Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:29

“ЖУРНАЛИСТТЕР”: УТРКдагы системаны түп тамырынан өзгөртүү абзел


Кечээ УТРК “Азаттык” үналгысынын ар шаршемби сайын обого чыгуучу “Ыңгайсыз суроолор” сыналгы берүүсүн обого чыгарган жок. Мына ушул маселе боюнча “Журналисттер” коомдук бирикмесинин координатору Мэри Бекешова “Азаттык” үналгысына маек куруп берди.

-“Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүнүн УТРК эфирине чыкпай калышына негизги себеп “Ата мекен” партиясынын төрагасы, белгилүү оппозиция лидерлеринин бири Өмүрбек Текебаевдин берүүгө катышканы болду, деген бейрасмий маалыматтар айтылган. Бул өтө чоң цензура болуп эсептелет, кандай дейсиз?

-Менин оюмча, мамлекеттик телеканал бийликтин кол алдында болуп турган кезде ушундай көрүнүштөр боло берет, ал мындан ары деле улана бермекчи. Себеби бардыгыбыз эле билгендей? Өмүрбек Чиркешовичтин кылып жаткан иштери бийликке жакпайт, бийликтин кызыкчылыгына туура келбейт, ал эми мамлекеттик телеканал болсо бийликтин кол алдында турат. Анын жетекчиси биздин президенттин указы менен дайындалып, анын каалоосу менен алынып, же кайра башка кишини алмаштырып коюга бардык укуктары бар ушул күндө. Ал эми ушундай шартта бийлик албетте өзүнүн саясатын жүргүзүүгө бардык аракетин жасай берет.

Мындай шартта “Азаттык” эмес, башка бардык КТР менен кызматташкан уюмдар деле бийликтин шартына көнүүгө туура келет. Себеби бул бийликти эл бийлиги деп айтууга болбойт. Анткени алар элдин кызыкчылыгын көздөгөн жок. Ал эми “Ыңгайсыз суроолордун” алынып салганы мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Албетте бул цензура. Ошондуктан биздин медиа уюмдар бардыгы тең эң башынан эле коомдук телеберүүнү жаратыш керек деп болгон аракетин кылып келүүдө.

- “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсү ушул УТРК менен биргелешкен долбоор болсо дагы, Кыргызстандын Мамлекеттик биринчи телеканалын аз дагы болсо баланстап турган берүүлөрдүн бири болчу. Анын үстүнө бул көрсөтүүгө “Ата мекен” партиясынын лидери жалгыз чыккан жок да. Аны менен кошо адилет министри Марат Кайыпов дагы чакырылып, бетме-бет талкууга катышпадыбы. Демек УТРК кандай адамдын колуна түшпөсүн, баары бир бийликтин сөзүнөн башканы айта албай турганы көрүнүп калды десе болобу?

-Албетте, УТРКнын жетекчилигине биз билген аябай кыйын профессионал адамдар келип жатат, эл бийлиги келиш керек деп мурдатан чаң салып, элди көтөрүп жүргөн адамдар келип жатат. Бирок бийлик баары бир эл бийлиги болмоюн УТРК бийликтин сөзүн сүйлөй берет экен. Ошондуктан бул системаны толугу менен өзгөртмөйүн мындай көрүнүштөр мындан ары дагы улана берет. Ошондуктан колдон келишинче, ушул маселенин өзүн чечүүнүн аракетин издебей, түпкү маселесин чечиш керек. Жетекчиликти шайлоонун жолун алмаштырыш керек.

-Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Замира Кожобаева, Бишкек.
XS
SM
MD
LG