетика боюнча талаштар ырбап атканын, өткөн жумада казак президенти Назарбаев өз өкмөтүндө бул маселени карап, катуу талап койгонун, Токтогул суу сактагычындагы сууну кышында кое берүүдөн улам казак тарап жылына миллиондогон чыгашаларга учурап жатканын белгилеген президент Н.Назарбаев “Биз дагы эле коркуп олтурабыз. Токтогул суу сактагычындагы сууну кыргыздар качан кое берет, Чымкент менен Кызыл Ордо суу астында калабы? деп, биз мындан ары минтип жашабашыбыз керек” деп айтканын, казак тарап мына ошон үчүн Көк Сарай деп аталган суу тосмо куруп жатканын, бул суу тосмо бүтөрү менен казактар биз электр энергиясын иштеп чыгуу үчүн кышында кое берген сууну тосуп алып топтоп, жайында сугат үчүн пайдаланарын, демек жакын арада алар кыргыз суусуна болгон көз карандылыктан кутуларын жазып, “казак бийлиги аз гана убакыттын ичинде чегара, пансионат жана суу маселесин жалаң өз элинин пайдасы үчүн чечкенге жетишти, эми эртең дагы эмне бизди алар экен?” деп кошумчалады.

“Экс-мамкатчы О.Ибраимов “АКИпресс” маалымат агенттиги аркылуу “Эгер Мекенине кайтып келүүнү кааласа, Аскар Акаевди Кыргызстанга алып келүү керек” деп айтты эле, сиз Акаевдердин кайтып келишин каалайсызбы?” деген суроо менен жаңы жарык көргөн “Дело №...” гезити айрым-аттуу баштуу жарандарга кайрылганда А.Мадумаров “Эгер Осмонакун ошону кааласа, Акаевди өзү алып келип алсын” деп, М.Суталинов “Комментарий бер албайм. Мени эмне Осмонакун Ибраимов менен тытыштыралы деп атасыңарбы же кызматымдан учуп кетейинби?” деп, Р.Отунбаева “Сурай турган суроону тапкан экенсиңер. Бул тууралуу уккум да келбейт” деп, З.Курманов “Бул деген Акаевдердин жеке иши. Кандай кыларын өздөрү чечет. Бирөөнүн жеке ишине кийлигишүүгө жол берилбейт” деп жооп кайтарат.

Ал эми А.Мамасалиев “Адамдык нарк-насилден алганда алып келсе болот, бирок саясый өңүттөн алганда 2015-жылга чейин бул мүмкүн эмес. Ал эми менин жеке оюмда Акаевдердин кайтып келишин каалабайм деп, Б. Шерниязов “Эгер мынабул бийликтин ордунда мен болгондо Акаевдерди эбак апкелип, өз элинин алдында жооп бериш үчүн чөгөлөтмөкмүн” деди.

А.Сасыкбаева “Экс-президентти алып келүү керек, кандай болгон күндө да ал биздин өлкөнүн жараны” деп, Т.Тургуналиев “Эртеби-кечпи Акаевди алып келиш керек. Бирок баягыдай эле жыргап жашаш үчүн эмес, ал жана анын үйбүлөсү эл алдында, сот алдында жооп бериш үчүн алып келиш керек. Тилекке каршы Акаевдин экс-президент деген статусу бар үчүн Кыргызстан Орусиядан алалбай келет дешкени менен эки өлкөнүн ортосунда мындай келишим жок. Ал эми өлкөнүн азыркы жетекчилери бул кол тийбестикти сакташ үчүн бардыгын жасап жатат” деди.

Ушул эл суроого Т.Какчекеев “Акаевдердин үйбүлөсү өз элинин алдында кечирим сурай элек. Кыргызстан экономикалык, аймактык, саясый күнкорсуздугун жоготту. Эл жакырчылыкка батып, өлкө эң коркунучтуу шумпайлардын уюгуна айланды, көмүскө экономика менен кошо тамырлап өскөн криминал мамлекеттик бийликтин иштешине кедерги болуп жатат. Дал ушул схеманы Акаев түзүп кеткен. Демек анын кайрылып келишине азыр эртелик кылат” деп, Н.Омаров “Акаевге коюлган күнөөлөрдүн көбү жокко чыгарылды, демек анын Кыргызстанга кайтып келүүсүнө эч кандай тоскоолдук жок деп ойлойм. Бирок чындап алганда Акаевдердин кайрылып келишине негиз жок. Анткени анын келишинен жаңы бийлик коркот. Акаев кайтып келери менен анын тегерегине кайрадан мурдагы акаевчылар чогулуп бийликке каршы оппозициялык уюм түзүп, өз режимин орнотууга аракет жасайт” деп жооп беришкен.

Гезит андан ары жөнөкөй адамдардын да оюн уккусу келип Анипа аттуу пенсионерге кайрылганда ал “Бул жакка экс-президент Акаев эле кайтып келбестен, бул жактан эмдиги президент Бакиев да өз каалоосу менен чыгып кетиши керек. Карап көргүлө, азыр эл “Акаев эле жакшы турбайбы” деп айта баштады. Чын-чынына келгенде элдин кыжырын Акаевге караганда Бакиев көбүрөөк келтирип жатат” деп жооп берген.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG