Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:51

15:15 Энергетика маселесин карап жаткан “Ак Жол” фракциясынын отуруму жабык өттү


“Кылым шамы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Азиза Абдырасулованын айтымында, “Энергетика жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдүү киргизүү маселеси жана “Кыргызстандын стратегиялык объектилери жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланып жаткан “Ак Жол” фракциясынын отурумуна укук коргоочулар танаписке чейин гана катышышты. Бир саат өтпөй эле фракция лидери Элмира Ибраимова отурум жабык өтөт деп, депутаттар маселени талкуулоо үчүн башка бөлмөгө кетишти. “Муну менен алар өздөрүнүн жүзүн көрсөтүштү”, дейт А. Абдырасулова. Укук коргоочунун айтымында, алар бул маселе боюнча жакынкы арада тегерек үстөл жыйынын өткөрүүнү жана жагдай боюнча маалыматты элге жеткирүүнү пландаштырышууда. Ал эми “Ак Жол” фракциясынан депутат Алишер Мамасалиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, отурумда Энергетика боюнча улуттук программа каралды. Отурумдун жыйынтыгы боюнча, энергетика тармагын менчиктештирүү жөнүндө толук маалымат берүү өкмөткө тапшырылды.(MSu)

XS
SM
MD
LG