Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

Косоволук партизандардын кылмышы жөнүндө далилдер жок


Балкандагы аскерий кылмыштарды иликтеген БУУнун Гаагадагы эксперттери 1998-1999-жылдары албандык партизандар өлтүргөн сербтердин ички органдарын сатышкан деген маалыматтарга далил жок экенин билдиришти.Тергөөнүн өкүлү Ольга Кавран кылмыш жасалган деп шектелген Албаниянын түндүгүндө болуп, бирок олуттуу далилдер табылбаганын билдирди. Эл аралык трибуналдын башкы прокурору Карле дель Понте өз китебинде андай кылмыштар тууралуу жазган. Ал эми БУУнун кызматкерлери 2002-2003-жылдары андай кылмыштар болуш ыктымалдыгы тууралуу Гаага трибуналына маалыматтарды берген.

XS
SM
MD
LG