Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:00

“АКЫЙКАТ ҮЧҮН” КООМДУК КЫЙМЫЛЫ УТРКнын ЖЕТЕКЧИЛЕРИНЕ НААРАЗЫ


Бүгүн “Акыйкат үчүн” коомдук кыймылынын координациялык кеңеши жыйын өткөрүп, Элдик курултайдын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/C2B4D615-DB9B-4D3F-AB42-19C32314507C.asp өтүшүнө баа берип, кыймылдын алдыда аткара турган иштери талкууланды. Анда кийинки аптадан баштап курултайдын жыйынтыгы жөнүндө маалыматты алыскы аймактарга жеткирүү, облустарда Коомдук парламенттин штабын ачуу маселеси каралды. Ошондой эле Элдик курултай тууралуу УТРК так эмес маалымат бергенине нааразы болушуп билдирүү таратты. Ал эми УТРКанын маалымат-аналитикалык программасынын баш редактору Рахат Сулайманов аталган кыймылдын телеканалга карата айтылган сын-пикирлерге макул эмес.

“Акыйкат үчүн” коомдук кыймылдын координациялык кеңешинин бүгүнкү отрумунда Элдик курултай тууралуу УТРК так маалымат бербей, атайын оппозицияны жаман көрсөтүү максатында ашкерелеп, мыскылдап көрсөттү, деп талкууга алынып, атайын билдирүү таратты. Анда өлкөдөгү прогрессивдүү күчтөрдү, коомчулукту УТРКнын жетекчилеринин ишине баа берүүгө чакырган.

Аталган кеңештин төрагасы Аликбек Жекшенкуловдун айтымында, УТРК жалпы Кыргызстандын элине эмес, бийликтин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылып, акты кара кылып көрсөтүүдө:

-Бүгүн УТРКнын маалыматы боюнча коомчулукка билдирүү таратып жатабыз. Анткени КТРдин маалымат берүү сапатынын начардыгын элге билдирүүбүз керек. Азыр КТР элдин кызыкчылыгына иштебей бийликке, бир ууч чиновниктерге иштеп калды. Алар ошолордун кызыкчылыгына иштебей мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеши керек эле. Себеби ошол КТР бюджеттен каржыланат. Биз салык төлөйбүз. Ошондуктан биз ар бир маалыматты калыс, адилет, акыйкат чагылдырсын деп талап кылабыз

Аликбек Жекшенкуловдун мындай пикири менен УТРКнын «Алатоо» маалымат-аналиткалык программасынын баш редактору Рахат Сулайманов макул эмес. Анын айтымында, УТРК коомдо болуп жаткан жаңылыктарды болгонун, болгондой кылып чагылдырууда:

-Оппозиция болобу, коомдун кайсы жагында болбосун УТРК бардыгын болгонун, болгондой эле көрсөтүп жатат. Кыргыздар «камырдан кыл издегенди» жакшы көрөт эмеспи. Ошол сыяктуу балким маалыматтын кайсыдыр бир жери жакпай калгандыр. Азыр УТРКда жаңылануу болуп жатканын байкаган чыгарсыңар. Качан эле оппозиция тууралуу маалыматтар УТРКдан көрсөтүлүүчү эле, - деди Рахат Сулайманов.

«Президенттик шайлоо өз мөөнөтүндө жана демократиялык негизде өтсүн»

Координациялык кеңештин отурумунда Элдик курултайдын өткөрүлүшүнө карата коомчулуктун, саясатчылардын, байкоочулардын пикири ортого салынды. Курултайдын жыйынтыгы тууралуу маалыматты кечиктирбестен эл арасына таратып, аймактарда элдик жыйындарды өткөрүү чечими кабыл алынды. Ошондой эле ар бир облуста «Акыйкат үчүн» кыймылдын же Коомдук парламенттин штабын түзүү сунушу айтылып, колдоого алынды.

Элдик курултайда көтөрүлгөн электр тармагы, чегара, Ысыккөлдөгү төрт пансионат, өлкөдөгү саясий-экономикалык маселелер менен катар бийликке саясий багыт боюнча да талап коюлду, дейт аталган кыймылдын мүчөсү Табылды Акеров:

-Конституция боюнча президенттин мөөнөтү келерки жылы октябрь айынын соңунда бүтөт. Ошол мөөнөткө байланыштуу саясий оюндар болуп кетпесин деп дагы бир пункт кабыл алдык. «Ошол мөөнөттө президенттик шайлоо өтсүн жана демократиялык негизде өтүүсүнө шарт түзүп берсин» деген. Азыр Элдик курултайдын өтүшүнө карата коомчулуктан жакшы пикирлер айтып, колдогондор көп болууда. Ал эми толук маалымат жетпеген жерлерге кийинки аптада кыймылдын мүчөлөрү алыскы айылдарга чейин барышып, кененирек айтып беришет. Коомдук парламент менен кыймылдын талаптарын түшүндүрүп, элдин дагы пикирине көңүл бурабыз.

Координациялык кеңештин отурумунда ошондой эле Каркыра жайлоосундагы жерлердин Казакстанга берилүүсүнө каршы кайрылуу кабыл алынып, коомчулукка жарыяланды.



Расмий бийлик өкүлдөрү болсо Элдик курултай Баш мыйзамда көрсөтүлгөнү менен анын жоболору иштелип чыкпагандан кийин анда каралган маселердин таасири жок экендигин белгилешүүдө. Алар курултайды кызматтан алынган бийликке таарынган саясатчылардын тобу уюштурду деген пикирлерин айтышууда.

Ал эми саясат таануучу Марс Сариев болсо, Элдик курултайдын өтүшүнө талдоо жүргүзүп чыкканын, анда козголгон жүйөөлүү маселелерге бийлик каалайбы-каалабайбы көңүл буруусу зарыл деген көз карашын билдирди. Анын айтымында, учурда түзүлгөн социалдык-экономикалык оор абалда элдин пикирине бийлик көңүл бурбай койсо кырдаал ого бетер курчуп кетиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG