Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:53

Аида Касымалиева, Прага Кытай мурдагы жылдарга салыштырмалуу адамдарды өлүм жазасына тартууну азайтты, бирок дагы да болсо, бул өкүмдү башка өлкөлөргө салыштырмалуу көбүрөөк колдонууда. Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча, Кытайда жок эле дегенде 470 адам өлүм жазасына буйрулган. Бул тууралуу Эл аралык Мунапыс (International Amnesty) уюмунун соңку баяндамасында айтылат.

Өлүм жазасы өкүмүн аткаруу боюнча Иран дүйнөдө экинчи орунда. Бул өлкөдө былтыры 377 адам дарга асылган. 2006-жылга караганда бул сан эки эсеге өскөн.

“Эл аралык Мунапыстын” серепчилери тастыктагандай, Америкада бул өкүмдүн аткарылышы 15 жылдан бери эң төмөнкү көрсөткүчкө түшкөн. Тизменин бешинчиси болгон АКШда 42 адам өлүм жазасын алган.

Өлүм жазасына кеткендердин эң жашы 13 жашта.

Иран, Йемен жана Сауд Арабия өлкөлөрүндө 18 жашка чыга элек кылмышкерлер өлүм жазасына тартылышкан. Алардын эң жашы - ирандык 13 жашар өспүрүм.

Ал эми Кытайга кайрадан кайрылчу болсок, бул өлкөдө, айрым илкитөөлөргө караганда, өлүм жазасына тартылгандын саны 470 тей кишиге жеткен. АКШда жайгашкан Дун Хуа корунун маалымдашынча, 2007-жылы 6000 адам өлүм жазасына буйрулган.

Кытайдан өлүм жазасына тартылган адамдар боюнча так маалымат алуу өтө кыйын, себеби бул өлкөдө аталган өкүм “мамлекеттик сыр” болуп эсептелет.

Былтыр Кытайдын өкмөтү мурдагы жылдарга салыштырмалуу өлүм жазасы азыраак ишке ашырылаарын билдирген эле. Өлкөнүн сот системасында өткөрүлгөн реформаларга ылайык, Кытайдагы өлүм жазасы өкүм кылынган бардык кылмыш иштерин Жогорку Сот текшерип, ырастоого тийиш. Натыйжада, экономикалык жана коорупцияга байланышкан кылмыштар үчүн өлүм жазасы берилген учурлар азыраак болмок. Кытайдын “Синхуа” мамлекеттик маалымат агенттиги өлүм жазасынын ордуна кылмышкерлердин жарымы өмүрүнүн акырына чейин абакка кесилгендигин жарыялады.

Жалпысынан алганда, тизмеге кирген 51 өлкөдө 3 347 адам өлүм жазасына кесилген. Дагы 27 500 адам өз кезегин күтүп турат, деп бышыктады “Эл аралык Мунапыс” уюму.

Бириккен Улуттар уюму өлүм жазасына каршы.

2007-жылдын декабрь айында Бириккен Улуттар уюмунун башкы ассамблеясы дүйнө өлкөлөрүн өлүм жазасын ишке ашырууну токтотууга чакырды.

Бириккен Улуттар уюмунун Мексикадагы элчиси Клауде Хеллер (Claude Heller) 2007-жылдын декабрында БУУнун башкы Ассамблеясынын Нью-Йорктогу отурумунда төмөндөгүлөрдү айткан:

- Бул резолюциянын максаты - өзүбүздүн оюбузду бирөөгө таңуулоо же бирөөнүн ишине кийлигишүү эмес. Биздин каалообуз - өлүм жазасын жок кылуу боюнча өсүп жаткан тенденцияны жайылтуу жана күчтөндүрүү.

Ошол эле отурумда сөз алган Барбадостун Бириккен Улуттар уюмундагы элчиси Мухаммад Дегиа (Muhammad Degia) өлүм жазасына тыюу салууга каршы чыккан:

- Эл аралык мыйзамдар да өлүм жазасына жол берет жана Барбадос бул суверендүү укугун ишке ашырууну каалайт. Себеби бул жаза өтө оор кылмышка барган адамдарды коркутуп-үркүтүү үчүн бир арга экендигине ишенет.

Бириккен Улуттар уюмунун чакырыгына карабастан көптөгөн өлкөлөр алда канча жумшак өкүм чыгарчу кылымыштар үчүн деле өлүм жазасын арбын колдонуп келишет.

Мисалы, Иранда эки баланын атасы аялынын көзүнө чөп салгандыгы үчүн айыптуу табылып, өлүм жазасына тартылган. Сауди Арабиядагы Египет улутундагы адамды анын сыйкырчылык менен алектенгендиги үчүн башын алышкан. Түндүк Кореядагы бир заводдун жетекчиси балдарын жогорку кызматтарга дайындагандыгы жана эл аралык телефондорго чалгандыгы үчүн атууга кесилген.

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү кырдаалга көз чаптырсак, Өзбекстан өлүм жазасынан 2008-жылдын 1-январынан тартып баш тартты. Ал эми былтыр Кыргызстан жаңы Конституция кабыл алып, өлүм жазасына тыюу салган. Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасында Түркмөнстан биринчи болуп 1999-жылы өлүм жазасына тыюу салган.

Сүрөт nnm.ru интернет баракчасынан алынды.
XS
SM
MD
LG