Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:49

«МАЙ КАРМАГАН БАРМАГЫН ЖАЛАЙТ»


Кыргызстандын Эсеп палатасы өткөн жылы миңден ашуун бюджеттик мекемелерди текшерүүгө алып, 4,54 миллиард сом, 6 миллион доллар акча максатсыз пайдаланылганын аныктап чыккан. Ал эми Каржы министрлиги эки облустун агартуу жайларында өткөн жылы 54 миллион сом акча сарпталып кеткенин таап чыкты. Жыл кур эмес олчойгон бюджеттик каражаттардын уурдалып-кымтылып кеткени тууралуу сөз болуу менен гана чектелет. Мындай көрүнүш жыл сайын кайталанат.

Ошол эле Эсеп палатасынын маалымдоосу боюнча, өткөн жылкы максатсыз пайдаланылган каражаттардын 10% гана мамлекет казынасына кайтарылган. Дагы бир маалымат, 23 киши кызматтан алынып, 302 чиновник тартипке чакырылган. Экономика илим доктору, профессор Айылчы Сарыбаевдин ырасташынча, Эсеп палатасы жыл сайын эле оңор эмес бюджеттик акчалар солонуп кеткенин аныктап чыгат:

- Эсеп палатасы жыл сайын 5 миллиард сомдук жеп-ичүүлөрдү аныктап чыгат. А бирок ошол 5 миллиард ашуун сом аныкталып, такталып чыкса да алар боюнча так жыйынтык чыгарылбайт. Жоопко тартылбайт. Жоопко тартылбагандан кийин аны эч ким капарына да албайт. Жыл сайын жеп-ичүү кайталана берет.

Өткөн жылкы бюджет акчаларынын тагдырына Кыргызстандын Каржы министрлиги да кызыккан. Каржы министри Тажикан Калимбетованын айтуусунда, бюджеттик каражаттарды артыкбаш сарптоого жол берген 5 жетекчи кызматтан алынды:

- Эгер биз эки жылды 2006-2007-жылды толугy менен текшере турган болсок, каржылык мыйзам бузуyлар көбүрөөк болушу мүмкүн. Бүгүнкү күндө эки облус, анан да Жалалабат менен Ош шаарын текшергенде 54 миллион билип туруп эле ашыкча сандарды коюп койгону билинип жатат. Башка райондорду, башка облустарды текшерсек бул сумма бир нече ирет көбүрөөк болушу мүмкүн.

Өткөн жылы Кыргызстан кош баскычтуу бюджет түзүүгө көчүп, өлкөнүн экономикалык турмушуна олуттуу дегидей өзгөртүү киргизген. Быйыл болсо Кыргызстан районду кошуп үч баскыч бюджетке өттү. Кыргызстандын каржы министринин орунбасары Арзыбек Кожошевдин ырасташынча, бул артка кетүүнү түшүндүрбөйт:

- Жергиликтүү бюджет - бул жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджети. Анан райондук, республикалык бюджет. Формасы жагынан алганда бул эки баскычтуу эле бюджет. Себеп дегенде айыл өкмөтү менен райондук бюджеттин ортосунда эч кандай байланыш жок. Алардын ортосунда бюджеттик карым-катнаш жок. Район айыл өкмөтүнүн акчасын ала албайт,- дейт А.Кожошев.

Элдик акча – ээси жок эсептүү байлык

Социалдык багытты көздөгөн Кыргызстан бюджетинин киреше-чыгаша бөлүгү 1 миллиард доллардан ашып, быйылкы жылдын бюджет таңкыстыгы 3,5 миллиард сомду түзөт. Андан кыйла арбын акча жыл сайын коррупциялык схема боюнча уурдалып-тонолуп жок болот. Мунун баары, адис Айнура Чолпонкулованын айтуусунда, бюджет саясатынын ачык эместигинен, ал тууралуу маалыматтан көпчүлүк кабарсыз калгандыгынан чыгууда:

- Бюджет коомчулук билиш үчүн ачык болсун деп баары эле айтышат. Бирок да кандай ачык болорун так көрсөткөн механизм, тилекке каршы, жок. Менимче, ага мамлекеттик органдардын деле кызыкканы билинбейт.

А.Чолпонкулова кийинки кездери экен-токондо өткөрүлүп калган бюджет боюнча коомдук угуулар тек өткөрүлдү гана аты болбосо анда айтылган кеп-сөздөр көпчүлүк үчүн түшүнүксүз калууда дейт. Каржы министрлигинин Интернет баракчасында жарыяланган бюджет боюнча маалыматтарды саналуу адистер гана түшүнбөсө карапайым калктын андайга “тиши өтпөсү” турулуу иш:

- Айталы, Батыш өлкөлөрүндө ал жетиштүү, жөнөкөй элге түшүнүктүү тилде жазылат. Бардыгы жатык түшүндүрүлөт. Каалаган жаран бюджет боюнча суроосуна жооп алып, бюджеттик угуyларга катыша алат. Ал чечүүчү добушка ээ болбосо да өз пикирин айтуyга укуктуу. Бизде андай учур болду беле? Бул да өзүнчө суроо.

Айнура Чолпонкулованын айтуусунда, өлкөнүн негизги экономикалык мыйзамынын кантип түзүлүп, кандайча иштеп жаткандыгы тууралуу көпчүлүккө түшүнүктүү ачык маалыматтын жоктугу жоопкерсиздикти гана туудурууда. Элдик акча – ээси жок эсептүү байлыкка ортодон “май кармаган бармагын жалайт” болуп колун матыргандардын катары эгемендик тушунда жыл санап арбып баратат.

Сүрөт calend.ru интернет баракчасынан алынды.

XS
SM
MD
LG