Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:25

15:51 К.Осмоналиев: “Кыргызстанда диний уюмдардын саны абдан эле көбөйүп кетти”


Кыргыз өкмөтүнүн алдындагы Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасы Каныбек Осмоналиев бүгүн “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстанда диний уюмдар жөнүндө иштелип жаткан жаңы мыйзам долбоору быйыл күзүндө кабыл алынып калышы мүмкүн экенин айтты. Учурда өлкөдө 30 диний багыт боюнча 2158 уюм каттоодон өткөн. Каттоодон өтпөй жүргөндөрү да бар. К.Осмоналиевдин айтымында, Кыргызстан үчүн бул “абдан эле көп”. “Динге ишенүү эркиндиги жана Кыргызстандагы диний уюмдар” жөнүндөгү жаңы мыйзам долбоорунда уюмдардын каттоодон өтүү тартиби бир топ күчөтүлгөнү белгиленди. Диний агенттикте шаршемби күнү өлкөдөгү бир топ диний агымдардын жетекчилери менен жолугушуу өткөрүлгөн. Жаңы мыйзам долбоору ошол жолугушууда да каралды, дейт К.Осмоналиев. (TD)

XS
SM
MD
LG