Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:18

Кыргыз коомчулугунда кызуу талкууланып жаткан электртармагын менчикке берүүнүн, баалардын өсүшү, кыргыз-казак чек арасындагы талаштуу маселенин жана Ысыккөлдөгү төрт пансионатты Казакстанга 49 жылга ижарага берүүнү тегерегиндеги “Азаттык” --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/04/2721B235-BBAD-4A75-93AF-2302846EC56C.ASP үналгысынын кабарчысы Кабыл Макештин айрым суроолоруна эркин журналист, экономист жана ишкер Кытайбек Романов жооп берди.

-Кытайбек мырза, жакындап баштап президент Бакиев өзү баш болуп казактарга Ысыккөлдөгү төрт пансионатты беришибиз керек, деген пикирлерди айта баштады. Аны болсо парламентте дагы айрым депутаттар колдоп жатышат. Ушул боюнча сиздин пикириңиз?

-1992-жылдары Союз таркап жаткан кезде, ошол союздук республикалардын келишиминин негизинде, кандай объект болсо дагы, ошол республиканын аймагында калган дагы, ошол республиканын менчигине калтырылган. Мына биздин Сибирде ондогон леспромхоздор бар болчу, булар орустарда калды. Отордун ары жагында Чүй облусунун малчылары кыштаган “Кыргызстан” деген совхозубуз бар эле. Бул казактарда калды, андан биз бир талды дагы алып чыккан жокпуз.

Ал эми ошол Казакстандагы Байкоңур космодрому, андан сырткары жүздөгөн, миңдеген танктар, учактар калды. Ошолордун бирөөн дагы казак тарап Орусияга берген жок. Эл аралык нормалар бар. Венгриядагы Болотон көлүнүн жээгин алсак, ошол сазды америкалыктар өздөштүрүп, 25 жылга гана, ошондо дагы түшкөн пайданы 50 пайыздан бөлушүп гана иштешти. 25 жылдан кийин ошол курулган пансионаттар, имараттар толугу менен Венгриянын менчигине өттү.

Адриатиканын жээгиндеги Югославия дагы эле ушул америкалыктардын жардамы менен өздөштүрүлдү. 25 жыл чогуу эксплуатация кылышты, пайданы жарым-жарымдан бөлүштү.

Кыргызстандын стратегиялык байлыктарын пайдалануу жөнүндө мыйзам кабыл алыш керек. Биздин алтын жана алтындан кымбат түстүү металлдарды казып алуу жана айтып өткөн Ысыккөлдүн жээктерин пайдалануу, андан кийин Бишкекке корок үйлөрүн куруу жана Бишкектеги жерлерди сатуу, анан гидроресурстарды колдонуу.

Панама каналы деле Панамага өттү. Ал кезде Панама начар мамлекет эле, Панама каналын курганга бир тыйын чыгара албайт эле да. Эми ошол Панама каналын пайдалангандан кийин америкалыктар берди, а Панама каналынын курулушу канчалык кыйынчылык алып келген? Суэц каналын дагы америкалыктар жана башкалар курушту. Ысыккөлдөгү казактардын пансионаттарынын мөөнөтү эчак бүткөн. Бул бизди өзүбүздү-өзүбүздү шылдыңдоо, мамлекеттик статусту жоготуп жатканыбыздын белгилеринин бири болуп эсептелет.



-Талас жакта, Каркырада дагы жерлерди казактарга берүү маселеси көтөрүлүп жатпайбы. Бул боюнча пикириңиз?

-Өкмөт тарабы айтып жатканда дагы бир топ чындыктар бар. Биз ошол Каркырадан баланча гектар көбүрөөк жер алганыбыз өзүбүзгө ыңгайлуу. Казактарга ыңгайлуу жагын бердик. Мына Гьергиевканын жанындагы жерлерден ушундай деп айтып жатышпайбы. Өкмөттүн ушундай сөздөрү ишенимдүү чыгып жатат. Биз эмне кылсак дагы, кандай кыйынчылык болсо дагы демаркацияны бүтүшүбүз керек. Бизге пайдасыз болуп калган күнү дагы бутүшүбүз керек. Чегаранын негизинде алар менен иш жүргүзөбүз.

-Конституцияда сиз айтып жаткандай жер байлыктары, жер астындагы, үстүндөгү байлыктар менчикке өтүшү мүмкүн, сатылышы мүмкүн деген статья кирип калбадыбы...

-Түшүнүп жатам. Бул өтө кооптуу маселе. Мындай маселенин Конституцияга кирип кетиши – кандайдыр бир зулумдун ошол ишти пайдалангысы келгендиги деп ойлойм. Эч качан кен байлыктар, жер байлыктары менчикке берилбеши керек. Биз ошол статьяны батыраак алып салбасак, бул сөзсүз жарандык согушка алып келиши ыктымал.

-Электр тармагын дагы менчикке бериш керек деп мунун тегерегинде сөздөр жүрүп жатпайбы. Буга пикириңиз кандай?

- Электр тармагын менчикке бериштин өзү иштете албай жатып, анан ошону айласын таппай аракет кылуу деп эсептейм. Мында анча-мынча чындыгы бар. Себеби биздин 40-50 пайыз электрэнергиябыз уурдалып кетүүдө. Ал эми ошол эле учурда өзүнүн себестоимости менен чет мамлекеттерге электр энергиясын сатып жатат. Башка мамлекеттерге бизге берген, элге берген соодалаган тыйындан 5-6 эсе кемирээк кылып берип жатканы, бул өзү ошол кыргыз мамлекетин чачкандык.

Экспорттогон электрэнергиябызды эле эл аралык нормалардын негизинде сатсак болот. Мына өзбектер газды көтөрүп эле келип жатпайбы. Мунайды деле дүйнөлүк баага жакындап калды. Кыргыздар эпетеп чыдап алып келүүдө. Ал эми биздин өзүбүздүн суубуз дагы, энергиябызды дагы ошол эл аралык нормалардын негизинде сатсак эле ишибиз оңолуп кетет эле.



“Нансыз адам жашай алат, суусуз жашай албайт”

-Азыркы учурда Токтогул суу сактагычында суу азайып калды деп жатат. Эми кийин Камбарата-1, 2 ГЭСтерин кургандан кийин суу маселесинен чыр чыгышы мүмкүнбү?

-Чыр чыгышы мүмкүн. Себеби өзбек, казак туугандарыбыз айтат да, силер сууну тосуп алып, бизге жибербей жатасыңар, ал мурда Кудай берген бардыгыбызга жалпы байлык. Жарым бааңарды жөн койгула, бизге агып кете берсин, биз өзүбүзчө пайдаланалы деген ушундай доомат коюп жатышат. Суунун башында турабыз. Нансыз адам жашай алат, 5-10 күн, суусуз жашай албайт. Ошол сууну пайдаланып, казактар дагы, өзбектер дагы бизге анча мынча өзүбүз утушубуз мүмкүн. Ошон үчүн дипломатия жолу менен алардын сууга болгон керектөөсүн пайдалануу менен өзүбүздүн ишибизге аларга уступкага барууга мажбурлоого болот эле.

-Экономикабыз өсүп жатат, өсүштөр болуп жатат деп айтып жатышат, сиз муну байкадыңызбы?

-Акаевдин убагындагыга караганда Бакиев көп эле иш жасады. Мен муну танбайм. Көп мектептер курулуп, жолдордун салынып жатканын биз көрүп жатабыз. Өзгөчө мектептерге бекер тамак берүүнү уюштуруп жатат, бирок начар кылып уюштурууда. Шапкесин бергендер иштеп кетип, балдардын ууланып калган себеби дагы ошондон.

Көзөмөлдөп, кыргызды эмгекке үйрөтүп, мыйзамга баш ийдирсек ишибиз оңолот эле. Бирок ушул эң башкы нерсе аксап жатат. Бизде калыстык деген, адилеттүүлүк деген жок. Ал эми калыстык менен адилеттүүлүк мамлекеттин эң негизги белгиси. Бир мамлекет таланды, бир соттолгон бир премьер-министр жок. Бул нормага айланып барууда.

-Маегиңизге ырахмат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG