Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:01

ЫҢГАЙСЫЗ СУРООЛОРГО МАРАТ КАЙЫПОВ МЕНЕН ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ ЖООП БЕРЕТ


12-апрелде Бишкекте өткөн Элдик курултай, митинг-пикиттерди өткөрүүнүн тартиби жана кыргыз-казак --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/F0582ED0-40A7-4960-AA89-F23E155E09C0.asp мамилеси тууралуу маселелер бул ирет “Ыңгайсыз суроолордун” темасы болду. Кубат Оторбаевдин суроолоруна адилет министри Марат Кайыпов жана Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, оппозиция лидерлеринин бири Өмүрбек Текебаев жооп беришти. Бул берүү 16-апрелде УТРКнын жетекчилигинин чечими менен ободон алып салынган.

Кубат Оторбаев: -Марат мырза, “Азаттыкка” буга чейин берген маегиңизде сиз курултай тууралуу айтып, курултай тууралуу мыйзам жок болгондуктан, анын кабыл алган чечимдери, резолюция мыйзамдык күчкө ээ эмес деп айттыңыз. Бирок ошол эле убакта ал чыгарган чечим, ошол жерде топтолгон элдин пикири моралдык жактан күчкө ээ болобу, анан бийлик ошого кандайдыр бир реакция жасайсыздарбы?

Марат Кайыпов: -Биринчиден, айта кетсек, курултай бул Конституциялык орган болуп калды. Себеби Конституциянын 23-беренесинде, эл кабыл алып берген Конституциянын жаңы редакциясында минтип жазылган: “Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана башка маанилүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасы тарыхый салттар боюнча курултай өткөргөнгө укуктуу”. Анан ал Кыргыз Республикасында кантип курултай өткөрөт, ким курултайды чакырат, курултайга келген делегаттар кандай принцип менен келет, кайсы райондон келеби, же улуттан алынабы, же партиялык принцип кабыл алынабы, мына ушулардын баардыгы мыйзам менен аныкталыш керек эле.

Анан эң эле негизгиси курултай чыгарган чечим бул кандай күчкө ээ? Сөзсүз түрдө ал аткарылыш керекпи, же ал бийликке өзүнүн сунушун айтабы, ошол сунушту бийлик кабыл алганын кабыл алып, кабыл албай турганын “жок, мунуңар кабыл алына турган эмес экен” деп айтылабы? Мына ушул маселелер мыйзамда сөзсүз түрдө таризделиш керек болчу. Тилекке каршы ушул күнгө чейин мындай мыйзамыбыз жок. Себеби кечээ эле Конституцияны кабыл алдык, бул мыйзамды азыр иштеп чыгып, биз кабыл алгандан кийин гана курултайды уюштуруп өткөрсөк, курултайдын чечими эл үчүн да легитимдүү болмок.

Экинчи жагынан, азыр бир гана оппозиция тарап, бийликке нааразы тарап курултай чакырып алды. Анан ушул бир тарапка чогулган элдин чыгарган чечими Кыргыз Републикасынын эли ошого ынанабы, көнөбү? Мындайча айтканда, биздин оппозициянын жетекчилери шашып-бушуп курултай чакыра коюшуп, анан маселени талкуулап, өздөрүнчө резолюция кабыл алып, анан ошол резолюцияны бийликке таңуулап атышат. Болгондо да жөн таңуулабай, ультиматум менен таңуулап атышат.

Кубат Оторбаев: -Өмүрбек мырза, мына азыр эле айтылды. Ошол курултайга чакырылгандар кандай принцип менен тандалып алынды? Ошол жерге чогулган бир жарым миңге жакын адам жалпы Кыргызстан элинин азыркы ой-пикирин толук чагылдыра алабы?

Өмүрбек Текебаев: -Биринчиден, бул биринчи курултай эмес, Акаевдин убагында дагы мындай курултайдын бир тобу өткөн. Эң биринчи курултайда “Ата мекен” партиясы уюштуруучуларынан болуп, мен төрага болуп алып баргам. Бул - “курултай мыйзамсыз” деген бийликтин талабына жооп.

2005-жылы мартта дагы региондордо курултай болуп, алар өз убагында билесиңер, губернаторлорду жана башка бийлик органдарын дайындаган. Мен сөз келгенинен айттым. Ал эми биз курултай “Граждандык адилеттүүлүк үчүн” кыймылынын демилгеси менен чакырылып отурат. Курултай биринчи кезекте өкмөт тарабынан көз жаздымында калтырылып, же атайлап берилдирилбей жаткан жагдайдарды, альтернативалык көз караштарды элге айтып, жеткирип, ушул жерде маанилүү маселелерди талкууласак деген ой менен чакырылып жатат.

Курултайдын чакырылышы боюнча былтыр декабрдын аягында жарыяланган, андан бери туура 4 ай өттү. Бул курултайдын чечими юридикалык сөзсүз түрдө бирөө аткара турган милдеттендирилүүчү күчкө ээ эмес. Конституцияда “Элдик курултай дагы сунуш берүү иретинде гана чечим кабыл алат” деп көрсөтүлгөн. Бул курултайдын чечиминин моралдык, саясий күчү бар, ошондуктан бийлик тынчсызданып, 2-3 айдан бери буга реакция жасап отурат.

Биз курултайда бийликке, бүгүнкү кырдаалга баа бердик. Канчалык биздин укугубуз бар? “Ата мекен” социалисттик партиясына 230 миңден ашык добуш берди деп бийлик ыраа көргөн цифра ошол. Ал эми иш жүзүндө декабрда биз нече эсе көп добуш алгандыгыбызды билебиз. Муну телекөрүүчүлөр дагы билет. Ошол эле сузактык туугандар 2000-жылы “Ата мекен” социалисттик партиясына Сузактын 40 пайызга жакын шайлоочулары добуш бергенин билет. Ошол эле сузактык туугандар 2000-жылдын күзүндө болгон президенттик шайлоодо “Ата мекен” социалисттик партиясынын кандидатурасына жарымынан көбү 70-80 пайызга чейин добуш бергендигин билишет. Бирок жыйынтыгы ал кезде дагы бурмаланган. Былтыр декабрда өткөн парламенттик шайлоо дагы бурмаланды.

Биздин добуштар уурдалды. Бирок ошого карабастан биз жадакалса официалдык алган жүз миңдеген шайлоочулардын атынан дагы парламентке кирбей калган элдин өкүлдөрү, парламентте айтылбай калган ойдун, пикирдин өкүлү катары курултайды чакырып альтернативалык, “Ак жол” сунуштаган программаны эмес, башкача программаны, башкача көз карашты айткан ойлорду айтыш үчүн биз элдик курултайды өткөрдүк.



Кубат Оторбаев: -Азыр Марат мырза бир маселени айтып өттү, сиздер оппозициялык көз караштагы адамдарды гана топтобой, балким “Ак жолдун” дагы колдоочуларын чакырсаңар, ошондо балким чыныгы кыргыз элинин пикирин билдирет беле деген?

Марат Кайыпов: -Тарыхта кыргыздар орчундуу маселе болгондо курултай чакырып келген. Мамлекеттин тагдырын чечиш керек болгондо, же болбосо мамлекеттин башкарып турган кишинин тагдырын чечиш керек болгондо, же ушуга окшогон улуттун негизги кызыкчылыгын коргой турган, же элдик маселени чече турганда.

Кубат Оторбаев: -Марат мырза, азыр ошондой кырдаал түзүлдү деп ойлойсузбу? Мисалы бул жерде резолюция кабыл алган чечимдерде айтылып атат “экономикада акыбал оор, энергетика тармагында күн сайын түнү менен электр жарыгын өчүрүп атышат, саясий жактан алганда кыргыз-казак чегарасы боюнча, пансионаттар боюнча алганда деле жагдай жакшы эмес” деген пикир айтылды? Сиз ушулар менен макул боло аласызбы, же бизде өкмөттө иш жакшы жүрүп атабы?

Марат Кайыпов: -Анда азыр кабыл алынган резолюция жөнүндө сөз кылалы. Биринчиден, адегенде эле өкмөткө ишеним көрсөтпөй атышат. Мына ушул өкмөткө баа берүү, өкмөт жарабайт деген укукту курултайга бердиби, дагы бир маселе туулат.

Кубат Оторбаев: -Ким бериш керек укукту?

Марат Кайыпов: -Парламент берет да. Өкмөт жарабайт, иштей албайт деген функция бул парламенттин негизги милдети. Булар кечээ шайлоодо парламентке өтпөй калды, туурабы? Мына, эми айтып атат, “мынча-тигинче добуш алгам” деп. Бирок бизде эки негизи босого, беш пайыздык жана 0,5 пайыздык деген да босого бар эле. Экинчисин аттай албай калып, парламентке жете албай калып эле анан “мынча добуш алдым” деп ыйлай берген болбойт.

Кубат Оторбаев: -Шайлоо таза өттү деп ойлойсузбу?

Марат Кайыпов: -Албетте шайлоо таза өткөн. Таза өткөн үчүн азыркы парламент иштеп атат. Маселе башка жагында: курултай, ооба сунуш кылып бийликке, бул-бул маселеңерди карагыла, бул туура эмес, бул туура деп айтканга укуктуу. Бирок башка бир мамлекеттин функциясына кирген маселени түрткөн менимче туура эмес.

Экинчи маселе, экономика жөнүндө сөз кылдыңыз. Эсиңизде болсо керек, президент Германиядан дарыланып келгенден кийин биринчи жолу чогулуш кылганда эмне жөнүндө чогулуш кылды? Кудум ушул экономика жөнүндө сөз кылды. Анын ичинде эмнени биринчи жолу козгоду? Мына ушул курултайда биздин оппозиция айтып аткан дүйнөлүк кризис эмнеден башталып атат, дүйнөлүк инфляциялык процесс жүрүп атат, мына ошого даяр болгула, деп өкмөткө тапшырма берген. Тапшырма берип атса деле, президент менен өкмөт бул маселелерди контролго алып иштеп жатса деле, “жок, каралбай атат” деп каралоо менен алек болуп атат оппозиция.

Андан тышкары резолюция жөнүндө сөз кыла турган болсок, мен айтаар элем, кээ бир учурда пастык деп, мына ошол резолюциянын пастыгын айталы. Чудинов Кыргыз Республикасынын атуулу, ошого асылып дагы резолюция кабыл алышпадыбы, Кыргыз Республикасынын премьер-министри кылып муну дайындаган туура эмес деп. Ооба тилди билиш керек. Ал киши үйрөнүп атат, менимче жакында сүйлөйт, ошондо кыргызча сүйлөбөгөн кыргыздарды уят кылат.



Кубат Оторбаев: -Өмүрбек мырза, мына 2-3 принципиалдуу маселелер айтылды. Биринчиси, “Ата мекен” партиясы шайлоодон утулган деди, экинчиден, өкмөт жасап аткан иштерге, анан парламенттин өзүнүн укуктарына, милдеттерине аралашып, кийлигишип атат деген пикир айтылды.

Өмүрбек Текебаев: -Биринчиден, пастык деген маселе боюнча, курултайдын чечиминде Чудинов жөнүндө эч кандай сөз жок. Экинчиден, урматтуу жердештер, урматтуу атуулдар, кыргыз өкмөтүнүн сиздерге болгон мамилесин, сиздердин укугуңуздарга берген баасын уктуңуздар. Сиздер өкмөткө дагы, айыл өкмөтүнө дагы, майда чиновникке дагы баа бергенге укугуңар жок экен. Ал эми биздин Конституцияда ар бир жаран жыйналып алып чогулуш, курултай, митинг өткөрүп бийликке, мамлекеттик жана жергиликтүү бийликтин ишине баа бергенге, сунуштаганга укугу бар деп отурат.

Адамды айбандан айырмалаган бир гана укугу бар, ал бири-бири менен эркин баарлашып, сүйлөшүп отуруп, түз кеңешип, бир чечимге келе алат. Демек бүгүнкү кыргыз өкмөтү бизге адамды айбандан айырмалаган укугубузду, сүйлөшүүгө, баарлашууга болгон укугубузду бизге танып, бизге бергиси келбей атат. Ал эми курултай уюм катары, ар бир гражданин катары, ар бир жыйналыш катары бизди кызыктырган ар кандай маселени талкуулап, өзүбүздүн пикирди айтканга мүмкүндүк берет. Ал пикирди угабы, укпайбы, бул мамлекеттин, мамлекеттик чиновниктердин иши. Алардын ишине баа берген - бул элдин фундаменталдык укугу. Мына ушул негизде гана мамлекеттин, коомдун турмушу, коомдук система түзүлгөн. Муну менин оюмча танган бүгүнкү өкмөткө жакшы пикир алып келбейт.

Кубат Оторбаев: -Өмүрбек мырза, 2005-жылдын 24-мартындагы окуялардан кийин дагы “ушул бийликке келе турган адамдар өздөрү даяр болуш керек экен, системаны өзгөртүш керек экен, программасы болуш керек экен” деген пикирлер туула баштады. Сиздер азыр оппозиция элдик курултайды өткөрдүңүздөр, сиздердин колуңуздарда азыркы өкмөттөн дагы, азыркы президенттен да мыкты иштей турган, жол көрсөтө турган концепция, программалар барбы?

Өмүрбек Текебаев: -Андай программабыз бар, андай ой-пикирлерибизди биз 15-20 жылдан бери айтып келип отурабыз, жөн гана айтып келбестен, алар мыйзамдын деңгээлине чейин иштелип чыгып, сунушталган, кээ бирлери өткөн, күчүндө. Мына ошол күчүндөгү мыйзамдар аткарылбай атат, тескерисинче аны өкмөт четке чыгарган атат.

Мисалы, Токтогул каскадындагы ГЭСтер кол тийгис, мамлекеттин менчиги деген мыйзамды өкмөттүн сунушу менен Жогорку Кеңеш жакында жокко чырган атат. Бул аны сатканга жол ачып берет. Мурун элдин мүлкүн саткан үчүн стратегиялык объекттерди Жогорку Кеңештен өкмөт уруксат алыш керек дегенбиз, азыркы өкмөт сунуш киргизип атат, “жок, муну Чудинов эле сата берсе, бул социалдык-экономикалык программага кирбейт” деп, аны Жогорку Кеңештин көзөмөлүнөн, “Ак жолдун” көзөмөлүнөн чыгарып, ошолорго да ишенбей атат. Анткени ал жерден сөз чыгып кетип, уурулуктун башы ачылып калышы мүмкүн деген ой менен өкмөткө алып берген атат. Ушул сунуштар, ушул мыйзамдар эмне саясат эмеспи, бул программа эмеспи?

Менин оюмча, оппозициянын программасы жок деген бул жөнөкөй эле бет тырмачылык сөз. Ар кандай партиянын өзүнүн көз карашына, өзүнүн принциптерине ылайык программалары бар.



Кубат Оторбаев: -Марат мырза, сиз ушул мыйзамдарга көзөмөл кылган, мыйзамды сыйлаган министрликтин жетекчиси катары айтсаңыз, Горький эстелигинин жанындагы аянтты пикет, митингдер үчүн атайын бөлдү эле. Макул, Бишкек мэриясынын кабыл алган токтому канчалык Конституцияга туура келет, туура келбейт деген өзүнчө маселе. Ошол жерге барганда курултайдын катышуучулары сөз сүйлөйбүз дегенде, ошол жерге Бишкектин мэри Данияр Үсөнов барып, микрофондорун тартып алып сөз сүйлөтпөй койду. Бул канчалык деңгээлде мыйзамга, адам укуткарын сактоого карама-каршы, же туура келет?

Марат Кайыпов: -Мен биринчи сизден угуп атам, мэр өзү баш болуп барып микрофонду алып алганын. Мүмкүн мыйзамдын чегинде убагында кайрылышкан эместир, Горький скверинде биз ушундай митинг өткөрөбүз, деп.

Кубат Оторбаев: -Мен сизге жагдайды түшүндүрүп коеюн. Кайрылышкан экен, бирок сүйлөйт деп көргөзүлгөн эмес деди. Юрист катары айтсаңыз, ушул канчалык туура?

Марат Кайыпов: -Митинг жана пикет жөнүндөгү мыйзамдарды ала турган болсок, бул мыйзамдарга биз кескиндүү түрдө өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек. Бийлик митинг өткөргөн кишиге дагы, митингге каршы болгон кишиге дагы, кайдыгер кишиге дагы, каршы пикет өткөргөн кишилерге дагы тең болуш керек, бирдей шарт түзүп бериши керек. Мына ошол эле Горький скверине эгерде мыйзам түрүндө капыс эки тарап бир күндө митинг өткөрөм деп атса, бири-бирине карама каршы болсо, бийлик кандай чечим кабыл алыш керек? Ошол жерден бир скверге эки карама-каршы келген партиянын өкүлдөрү, тараптары келип алып туруп пикет өткөрөбүз десе, бийлик тартипти сактап бере алабы? Мына ушул маселе мыйзамда чечилген жок. Экинчи маселе жүрүш боюнча.

Кубат Оторбаев: -Ошол мыйзам качан даярдалат?

Марат Кайыпов: -Бул мыйзамды мен адилет министри катары биздин укук коргоо жетекчилери бар го, Азиза Абдрасулова, Төлөйкан Исмаиловалар, ошолорду чакырып, алардын иштелип чыккан долбоору бар экен, депутат Жураевде деп айтышты алар,ошол депутат менен чогулуп иштейли дегем. Ушул убакка чейин же алар жок, же мыйзам кайда экени белгисиз. Бирок оппозиция аркылуу даярдалган. Мына ушулардын бардыгын тариздеген мыйзамдын долбоору бар экен депутаттарда.

Мен ойлойм, депутаттар бир күнү комитеттен карардын алдында, бул абдан орчундуу мыйзам, мүмкүн парламенттик коомдук угуу уюштураттыр, мына ошол учурда биз өзүбүздүн салымыбызды кошобуз деп. Бирок бизди туура түшүнгүлө, эгерде азыр Адилет министрлиги менен иштеп чыгып, мына ушундай кылыш керек деп сунуш кыла турган болсок, эртең Өмүрбек Чиркешович баш болуп, же башка оппозициянын жетекчилери баш болуп сөзсүз каршы чыгышат, мына дагы оздуктоо башталды деп.

Менимче депутаттар өздөрү коомдук укук коргоо уюмдары аркылуу эл аралык уюмдар менен бирге бул мыйзамды иштеп чыгып, анан легитимдүү болуш үчүн буларды дагы чакырып, катыштырып, угуп, анан кабыл алсак жакшы болот эле. Маселе мында турат: бир аз мурун Өмүрбек Чиркешович айтып кетпедиби, бийликке айтканга ар бир адамдын укугу бар деп, мына ошол укукту ишке ашырыш үчүн биз мыйзамга жол беришибиз керек. Анан жанагыдай бир мамлекеттик органдын укугу турса, паралелдүү башка бир орган ошол эле Конституциялык органды түзүп алып туруп, аны басмырлай берсек, анда биз мамлекеттүүлүктөн ажырап калабыз да, бийликти тебелеп коебуз, анда бийликтин аброю жок болот.

Кубат Оторбаев: -Өмүрбек мырза, ушул эле маселе боюнча сиздер кандай пикирдесиз? Мына “Мен ишенбейм” кыймылынын айрым өкүлдөрү дагы сот жообуна тартылып атат, анан облустук Кеңештер дагы жер-жерлерде кайсы жерде митинг өткөрүш керек деген нерсени ички мыйзамдар менен тактай баштады.

Өмүрбек Текебаев: -Биринчиден, закон барбы – жокпу, Конституция түз аракеттеги документ. Бул жердеги адамдардын фундаменталдуу укуктары камсыз болуш керек. Экинчиден, андай закон бар, аны эч ким жокко чыгарган жок, ал иштеп жатат кемчиликтерине карабастан.

Үчүнчүдөн, чын эле Конституцияда мындай иш чаралардын шарты жана тартиби атайын закон менен аныкталат деп турат. Бирок эмне үчүн шаардык Кеңеш закон алганга укугу жок болсо дагы, тартиби менен шартын аныктап, шаардын эки жеринде гана точкасын көрсөтүп койду? Марат мырза айткандай, он уюм митинг өткөрөбүз деп калса, анан бир жерди көрсөтүп койсо, башка жактан бере албайбыз деген шылтоо менен баарына жокко чыгарат экен да.

Экинчиден, Жалалабатты “революциянын бешиги” деп жүрөбүз. Мындан кийин жалалабаттыктар шаардык Кеңештин мыйзамсыз, Конституцияга, логикага туура келбеген чечими менен шаардын четиндеги ипподромдорго барып гана тигил, же бул маселелерди талкууласа болот экен. Мисалы, Казакстанга берилген 4 пансионат жөнүндө жалалабаттык туугандар ипподромдого гана барып пикир алмаша алышат. Мына ушул мыйзамсыз чечимдер жаңылышпасам, сиз жетектеген Адилет министрлигинен катталып жаткан болуш керек, кандай дейсиз?

Марат Кайыпов: -Сиз айтып атасыз мыйзамсыз деп.

Өмүрбек Текебаев: -Жок, мыйзам менен гана чектелет, аныкталат деп турбайбы.

Кубат Оторбаев: -Мен билгенден Адилет министрлиги бир жыйынында ошондой тапшырма берген, жер-жерлерде каттоодон алгыла, ушундай киргизилсин деп, туурабы?

Марат Кайыпов: -Жанагы эле мен сизге айтып берген логика. Эки карама каршы партия бир жерден пикет өткөрөм деп кала турган болсо бийлик тегиз болуш керек деп атпаймбы. Ошондой калыс болуш үчүн бийлик атайын өткөрө турган жер уюштуруп бериш керек. Мына ошол жердин бири мүмкүн Жалалабатта ипподромдо, бири Бишкекте.

Өмүрбек Текебаев: -Жүз партиянын барын Бишкекке, анан бир Горький аянтына келсин десе тескерисинче кылып атпайбы.

Марат Кайыпов: -Аша чаппаңыздар, жүз партия эч убакта бир убакта, бир жерде пикет өткөрөм деп чыкпайт да. Шаардын мэриясынын чечими жөнүндө сөз кыла турган болсок, атайын өзүнүн чечиминде алар пикет, митинг өткөргөнгө шарт түзүп беребиз, керек болсо микрофон коюп беребиз деп эки эмес, үч, же төрт жерде аныктаган менин билишимче, элдин көптүгүнө жараша.



Кубат Оторбаев: -Бир маселе: бизде оппозиция барбы, же жокпу деген пикирлер айтылып атат кийинки кездерде. Мына элдик курултайдын өтүшү бул оппозициянын жанданышын билдиреби, дегеле оппозиция тирүүбү бизде?

Өмүрбек Текебаев: -Оппозиция жок деп ким айтты?

Кубат Оторбаев: -Ошондой сөздөр болду, оппозиция алсыз дейт?

Өмүрбек Текебаев: -Оппозиция демократиялык өлкөдө сөзсүз болот. Демократиялык эмес өлкөлөрдө да болот, алар же чет элге качып кетишет, же куралданган оппозиция подпольеге өтүп кетет. Тиричилик, турмуш болгондон кийин тигил же бул маселеге адамдардын башка көз караштары болот. Башка көз караш - бул оппозиция деп аталат. Ал эми алар уюшулуп, саясий аренага чыгып калса, бул саясий партиялык формага өткөн оппозиция деп эсептелет. Бизде андай жүздөн ашык каттоодон өткөн партиялар бар. Алардын бир тобу өзүнүн оппозициялык көз карашын билдиришкен. Оппозиция бар, ал жетишээрлик, күчтүү.

Кубат Оторбаев: -Марат мырза, мына Эдил Байсалов, Урмат Барктабасов, Равшан Жээнбеков, Кайрат Биримкулов, Турат Бектенов деген саясий ишмерлер, айрымдары болсо журналисттер сыртка чыгып кетишти. Адилет Айтикеев, Өмүрбек Абдрахмановго байланыштуу кылмыш иштери болсо жабыла элек. Кыргызстанда саясий куугунтук барбы, жокпу?

Марат Кайыпов: - Кыргызстанда саясий куугунтук жок. Сиз эсептеген кишилердин баардыгы сыртка чыгып кетти, Кыргызстандан качып, саясий куугунтуктоо болгон үчүн кетип калган деп сурооңузду ушундай берип атасыз. Андай эмес. Ала турган болсок, Равшан Жээнбеков Малазияда элчи болуп иштеп жүргөн. Мен билгенден президентке келип арызын берген. Себеби ал чогулушка мен катышкам. Равшан Жээнбеков өзү трибунадан чыгып, элчилер менен болгон чогулушта сүйлөгөн. Элчилер айта албайт, кемчиликтер бар, мен айтайын, урматтуу президент, сиз мага уруксат бердиңиз, себеби мен Америкага окууга кетип атам деп. Мен билгенден Равшан Жээнбеков азыр Америкада окуп жүрөт. Анан ал саясий куугунтуктоо, кетип калды дегенге мен каршымын. Ошол жактан өзүнүн сын-пикирлерин айтып жүрөт.

Экинчиси, Барктабасов жөнүндө сөз кылдыңыз. Мен билгенден Барктабасовдун күнөөсү далилденип, ал эл аралык издөөгө жарыя болгон. Себеби Акүйдү жай айында элди уюштуруп алганы, ошонун жетекчилеринин бири Барктабасов экени кылмыш иши тергелгенде аныкталган. Буюрса, аны биздин укук коргоо органдарыбыз, же биз менен кызматташкан башка укук коргоо органдары кармаса, алып келебиз, камайбыз. Анан сот чечим чыгарат күнөөлүү бекен, же күнөөлүү эмес бекен деп. Эгер капыс күнөөлүү эмес болуп калса актайт, анда эркин жүрө берсин. Күнөөлүү болсо анда кылмыш иши боюнча аны күнөөлүү деп табат да жазасын берет.



Кубат Оторбаев: -Марат мырза, резолюцияга кайра келели, өкмөт кандайдыр бир реакция жасайбы, же ушул айтылган айтылган бойдон эле калабы ошол жерде?

Марат Кайыпов: -Резолюция 12синде кабыл алынбадыбы, ал боюнча биз өкмөттүн мүчөлөрү чогулганда сүйлөшүп көрөбүз. Биздин график боюнча мен билгенден 20-апрелде өкмөттүн жыйыны болот, ошондо чогулуп, мүмкүн талкуулап да көрөбүз, курултай кантсе да болду, өттү, жооп берип коелубу, кандай кылалы деп. Резолюция жөнүндө көп сын айтса болот, бул көп пункттан турган документ турбайбы. Анын ичинен таптакыр эле кабыл албай четке кагып кое турган пункттары бар. Бирок элге кайрылуу жасашыптыр, мен “Азаттыктын” сайтыңардан окудум бүгүн эртең менен. Ошол кайрылуу мындайча айтканда оппозициясынын кимиси түзгөн, кыргызча жазган, кыргыз үчүн күйгөн бирөөсү түзсө керек. Ошол кайрылуусунун маңызы мага жакты. Биздин азыркы бийлик алып бараткан саясатка жакын, “эл үчүн, элдин ынтымагы, Кыргызстандын келечеги, кыргыз мамлекетинин мамлекеттүүлүгүн сактап калыш үчүн” деген ураандар бар экен. Ушул курултайдын элге болгон кайрылуусына мен ыраазы болдум.

Кубат Оторбаев: -Өмүрбек мырза, резолюцияда эң акыркы пунктунда айтылып атат, эгер коюлган талаптар аткарылбаса, жалпы өлкө боюнча жарандык моюн сунбоо деп. Митинг, ар кандай нааразычылык акцияларды уюштурууну баштайбыз деген пикир. Бул мурдагы митингдерден эмнеси менен айырмаланышы мүмкүн, акыры бул эмнеге алып барат?

Өмүрбек Текебаев: -Бул курултайдын катышуучуларынын ою. Бул акциялар мен ойлойм мыйзам чегинде өтөт. Оппозиция ушул кезге чейин өткөргөн иш-чараларынын бардыгын мыйзам сактагандыгын көргөзгөн. Мен ойлойм жүздөгөн жылдардан бери сыналган чара. Эгерде бийлик укпаса, көрбөсө, ар шайлоо сайын эле добушту, элдин үмүтүн, элдин келечегин уурдап ала берсе, мен жана мисал келтирип айттым, 2000-жылдан баштап азыркыга чейин.

Кубат Оторбаев: -Шайлоо таза өттү деди?

Өмүрбек Текебаев: -Эми аны шайлоочулар, эл көрүп турат, өзүлөрү баа берет. Биз менен өкмөттүн айырмасын эл өзү таразалап, өзү чечиш керек. Мен аны бул жерден далилдеп отургум келбейт. Тогузунчу пункта жөнөкөй атуулдун фундаменталдуу укугу көргөзүлгөн, эгер ал саясатка нааразы болсо, өз пикирин билдирсе массалык ар кандай саясий талаптар менен акцияларды уюштурса болот деген. Биз ошол укугубузду зарыл болгон учурда колдонобуз деген чечкиндүү оюбуз бар.



Кубат Оторбаев: - Кыргыз-казак чегарасы, анан Ысыккөлдүн жээгиндеги төрт пансионат боюнча сиздер кандай пикирдесиздер? Өмүрбек мырза, сиз көп жыл парламентте иштедиңиз, бул парламенттин өткөн жумада жанагыдай кабыл алган чечимдерине кандай баа бересиз??

Өмүрбек Текебаев: -Мен жеке парламенттин бул чечимин колдой албайм. Парламенттин бул чечимин биз эбактан 15 жылдан бери жүргүзүлүп келаткан жүгүнүүчүлүк, жагынуучулук саясаттын уландысы деп билебиз. Биз өз мамлекетибиздин кызыкчылыгын койгондон тартынбашыбыз керек. Ал бардык коңшулар, дүйнөлүк коомчулук менен түшүнүү менен кабыл алынат. Анткени дүйнө ушундай негизде түзүлгөн.

Биздин өкмөттүн позициясы мага жакпайт. Өкмөт мүчөсү, президент, баары баш болуп айтат, “кокуй, төрт пансионатты бербесек болбойт, ал казак туугандардын акчасына курулган да” деп, эптеп бурмалап, элди алдап, берип жибергенге аракет кылат. Бизде келишим бар, “нулевой вариант” деген келишим, ал боюнча 90-жылы мамлекеттер эркин көз каранды эмес болгон учурдан баштап, аймакта эмне турса, ошонун баары, учак, танк, банктын каттоосундагы акчалар баары ошол мамлекеттин менчиги болуп калат деген келишим кабыл алынган. Ошол боюнча Кыргызстандын аймагындагы бүт объектилер Кыргызстандын менчиги.

Туура, учактар учуп чыгып кетти, танктар жылып чыгып кетти, көп буюмдарыбыз кетти. Бирок 15 жыл өтсө дагы биз ошол 4 пансионатты өзүбүздүн менчигибизге ала элекпиз. Бул боюнча легендарлуу парламенттин 92-жылкы 16-декабрдагы токтому бар. 1992-жылы Бишкекте КМШ өлкөлөрү келишимге кол койгондо дагы Кыргызстан ушул курорттук рекрациялык объектилерге кол койбой койгон.

Ошол кездеги парламент, ошол кездеги өкмөт патриоттуу болгон. Аны алар туура эмес деп чечкен. Биз жаман көрүп, сындап жүргөн Танаев 2002-жылдын 18-январында №20 КР деген токому бар экен, буларды тезинен Кыргызстанга алыш керек деген чечим чыгарган. А биз алгандын ордуна, биздики деп алып туруп, анан казак тууганга сатсак да, белек кылсак да болмок. Анын ордуна биз жок, бул биздики эмес, казак туугандардын акчасына курулган деп элдин көзүн бурмалаганга аракет кылып жатабыз. Менин оюмча бул туура эмес саясат.

Кубат Оторбаев: -Марат мырза, сиз дагы министр катары баа бердиңиздер да, колуңуздарды койдуңуздар жанагы мыйзам киргизилип атканда, менин оюмча. Мисалы, төрт пансионат боюнча азыр пикир айтылды...

Марат Кайыпов: -Пансионаттар боюнча сөз кыла турган болсок, биздин оппозицияга мен таңкалам. Башка мамлекеттер, башка мамлекеттин өкмөтү, оппозициясы баш болуп өлкөсүнө канчалык көп акчаны киргизгенге, айланайындар келгиле, кургула, силердин менчигиңер болот, мына ушуну ушул жерге куруп калтырып кеткиле, биздин кишилер иштесин деп шарт түзөт да, аракет кылышат. А биздикилер болсо жарышып эле кыйкырып жатып калышат.

Башка мамлекетти айтпайын, Түркия менен Эмират жөнүндө сөз кылалычы, бири араб мамлекети, экичиси өзүбүздүн эле бир тууган түрк эли. Кайсы жерине барсаң чет элдик инвесторлор курган пансионаттар, дүкөндөр, отелдер, заводдор, фабрикалар бар. Аны арабдар менин менчигим деп жасап алышпайт. Биз ошондой шарт түзөлү деп атабыз. Кудум ошол дагы энергетика тармагы боюнча.

Мына орустарда жакшы сөз бар, “собака на сене” деп коет, мага да эмес, сага да эмес деп жата беришкен ушул убака чейин. Жыйынтыгында эмне болду? Мына, 15 жыл өтүп баратат эгемендүүлүк алганыбызга, бир ГЭСти куруштубу? Мына, Өмүрбек Чиркешович ар дайым парламентте мүчө болуп жүрдү, бир ГЭСти курганга, бир тыйын инвестиция келгенге шарт түзүштүбү?

Кыргызстандын акчасы жок, өзүбүз куралбайбыз, башка бирөөнү чакыралы десек, макул ортоктошолу дейт. Мен курган нерсени силер мамлекеттештирип коет турбайсыңарбы, мен курган нерсеме мен ээ болойун да дейт. Анан ошого шарт түзүш үчүн биз мыйзам жазышыбыз керекпи? Ооба, ошондой мыйзамдар бизге өткөн, биз жактырып сунуш кылганбыз. Буюрса, ушундай мыйзамдар өткөндөн кийин биздин экономика кескин түрдө алдыга жылат.

Мына, ошондон коркуп атышат булар. Шашылып курултай чакырып, өкмөт болбойт, президент болбойт, Конституция болбойт деген да ушундан. Ошол эле Конституцияны азыр окуп, мына курултай Конституциянын негизинде өттү деп атат, анан окуп алып ушул Конституциянын негизинде курултай өткөрүп алышат дагы, анан бул Конституция жарайт дейт, анан аларга кантип түшүнөсүң?

Өмүрбек Текебаев: -Биринчиден, бул Конституция, анысы жок дагы биз курултай, жыйналыш өткөрсөк болот. Ал бардык Конституцияларда жазылган.

Марат Кайыпов: -Ушуга таянып алып өткөрдүңөр да. Силердин төрагаңар Абдыганы Эркебаевдин сөзүн мен өз кулагым менен уктум “Азаттыктан”. Айтып атпайбы, мына биз мактанып койсок болот, Конституциялык орган курултай Конституцияда жазылган, ушул Конституциянын негизинде биз өткөрүп атабыз, демек биздики мыйзамдуу деп. Анан ошол эле убакта резолюция кабыл алып, жок бул Конституцияңар болбойт, муну жокко чыгарыш керек дейт. Кантип түшүнсө болот ушундай жыйынтыкты?

Кубат Оторбаев: -Марат мырза, жанагы төрт пансионаттан түшкөн салыктын бардыгы Кыргызстандын казнасына түшөбү?

Марат Кайыпов: -Сөзсүз, салыктын бардыгы Кыргызстанга түшөт. Бул жерде биздин кандай утушубуз бар? Биринчиден, биз кыргыз элине жумушчу орун түзүп берип атабызбы, биз ошол пансионаттар жакшы иштесе ал пансионаттардан салык алабызбы, аны биздин өкмөттүн бюджетине түшүрүп, элибизге кандайдыр бир шарт түзүп беребизби. Үчүнчүдөн, эгерде биз сеники эмес, же меники эмес деп жүрө бере турган болсок, чын-чынына келгенде алар муну баарыбир деле иштетип жүрүшөт. Келишимдин негизинде бир шарт түзүшүбүз керек да.

Өмүрбек Текебаев: -Кыргызстанда 60тан ашык чет элдиктердин пансионаты бар. Алар дагы келип 10-20 кабат курсун, ага эч ким каршы болгон жок. Биз өзүбүздүн буюмду өзүбүздүкү деп туруп, эл катары казак туугандар келип сатып алсын, мейли аны биз белек кылып берели, падышалык белек кылып берели. Бирок ошону өзүбүздүкү деп айтышыбыз керек да. Бүт эл аралык документтерде кыргыздыкы деп турса, бул биздики эмес, кокуй казактар курган, аларды бербей койсок болбойт деп өкмөт мүчөсү айтып атат.

Марат Кайыпов: -Инвестициялык келишимде бар да ошондой. Аны окубай эле силер четке кагып атпайсыңарбы. Инвестициялык келишимде мындай деп айтылган: “Эгерде пансионат Казакстандын менчигине өтө турган болсо, казактар ушул пансионатка Кыргызстанга мынчалык салым кошот” деп. Анан эле кетти эле, кетти деп атасыңар.

Өмүрбек Текебаев: -Угуп туруңуз. Пансионат бүткүл эл аралык документтер боюнча, биздин мыйзам боюнча биздики. 1992-жылдан бери бардык өкмөт, эки президент коркушуп, аны биздин баланска алып, биздин менчик деп жарыялай албай келип атат. Казакстандан биз буудай алып келсек, ырахмат казак туугандарга, бизге буудай гумжардам берди дейбиз, өзбектер эски арматурасын берсе, өзбек туугандар бизге арматура берди, гумжардам дейбиз. А биз өзүбүздүкүн өзүбүздүкү деп туруп, мейли сага казак тууганым ошол сен берген даныңдын ордуна муну бердик деп туруп тең ата болуп сүйлөшүш керек.

Марат Кайыпов: -Тең ата болуп сүйлөшкөн үчүн эл аралык келишимге кол коюлду, ратификация болуп атат.

Өмүрбек Текебаев: -Силердин өкмөтүңөр тең ата болуп сүйлөшкөндүн ордуна элди коркутат. Эгерде биз ушул өзүбүздүн пансионатыбызды өзүбүздүкү деп айтсак, казак туугандар ал жерде иштеп жүргөн кыргыздарды кууп жиберет, данын, көмүрүн бербей коет деп коркутуп атасыңар. Бул эмне деген саясат?!

Марат Кайыпов: -Бакылдай берет экенсиз.

Өмүрбек Текебаев: -Бакылдай бербей эле.

Кубат Оторбаев: -Сиздерге ырахмат.
XS
SM
MD
LG