Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:53

“ЫҢГАЙСЫЗ СУРООЛОР” Улуттук сыналгы каналга батпай калды


“Азаттык” үналгысы менен Улуттук сыналгы каналы (УТРК) биргелешип даярдап келе жаткан <a class="content_link" href=http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/2721B235-BBAD-4A75-93AF-2302846EC56C.asp"> “Ыңгайсыз суроолор”</a> телепрограммасы кечээ көрсөтүлгөн жок. Ага эмне себеп болгондугу жөнүндө Улуттук телеканалдын жетекчилиги азырынча түшүндүрмө берген жок. Бирок “Азаттыктын” угармандары соңку программага оппозициянын лидерлеринин бири, “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин катышкандыгынан улам бул берүү көрсөтүлгөн жок ко деп тынчсызданышууда.

Кечээ (шаршембиде) кечки саат тогуздан беш мүнөт өткөндө “Ыңгайсыз суроолор” көрсөтүүсүнүн жаңы чыгарылышын күткөн көрөрмандардын үмүтү акталбай, анын ордуна таптакыр башка берүүнү көрүүгө аргасыз болушту.

“Ыңгайсыз суроолор” сыналгы берүүсү бул жолу 12-апрелде оппозициянын демилгеси менен өткөн элдик курултай кабыл алган чечимдер жана аларды бийлик кандай кабыл алып, кандай жооп берээри, анын талаптарын ишке ашырууга аракет көрөбү деген суроого арналган эле.

Мындай суроолорго жооп берүү үчүн “Ата Мекен” социалисттик партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев менен адилет министри Марат Кайыпов чакырылып, маек абдан жандуу болуп, бийлик менен оппозициянын учурдагы мамилесин күзгү катары чагылдырган.

Бирок, эмнегедир, Кыргыз Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) жетекчилиги өз чечиминин себебин түшүндүрбөстөн, даярдалган берүүнү обого чыгарган жок.

УТРКдагы тиешелүү чыгармачыл топтун жетекчиси Жаркын Кенебаева гана Текебаев катышкан көрсөтүүнүн эфирге чыгаар-чыкпасы арсар экендигин бир күн мурун билдирген.

Ал эми “Ыңгайсыз сурооорду” күткөн соңку берүүнүн чыгарылбай калганынын себебин сурап, өз бааларын да беришти.

Анда алардын айрымдарынын пикирин уга кетели:

-Мен Кадыров Жакыпбек болом, Жалалабат шаарынан. Эки күндөн бери бүт баарыбыз күтүп жаткан элек. Кетирбей койгон болсо, демек КТР Акаевдин убагынан да жаман болуп калыптыр да! Сөз эркиндигине мындан ашкан чек болбойт, бул туура эмес. Кыргызстандын алга кетээрине эч кандай ишеним калган жок.

-Менин атым Бакыт, Бишкектен чалып жатам. Эмне болуп жаткандыгын билели дедик эле. Биз дагы радиодон анонсуңарды уккан элек. Менин оюмча, азыр оппозициянын аброю элдин арасында өсүп баратат. Анан бул бийликтин өтө кир саясаты да. Бул элди сыйлабагандыгы, эркиндикке, эгемендүүлүккө жана көпчүлүк элдин оюна, кызыкчылыгына түкүрүп койгондугу да!

-Мен Бакиров Ысакбек, Жалалабаттан чалып жатам. Саат тогуздан беш мүнөт өткөндөн баштап эле күтүп отурам. Текебаев менен министр Кайыпов чыгат дешкен, жок го? Ар жумада ушуну кызыгып, күтүп көрүп, маалыматтарды алчу элек. Эмнеге чыгарбай койгондугун түшүнбөйм. Эми оппозиция деп чыгарбай жатса керек...

-Осмонканова Жылдыз. Ысыккөл районунан чалып жатам. “Ыңгайсыз суроолорду” бүгүн күтүп атканбыз көрөлү деп, бирок берген жок. Ошонун себебин билели дедик элек. Өлкөдөгү кырдаал кичине начар болуп аткандыгына байланыштуу көргөзбөй калды го деп эле ойлоп жатам. Анан көлдө бир жактуу эле маалымат берилип жатат деген тынчсыздануу болуп жатат.

-Менин атым Бактыбек Асанбаев, Чолпоната шаарында жашайм. “Ыңгайсыз суроолорду” күтүп отуруп көрө албай жатабыз. Анткени, берилбей калды. Саясий жактан эле жаап, көргөзбөш үчун шылтоо кылып жатат го? Анткени, Текебаев менен Кайыпов чыгат деп реклама болбоду беле. Экөө тең курч маселени көтөрүшмөк!

-Атым Кенже, ай “Азаттык” угуп жатабы? Мен бейөкмөт уюмда иштейм. Бул бийликтин амалы да, амалы! Айтчулар көп бул жакта, муну атайын кылып жатат. Анын баарын айтыш керек!

-Мен Сейитбеков Советалымын. Ноокаттан болом. “Ыңгайсыз суроолордун” чыкпай калгандыгы тууралуу түштүк региондо нааразылык аябай көп.

Сыналгы берүүгө катышкан Өмүрбек Текебаев болсо көрсөтүүнүн эфирге эч түшүндүрмөсүз чыгарылбай калгандыгын бийликтин саясий көз караш үчүн кысымы деп баалады:

-Конкреттүү бир нече адамдын фамилиясы айтылып, алар Улуттук телеканалдан чыкпасын деп тыюу салынганын билгенбиз. Бирок ал шайлоо убагында жана андан кийин гана болсо керек деп ойлогом. Тилекке каршы, ал тыюу салуу ушул убакка чейин бар экен. Бул өлкөдө саясий цензура бар экендигинин далили. Бийлик элдин обьективдүү маалымат алышына, саясий окуяларга баа алышына каршы. Мен муну саясий цензуранын, саясий куугунтуктоонун, саясий басмырлоонун чектен чыккан үлгүсү катары белгилейм.

УТРКнын директорунун милдетин аткаруучу Мелис Эшимканов менен байланышуу аракетибизден шаршемби күнү эч майнап чыккан жок.

Бул күнү УТРКнын директорунун орун басары Эрнис Кыязов менен байланышканыбызда, ал расмий жоопту Мелис Эшимканов мырза гана берүүгө акылуу экендигин белгилеп, “Азаттыкка” тиешелүү жүйөсүн айтуудан баш тартты.

“Азаттык" үналгысы элдик ыңкылаптан соң жаңы деңгээлге көтөрүлгөн УТРК менен кызматташтыгын мындан ары да ырааттуу улантууга даяр экендигин үналгынын жетекчилиги билдирди. УТРКнын расмий жообу бизге дайын болгондо, аны да сиздерге өз маалында кабарламакчыбыз.
XS
SM
MD
LG