Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:18

17:21 “Акыйкат үчүн” кыймылынын координациялык кеңеши жана Коомдук парламент УТРК жетекчилигинин иш аракеттерине тынчсыздануусун билдирүүдө.


Кыймылдын билдиришинче, учурда УТРК элдик канал болбой эле, бир үйбүлөөнүн куралы катары иш алып барууда. “12-аперлде өткөн Элдик курултай жогорку деңгээлде өткөнүн көрүшүп, аны атайылап жаманатты кылуу аракетин көрүштү. Курултайдагы бош орундар жыйын баштала электе тартылып алынды, ал эми уйку сурап олтурган адамдар - атайын жиберилген чагымчылар”, деп билдирет кыймылдын мүчөлөрү. Ушуга байланыштуу “Акыйкат үчүн” кыймылы жана Коомдук парламенттин мүчөлөрү коомчулуктум жана прогрессивдүү күчтөрдү УТРКнын жетекчилигинин иш аракеттерине баасын берүүнү суранышууда. Кыймылдын мындай билдирүүсү боюнча УТРК жетекчилигинен азырынча жооп алуу мүмкүн болгон жок.(MSu)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG