Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:25

19:24 Тамчы: Айрым жергиликтүү тургундар аскердик санаторийдин жаңы жетекчисинин ишмердүүлүгүнө нааразы


“Жетиөгүз районундагы Тамга айылында жайгашкан аскердик санаторийге Акибай Карыбеков жаңы жетекчи болуп келээри менен өз кишилерин алып келген атат”, - деп билдирди “Барскоон” демилгелүү тобунун башчысы Абдыкалый Чолпонкулов. Жаңы жетекчинин санаторийдеги 80 квартираны бошоткула деген буйругуна макул болбогон эл 14-апрель күнү тосулган бетон эшиктерди талкалап салган. Мына ушундан кийин гана куралданган аскерлер пайда болгон. Бирок буларды Жетиөгүз райондук акиминин орунбасары Канатбек Субатаев четке кагып, аскерлердин топтолгонун санаторийдеги ремонт иштери менен байланыштырды. “Анткени шериктеш өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин саммити быйыл Ысыккөлгө чогулат”, - деди К.Субатаев. (RB)

XS
SM
MD
LG