Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:50

БЕРЛУСКОНИ ЖАНА АНЫН ЖАҢЫ БИЙЛИК МӨӨНӨТҮ


Италияда белгилүү миллиардер жана медиамагнатСилвио Берлускони --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/E34E636C-6758-45B6-90FE-3C4D0EFB7799.ASP кайрадан өкмөт башына келгени турат. Эксперттер чөйрөсүндө жана саясатчылар арасында Берлусконинин премьерлик үчүнчү мөөнөтү учурунда Италия Евросоюздун жана НАТОнун саясатына кандай кыяпта таасир көрсөтөт, АКШ жана Россия сыяктуу өлкөлөр менен ырасмий Римдин мамилелеринде эмнелер өзгөрүшү мүмкүн? - дегендей суроолордун тегерегинде ар түрдүү ой-пикирлер, жоромол-додомолдор айтылып жатат.

Берлускони мурдагы премьерлик мөөнөтү маалында оппоненттеринен негизинен Вашингтон менен Москвага гана көңүлүн төшөп, Италияны Евросоюздагы өнөктөштөрдөн обочолонтуп салды деп сын уккан учурлары арбын болгон.Өзгөчө ал АКШны террорго каршы күрөштө чечкиндүү колдоп, Ооганстанга, андан соң Иракка олку-солкуланбай аскер жөнөткөн.

Вашингтондогу Америка университетинин профессору Эмилио Виано да Италия эми АКШнын Европадагы “айныбас үчүнчү досуна айланат” деп эсептейт. “Берлускони менен анын партиясынын бийликке кайтып келгени президент Буш, жалпы эле Кошмо Штаттары үчүн жакшы жаңылык болгонунда калет жок, - дейт профессор Виано. - Быйыл жыл этегинде барып АКШда жаңы өкмөт шайланат, бирок баары бир бул жалпы эсепте алганда оң маанидеги өзгөрүү болду”.

Бирок Берлускони үчүн алдыдагы беш жылда өлкөнүн экономикасы башкы милдет болчудай. Евросоюздагы төртүнчү ири экономика эсептелинген Италия соңку кездери илкип-калкый баштады. Шайлоочулар жаңы өкмөттөн баарыдан мурда ушул чөйрөдөгү олуттуу өзгөрүштөргө үмүт артып жатат.

Экономиканы Берлускони Россия менен тыгыз кызматташуу аркылуу көтөргүсү келет. Президент Владимир Путин бүгүн чет элдик лидерлердин арасынан биринчи болуп Берлускони менен жолугат. Россиялык “Газпром” жана италиялык ENI мунайгаз корпорациясы Кара деңиз аркылуу өтө турган Түштүк агым долбоорун курууда өнөктөшүп иштөөдө.

Италия менен Россиянын кызматташтыгы өз кезегинде Европанын чыгышындагы өлкөлөрдү шүйшүнтө албайт. Баарыдан мурда НАТОнун мүчөлүк аракет планына кирүүгө умтулган Украина үчүн Берлускони проблема болуп калышы мүмкүн.

“Украина үчүн бул жакшы жаңылык болгон жок, - дейт Римдеги La Sapienza университетинин профессору Оксана Пахловска. – Берлускони баарыдан мурда популист. Анын саясий же идеологиялык платформасы жок, чыгыш Европаны ал өзү үчүн тек гана бир бизнестин аймагындай эсептейт. Ал эми Россияга калганда Берлускони Путин менен өтө жылуу ымалада, орус президентин Чечнядагы аскери кампаниясы үчүн Батыштын баары айыптап жаткан кезде да Берлускони аны колдоп,коргоп келген”.

Мындан тышкары чыгыш европалыктарды, өзгөчө украиндерди, румындарды жана башкаларды Берлусконинин антимиграциялык маанайы да бейпайга сала баштады. Шайлоодо утуп чыгар замат Берлускони чет элдик келгиндер үчүн Италияны жабык деп жарыялай турганын билдирген эле. Бул позицияны анын саясий союздаштары, айрыкча Түндүк лигасы катуу колдоого алууда.

Экономикалык жагдайды жакшыртуу максатында Берлускони башка да чараларды көрүшү ыктымал. Мунун өзү ойго келбес кадамдарды жакшы көргөн Берлускониден Евросоюз, АКШ айрым капылет иштерди күтсө болот дегенди да билдирет.

XS
SM
MD
LG