Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:36

18:28 Таластагы талаштуу чегара боюнча эки тараптуу комиссия түзүлөт


Талас облусунун губернатору кечээ күнү Казакстанга караштуу Жамбул облусунун акими Бөрүбай Жексенбин менен жолугушуп келди. Жолугушууда облустун башчылары Карабуура районуна караштуу Көксай айылындагы чегара маселеси тууралуу сүйлөшүштү. Натыйжада эки тараптуу комиссия түзүп, ал бир айдын ичинде аталган талаш жерди карап, мүмкүн болсо убактылуу пайдаланууга бериле турган кагаздарга кол коюуга даяр экенин Жамбул облустун акими Бөрүбай Жексенбин билдирди. Жамбул облусунун акими Карабуура суу сактагычынын Казак мамлекетине берилүүчү сууну өз учурунда берип турууну облустун губернаторунан суранып кетти. Талас облусунун губернатору Бейшенбек Болотбеков эгерде маселе туура чечилсе, эч кандай тоскоолдуксуз суу берилерин Жамбул облусунун акимине убада кылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” губернатордун пресс катчысы Бакай Садыров маалымдады. (UA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG